Линктер
Мазмунга өтүңүз
Навигацияга өтүңүз
Издөөгө салыңыз
Жаңылыктар
Кыргызстан
Кыргызстан
Саясат
Экономика
маданият
Дүйнө
Дүйнө
Борбор Азия
Украина
Атайын иликтөө
ТВ программалар
Бүгүн Азаттыкта
Эксперттер талдайт
Биз жана дүйнө
Данисте
Эже-сиңдилер
Азаттык+
Ыңгайсыз суроолор
Подкаст
Өзгөчө пикир
Русский
Онлайн шерине
ЭЕ/АРнун бардык сайттары
Издөө
РУС
Эфир
Эфир
Издөө
Артка
Алдыга
ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:04
Москвада каза тапкандар жерге берилди
11-Февраль, 2016
Жеңиш Айдаров
Баткен районунун Кайыңды айылында Орусияда өрттөн каза болгон жарандардын алтоосунун сөөгү жерге берилди. Дагы төрт адамдын сөөгү эртең Орусиядан алып келинип, жерге берилет.
1
Москвада өрттөн каза болгон алты кыргызстандыктын сөөгү бүгүн таңга маал "Сибирь" авиакомпаниясынын 967-авиакаттамы менен Ош шаарына алып келинди.
2
Маркумдардын жасатын кичи мекени Баткенге жеткирүү үчүн КамАЗ жана "Нива" үлгүсүндөгү унаа бөлүнүп берилген.
3
Тилсиз жоодо кайтыш болгон дагы эки жарандын сөөгү Кыргызстанга бүгүн кечинде жеткирилет.
4
30-январда Москвадагы тигүү цехтердин биринде өрт чыгып, 12 адам каза болгон.
5
Кайыңды айылындагы эки кишинин үйүнөн бир мезгилде алты сөөк чыгарылды. Тажияга президенттин кеңешчиси Икрам Илмиянов да катышып, көңүл айтты. Ал мамлекет башчынын атынан ар бир каза болгон адамга жүз миң сомдон бөлүнгөнүн айтып, аны маркумдун жакындарына тапшырды.
6
Москванын тергөө комитети өрт боюнча мүлктү атайлап жок кылуу деген негизде кылмыш ишин козгогон.
7
Каза тапкандардын сегизи кыргызстандыктар, экөө орус жарандыгын алган этникалык кыргыздар. Дагы экөө өзбек жараны.
8
Кайыңды айылы
Жеңиш Айдаров
"Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы. Ош мамлекеттик университетин аяктаган.
КАРАҢЫЗ
Жазылыңыз
Москвада каза тапкандар жерге берилди
XS
SM
MD
LG