"Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.
Студенттерди кайсы бир талапкерге добуш берүүгө үгүттөгөнү жазылган аудиону прокуратура териштирет.
Улуу манасчы тууралуу тасманын негизги бөлүгү Саякбай менен Чыңгыз Айтматовдун маегинен турат.
Үгүт өнөктүгү популярдуу ырчылар үчүн ири киреше табуунун булагы экени жашыруун эмес.
Бишкекте шаарында өтуп жаткан “Арт-Ордо” VI Эл аралык театр фестивалында театр сүйүүчүлөрдү Тажикстандык музыкалуу комедия театрынын “Лак жана Пак” спектакли кубантты. Музыка менен коштолгон шайыр чыгарманы көрүүчүлөр котормосуз эле түшүнүп, кызуу колдошту.
Бишкекте VI эл аралык “Арт-Ордо” театралдык фестивалы Ош мамлекеттик өзбек музыкалык-драма театрынын “Айкөл Манас” спектакли менен башталды. Фестивалга Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстандын театрлары катышып, көрүүчүлөр сынына он үч спектаклди тартуулашат. Катышуучулардын арасында К
Бишкек шаарында манасчы Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдыгына карата IV дүйнөлүк эпостор фестивалы өтүүдө. Фестивалга 17 мамлекеттен илимпоздор менен өнөрпоздор келишти. Анын ачылышында эквадорлук белгилүү музыкант Лео Рохас катышты. Кароо-сынак 7-сентябрга аяктайт.
Кыргыз эстрада ырчысы Элмира Кайып кызынын сөөгү 2-сентябрда Орок айылындагы көрүстөнгө коюлду.
Байгеге эки миллион сом сайылган XI эл аралык айтышка кыргыз тараптан 8, казактардан 8 төкмө ырчы катышты.
Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры бир жыл мурун оңдоп-түзөтүүгө жабылган. Учурда социалдык тармактарда театрдын фасадына коюлган скульптуралык ансамбль талкаланып жатканы айтылып, бул маалымат коомчулуктун кызуу талкуусуна түштү. Театр жетекчилиги жана ку
Соңку кезде ырчылардын көбү атайын той үчүн жазылган ырга басым жасап жатканы байкалат.
24-25-августта Бишкекте ак илбирсти жана анын экосистемасын коргоо боюнча эл аралык форум өттү.
Бишкек шаарында “Музыкалык Эркиндик” флешмобу мындан ары токтотулушу мүмкүн.
Маркум ырчы, обончу Медербек Кыдыршаевдин чыгармачылыгы жана тагдыры тууралуу кеп кылабыз.
Кыргызстанда учурда үч жүздүн тегерегинде ак илбирс бары айтылып жүрөт.
Кыргыз тарыхында Офелия Еркимбаева талапты кое билген чыгаан режиссер катары калат.
Бишкекте Э.Гареев атындагы ботоникалык бакта ачык асман алдында эко-кино көрсөтүлүп жатат. 10-августа башталган иш-чарада француз фотографы, экологу Ян Артюс –Бертрандын Жер шарындагы экологиялык көйгөйлөр тууралуу тарткан “Үй” фильми сунушталды. Кийинки кино жума күнү тартууланат.
Быйыл Индиянын көз карандысыздыгына жетимиш жыл, Индия – Кыргызстан кызматташтагына 25 жыл толду. Бул даталуу күндөргө карата Кыргызстандын аймактарында иога сүйүүчүлөр үчүн концерт тартууланып жатат.
Кыргыз режиссеру Медин Үчүкеев “Ли Бонун изи менен” аттуу тасма тартмакчы.
Улуттук китепканада 1916-жылдагы көтөрүлүш курмандыктарынын элесине арналган “Тарыхтын эскирбес тагы” аттуу китеп-сүрөт көргөзмө ачылды. “Ашар” кыймылы Боом капчыгайында, “Кыргыз Эл” коомдук уюму Бишкектин Түштүк дарбазасына коюлган айкелдин жанында кандуу окуяны эскерип, митинг-реквием өткөрүштү.
Кыргызстанда жыл сайын өтүүчү “Оймо” фестивалы башталды. Ага жергиликтүү жана коңшу мамлекеттерден келген жүздөн ашык кол өнөрчү катышып жатат. Кароо-сынак төрт күн Бишкек шаарында өтүп, андан ары Чолпон-Атада бир жумага уланат. Адистер он эки жылдан бери өтүп келаткан иш-чарада уздар бири-бири мене
Дагы жүктөңүз