"Азаттыктын" штаттан сырткаркы журналисти. Эл аралык AIB сыйлыгынын жеңүүчүсү (2011).
Ооганстанда кышында массалык барымтага алынган хазара элинин 20 чакты өкүлү бошотулгандыгы кабарланууда. Бирок Кабулда бийлик өкүлү алардын террорчуларга же алардын туугандарына алмаштырылды деген ырастоону четке какты.
Каспийдин жээгинде жайгашкан өлкөлөр 20 жылдан бери эле "Каспий тынчтыктын жана достуктун деңизи" деп келишет. Бирок түркмөн жана азери газынын экспортуна байланышкан кыйынчылыктар бул ырастоо канчалык чын экендигин көрсөтө турган болуп калды.
Экинчи Дүйнөлүк согушта Жерге-Тал, Мургабдан да миңдеген кишилер согушка аттанып, көбү кайра кайтпай калган. Ал эми тирүү кайткандардын арасы суюлуп, бүгүн дээрлик калган жок.
Советтер Союзунун көрүнүктүү актерлорунун бири Владимир Талашко Украинада туулганын баары эле биле бербейт. Кремлдин нацисттик Германияны жеңүүдөгү украиндердин жана башка улут өкүлдөрүнүн салымын төмөндөтүп көрсөтүү аракети жашы 70ке таяп калган актердун көңүлүн иренжитип жаткан экен.
Шайлоодо негизги таймаш азыр бийликтеги Консервативдүү партия менен ага тең тайлаш Лейбористтик партиянын ортосунда жүрүүдө.
Президент Атамбаевдин март айындагы чуулгандуу Молдова сапарын Илан Шор аттуу ишкер уюштурганы кабарланган эле. Азыр дал ушул кишинин иши Молдовада өзгөчө ири көлөмдөгү көз боёмочулук боюнча тергөөгө түрткү болду.
Кошмо Штаттарында Мухаммед пайгамбар тууралуу карикатура мелдешинде ок чыгарган киши мурда Сомалиде экстремисттик чабуул жасоо планын жашырып койгондугу үчүн соттолгондугу ачыкка чыгууда.
"Фридом Хаус" медиа көзөмөл уюму чектөөчү жаңы мыйзамдар жана журналисттерге каршы зомбулуктар былтыр дүйнө жүзүндө сөз эркиндигинин начарлашына алып келгендигин билдирди.
Гүлназ Тойгонбаева Тажикстандын Жерге-Тал районунан. Медучилищеде окуп, хирургия бөлүмүндө медайым болуп иштеди. Кыргызстанга беш жыл мурда көчүп келген. Күйөөсү экөө Кыргызстанда дагы эки эгиз балалуу болушту. Жарандыгы жок болгондуктан, балдарга жөлөкпул да ала албайт. Жакында Бишкекте жашаган жаз
26-апрель, жекшемби күнү Украинада Чернобыл ядролук алааматынын 29 жылдыгы эскерилди. Ал эми дүйшөмбүдө Киевде Украинанын Европа биримдиги менен бирге саммити өттү.
Ишембидеги каргашалуу зилзаладан кийин жер дагы бир нече жолу кайра силкинди. Жарадарлардын саны алты жарым миңден ашты. Куткаруу иштери уланууда.
Ташкендеги белгилүү кыргыз, илимпоз Сүйүн Караев май айында 90 жашка толот. Борбор Азиядагы эң бактылуу эл Өзбекстанда жашайт деген эл аралык отчеттон улам "Азаттык" Караев аксакалдан кабар алып, анын чын эле бакубат турмушта жашап жаткандыгын билди.
Бүгүн, 26-апрелде Казакстанда президенттик чукул шайлоо өттү. Мамлекет башчылыкка азыркы президент Нурсултан Назарбаев жана эки саясатчы - Абелгази Кусаинов менен Тургун Сыздыков ат салышты.
Ушул аптада катуу оорудан кийин тажикстандык режиссер Бахтиер Худойназаров Берлинде көз жумду.
Иран Йемендеги бомбалоо токтогондугу тууралуу кабарга колдоо билдирди. Мунун алдында Сауд Арабстан баштаган коалиция Йемендеги кырдаалды саясий жол менен жөнгө салуу операциясы ишке кирип жаткандыгын айткан.
Тажикстанда алыскы Депшаар айылында мектеп ачкан жазуучу Аким Кожоев маегинде жерге талчылардын башындагы көйгөйлөргө, анын ичинде дискриминация, ашынган улутчулдук проблемаларына кайрылат.
Жерге-Талдагы Жайылган айылына Хамид Боронов жарандык согуштун мезгилинде мектепте тарых музейин ачкан. Жакында жергеталдык жазуучу, Кыргызстанда жашаган Аким Кожоев келип, агайы мектепте кыргыз тилинде китеби жок сабак өтүп жатканына күбө болду.
Тажикстандын түштүгүндөгү Хатлон облусуна караштуу райондордун биринде 50 мечит маданият үйүнө айландырылды. Ал эми Жерге-Талдагы айылдардын биринде мындай мечиттер адаттагысындай эле иштеп жатат.
Кытай президенти Пакистанга келди. Тараптар экономикалык алакаларды талкуулашаары кабарланган.
Бириккен улуттар уюму экстремисттик топтордун "сексуалдык кылмыштары" согуш тактикасына айланганын айыптады.
Дагы жүктөңүз