"Азаттыктын" штаттан сырткаркы журналисти. Эл аралык AIB сыйлыгынын жеңүүчүсү (2011).
Пакистанда коалициядагы экинчи эң ири партия оппозицияга кеткен соң премьер-министр Юсуф Гилани жаңы өкмөт түзө албай чайналууда.
Африканын Уганда өлкөсүнө каттаган баткендик бизнесмен Манас Саматов ал жакта кыргыздар кантип дарбыз өстүргөнүн айтып берди.
Беларуста 19-декабрдагы президенттик шайлоодо А.Лукашенкого каршы ат салышкан 7 талапкердин төртөөнө тополоң уюштурган деген айып коюлду.
Орусиянын "Газпром" ишканасы Тажикстанда көп газ табылганын жарыя кылды.
Илимий ачылыштардын көбөйүшү менен, адатта көркөм чыгармаларда кездешчү көптөгөн фантастикалык идеялар 2010-жылы турмуш чындыгына айланды. Кеңири керектелүүчү технологияда да жаңылыктар болду.
Зомбулукка учураган бул оштук кыздардын айрымдары бүгүн арабызда жок, башкалары чындыкты жашырып, күйүтүн ичине катып жүрүүгө мажбур.
В.Путин өз өкмөтү дүйнөлүк каржы кризисинен жеңүүчү болуп чыкты деп эсептейт. Ал, ошондой эле, өлкөдө «экстремизмге жол берилбеши керек» деди.
Украинада мурдагы өкмөт башчы Юлия Тимошенкого "мамлекеттик каражатты ысырап кылган" деген шек менен Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду.
Чуулгандуу "Викиликс" интернет сайты АКШнын өзбек, тажик президенттери боюнча жашыруун телеграммаларын ачыкка чыгарды.
«Ош университетинин жатаканасында кыздарды зордуктаптыр!» деген кабар июнь коогасына май чачкан башкы шыкакчы болгон.
Бүгүн Оштун айрым тургундары мурда жашаган үйлөрүнө баргандан коркуп, ар жерде жан сакташууда.
Апта башындагы түндүк коңшусунун актылоосунан кийин Түштүк Кореянын президенти бүгүн өлкөнүн коргонуу дареметин бекемдөөгө сөз берди.
Бишкектеги "Сезим" борборунун башчысы Б.Рыскулова Кыргызстанда аялдарга карата зомбулук көбөйүп баратканына тынчсызданат.
Ооганстанда бийлик сентябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгын жарыялады, бирок ал да толук жыйынтык болбой калды.
Ошто соода-сатык менен күн коргөн айымдардын айрымдары бизнеси бүлүнүп, бүгүн жалаң гумжардамды карап калды. Башкалары кайра соодасын тикелөө менен алек.
Оштун көчөлөрүндө күнүмдүк коопсуздук aнчейин. Көз карая электе кафе, дүкөндөр жабылып, эл үйгө шашат. Айрымдар күндүз да көчөдө жүргөндөн кооптонушат.
Сегиз ай деген Иракта саясатчылар жаңы өкмөт куроо боюнча макулдаша алышты. Март айында өткөн парламенттик шайлоодон бери өлкө өкмөтсүз жашап келатат.
Жекшембидеги парламенттик шайлоо бийликтеги «Йени Азербайжан» партиясынын таасирин дагы бекемдээри айтылууда.
Ош шаары менен анын айланасындагы июнда талкаланган айылдарда курулуш иштери шайма-шай жүрүп жатат. Бирок үйлөрү бүтө элек айрым жабырлануучулар жайкы чатырларда суукта калышты.
Июнь коогалаңында расмий эсеп менен 429 адам өлгөнү айтылса, президент Р.Отунбаева түштүккө жасаган сапары маалында набыт болгондордун саны мындан алда канча көп болушу ыктымалдыгын айткан.
Дагы жүктөңүз