"Азаттыктын" штаттан сырткаркы журналисти. Эл аралык AIB сыйлыгынын жеңүүчүсү (2011).
Брюсселде Тажикстандын президенти Европанын, НАТОнун лидерлери менен жолугуп, Өзбекстан менен суу талашын талкуулады.
БУУ Ливиядан ташылган курал экстремисттер менен кылмышкерлердин колуна түшүп жаткандыгын эскертет.
АКШ өкмөтүнүн пилотсуз учуучу унааларды колдонушуна каршы нааразы болгон чоң эне, таенелер Нью-Йоркто нааразылык акциясын өткөрүштү. Алар америкалык дрондордун чет өлкөлөрдө колдонулушу менен катар, АКШнын өзүндө да жарандардын укуктарын чектөөгө пайдаланылышы мүмкүн деп камтама болушууда.
Сербиянын өкмөтү Европа биримдигинин арачылыгы менен түзүлгөн Косово менен элдешүү планын четке какты.
Известный казахский театральный режисер Болат Атабаев о том как стал оппозиционером. Выступление на Радио Азаттык в г. Прага, апрель 2013г. камера: Жаныл Жусупжан.
Известный казахский театральный режисер Болат Атабаев о том как стал оппозиционером. Выступление на Радио Азаттык в г. Прага, апрель 2013г. камера: Жаныл Жусупжан
Казакстандык диссидент режисер Болат Атабаев Жаңы-өзөн трагедиясы тууралуу пьеса жазып жатат.
"Түркмөнстан - чын ден соолуктун жана бийик рухтун мекени". Ден соолук жана бак-таалай жумалыгы 1-апрелде түркмөн жергесинде ушундай ураан менен башталды.
Баткенде бактын шагында кургаган «кандек» өрүк өзгөчө шириндиги жана ден-соолукка пайдалуу заттары менен кеңири таанымал. 5-6-апрелде өтчү "Өрүк гүлү" фестивалынын уюштуруучусу, "Био-Мурас" коомдук корунун директору Акылбек Касымов өрүктүн атактуу сортторун даярдоодо органикалык же химикатсыз технологияга басым жасалганы менен өрүктү кургатууда күкүрт колдонуу практикасы дагы деле бар экендигин мойнуна алды.
Индияда Жогорку Сот рак оорусун дарылоочу дарынын патентин сураган "Новартис" фирмасынын өтүнүчүн четке какты.
Хайдарабаддын Низам атындагы музейдеги саат
Казакстанда Билим берүү министри «Гарлем шылкылдакты» бийлегенден кийин окуудан чыгып калган студенттерди кайра калыбына келтирүүнү сунуштады.
Тоосу бийик, абасы суюк, жумуш жок, отун аз, азык кымбат Мургабда башка мамлекеттерден гуманитардык уюмдар көп жылдардан бери иштеп келатышат.
Темир жол Европада 200 жылдан ашык мезгил мурда салына баштаган. Кыргызстанда темир жол анчейин өнүкпөй келет, соңку жылдары Кытай менен биргеликте темир жол салуу маскаты ар түрдүү себептерден улам ара жолдо кала берүүдө. Ал арада коңшулаш Ооганстан бүтүндөй темир жол тармагын өнүктүрүүнү көздөп турган кез. Бул иште оогандарга Өзбекстан жардамга келип жатaт.
"Тактан кулаган» олигарх Борис Березовский өткөн аптада өлүп тынды, бирок анын «мурасы» - Президент Владимир Путинди жаратып, кийин Путиндин кайнаса каны кошулбас душманына айланганы тууралуу дагы узакка сөз болоору шексиз.
Таанымал кинорежиссер Темир Бирназаров Чехиядагы адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын эл аралык фестивалына катышты. Прагадагы «Люцерна» кино-кафесиндеги баарлашууда режиссер Кыргызстандагы даректүү тасма тартуунун абалы, кино тармагындагы жаңылыктар, өз устаттары жөнүндө айтып берди. (Жаңыл Жусупжан)
Өзбекстандын эли цензураланбаган маалымат жазган, көз карандысыз медианын тартыштыгынан каржалууда.
Мусулман жана Батыш өлкөлөрү аялдарга каршы зомбулук менен күрөштү күч алдырууга багытталган жаңы декларацияны кабыл алышты.
Абанын булганышы жана азык-түлүк коопсуздугу - дүйнөдөгү эң көп калктуу өлкөдө өтө өтүшүп кеткен проблема болуп саналат.
Драматург, жазуучу Султан Раев Франция жергесинде өз чыгармачылыгы, анын ичинде жаңы жазып бүткөн "Жанжаза" романы тууралуу «Азаттыкка» учкай ой бөлүштү. Жазуучу калемдештери менен 14-17-февралда Парижде өткөн «Русофония-2013» фестивалына катышты. Жаздырып алган Жаңыл Жусупжан.
Дагы жүктөңүз