"Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы. Ош мамлекеттик университетин аяктаган.
Апта темасы аркылуу “Азаттыктын” кабарчылары Кыргызстанда калыптанып келаткан үй кызматчы, бала багуучу кызматтарынын азыркы көрүнүшүн сүрөттөгөнгө аракет кылышты.
Баткен облусунун борборунда өткөн Нооруз майрамына катышуу үчүн Өзбекстандын Сох районунун жана Тажикстандын Исфара районунун расмий өкүлдөрү келип, кыргыз элине куттуктоо айтышты. Алар бул майрам кошуна турган элдердин достугун андан ары бекемделишине шарт жаратарын белгилешти.
Жума соңунда Тажикстандын Исфара шаарында кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча эки тараптуу жолугушуу өттү. Расмийлер эки өлкө чек арасын тактоо боюнча да кадамдар байкалып жатканын айтышууда.
Баткенде өндүрүлгөн мөмө-жемиштер чийки сатылганынан багбандардын эмгеги бааланбай келген. Жылына жок эле дегенде 100 миң тоннадай өрүк, ошончо шабдалы өндүрүлгөн Баткен облусуна мөмө-жемиштердин ширесин даярдоочу ишкана куруу демилгеси орус ишкерлеринин колдоосу менен быйыл ишке ашмай болду.
Жыйырма жыл мурда Кызыл-Кыя шаарына Тажикстандын Мургабынан көчүп келген этникалык кыргыздар колдоого муктаж. Антпесе жарандыгы же каттоосу жок болгондуктан жумушка орношуу азапка айланып, мамлекеттен пенсия менен жөлөк пул алалбай кыйналып турушкан чагы.
Баткенде жылына сегиз млрд сомдон арбын киреше берген өрүктү дүйнөлүк базарга чыгаруу үчүн дыйкан чарбалары ирилеше баштады.
Баткен облусу боюнча 10 миң гектардай өрүк бактар бар. Аба ырайы жакшы келген жалдары багбандар өрүктөн 8 -10 миллиард сомго чейин киреше алса болот. Өрүкзарлуу Баткенге быйыл жаз жылдагыдан эрте келди.
Баткенде 1-топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген адам апасы жана кызынын көмөгү менен жашоосун улантып келет. Бирѳѳгө сүйөнүп күн кечирген бул жаранга мамлекет тарабынан пенсиядан башка жардам жок.
Зарташ айылында 160 кожолук бар. Айылдыктар сууну бойлой өздөштүрүлгөн жердеги шалы жайларына күрүч өстүрүп, күн көрүшөт. Өткөн жылы жай айларында дарыя катуу кирип жергиликтүү дыйкандардын 100 гектарга жакын күрүч аянтын суу жууп кеткен.
Кезектеги апта темасында кылмыштын акыркы кездери күч алган уурулук көйгөйү тууралуу сөз болот. Кабарчыларыбыз жер-жерлерде күч алган уурулуктун себептерин, кесепеттерин талдашат.
Москвада каза тапкандар жерге берилди
Москвада өткөн ай соңунда тигүү цехиндеги өрттөн каза болгон 10 кыргызстандыктын сөөгү жерге берилди.
1977-жылы курулган Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын бүгүнкү күнгө чейин сөөктү сактоого шарты жок. Өлүккана көп жылдардан бери оңдоп-түзөөдөн өтпөй, дубалдары да урап калуу коркунучунда. Мындай абал тергөөчүлөрдүн ишине да тоскоолдук кылып, жасатты экспертизадан өткөрүүдө кыйынчылык жаратуу
Кыргыз чек арачыларынын Лейлек районунун Тажикстан менен чектешкен жериндеги үйгө кыргыз желегин илишине тажик тарап нааразычылыгын билдирди.
Экономика министрлиги "Манас” аба майданынын аймагында чет өлкөлүктөр үчүн казино ачуу демилгесин былтыр жыл этегинде көтөрдү.
Москвада 30-январда тигүү цехиндеги өрттөн каза болгон он жарандын сөөгү Баткенде жерге берилет.
Өкмөт башчы Темир Сариев 26-январда бир күндүк иш сапары менен Баткен облусунда болуп, чек арага жакын аймактарда салынып жаткан жолдордун курулушу менен таанышты.
23-январда Баткен облусунун Кадамжай шаарында оор жүк ташуучу унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, үч адам каза болду.
Дагы жүктөңүз