"Азаттыктын" штаттан сырткаркы журналисти. Эл аралык AIB сыйлыгынын жеңүүчүсү (2011).
Египеттин демократиялык жол менен шайланган тунгуч президенти от менен чоктун ортосунда калды.
АКШ союздаштарынын кеңселеринде тыңшоо жүргүзгөнү тууралуу маалымат бул өлкөлөрдү бир чети таң калдырса, бир чети нааразы кылууда.
Египетте кайрадан жүз миңдеген киши көчөгө чыкты. 30 жыл дегенде демократияга колу жеткенсиген Египетте нааразылардын каалаганы эмне?
Чарчап калган бала чымчык болуп бейишке чыгаары чын болсо, дүйнө чатыры атыккан Памир даана бейиштин төрү белем, aнткени Тажикстандын аймагындагы мургабдык кыргыздар отурукташкан Чыгыш Памирде эне-баланын өмүрү ар дайым бычактын мизинде, дал ошол бейишке баруучу кыл көпүрөнүн кырында.
Видеодо: Хайдарабаддык журналист Саид Мухаммед менен Хайдарабаддын көөнө ооданын көрүп коюңуз. Видеодо: Хайдарабаддык журналист Саид Мухаммед менен Хайдарабаддын көөнө ооданын көрүп коюңуз. Төмөндө Саид экөөбүздүн сүйлөшкөнүбүздүн англисчеден котормосу: - Бул эски Хайдарабадбы? - Ооба, бул эски Хайдарабад. - Үйлөр таштан салыныптыр, базарлар көп экен. - Ооба, бул шаардагы биринчи базар. - Бул жакта жашагандар ортоңку катмардын өкүлдөрүбү? Көбү мусулманбы? - Көбү мусулман, 70% түзсө керек. Ортоңку, төмөнкү катмардын өкүлдөрү. - Алар башка тургундардан тыңыраак жашайбы? - Тилекке каршы, андай эмес. - Шаардын негиздөөчүлөрү катары, алар башынан эле артыкчылыкка ээ болушса керек эле? - Ошондой болчу. Бирок убакыттын өтүшү менен абал өзгөрдү. Мындан 10 жыл гана мурда шаардын бул тарабында «билим алыш керек» деген түшүнүк тереңдеген. 20 жыл мурдагыга караганда, турмуш оңолду, бирок дагы деле жакырчылык күчтүү. - Биз азыр кайда баратабыз? - Бул Чаркаман дарбазасы. Алдыдагы Чарминар. «Чар» деген «төрт» дегенди, «минар» деген «мунара" дегенди билдирет.
Tажикстандагы Мургаб кыргыздары өз тилин колдонууда кыйынчылыкка туш келди. Алардын укуктары мыйзам тарабынан корголгону менен, расмий тажик тилин жеткиликтүү билбегендиктин жана жергиликтүү бийликтен чечкиндүү колдоонун жоктугунан чайналышууда.
2006-жылы Грузияда 28 жаштагы банкир Ички иштер министрлигинин мартабалуу кызматкерлери менен чырлашып кеткенден кийин сабалып, өлүгү Тбилисинин сыртынан табылган эле. Экс-премьерге айып коюлгандан кийин эми президент Саакашвили кызмат мөөнөтү бүткөндөн кийин соттолуп да кетиши мүмкүн экендиги айгине болууда.
Ачык Борбор Азия китеп форуму жана адабият фестивалын Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева салтанаттуу ачмакчы.
Алыстан туруп, сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгү бүгүн Кыргызстанда жокко эсе. Бирок тоо коюнундагы алыскы айылда жашагандарда мындай билимди АКШда алууга мүмкүнчүлүк бар.
Ооган өкмөтү талибдер менен сүйлөшүүгө делегация жиберүүгө макул болду.
Президент болуп жаңы шайланган Хасан Рухани Ирандын экономикалык көйгөйлөрүн, өлкөнүн Батыш менен тирешин жөндөөгө даремети бар деп айтылууда.
Ооганстанда шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөр парламенттин Жогорку палатасына жөнөтүлдү. Анда аймактык жана жергиликтүү кеңештердеги мандаттардын төрттөн бири аялдарга берилиши керек деген маанилүү берене алып салынган.
Өткөн айда Ооганстанда грузиялык 10 аскердин каны төгүлдү. Грузияга каршы талиптер "жихад жарыялайбыз" деп коркуткан видеонун пайда болушунан улам, саясий кайым айтыш башталып, өлгөндөрдүн трагедиясы көлөкөдө калды.
Хайдарабад Индиядагы эң кооз шаарлардын бири. Калкы 10 миллионго чаап барган бул зор конгломераттын тарыхы да кызык. Шаардагы террордук кол салуулар тууралуу маалымат байма-бай болгондуктан, бул жер улуттар жана диндер аралык араздашуунун очогу экен деп ойлошуңуз мүмкүн. Ошол эле убакта диндер аралык мамиле бул демократиялуу өлкөдө коңшулаш Пакистанга караганда кыйла жакшы экендигин баамдоого болот. Бүгүнкү Хайдарабаддын турмушунан Кыргызстандагы кырдаалга окшош жагдайларды да байкоого болот. Шаардын илгертеден мусулмандар отурукташкан эски бөлүгүнө барган Жаңыл Жусупжандын сүрөт баяны.
Өзбекстандын автономдуу Каракалпак жумуриятында укук коргоочу Эргашбай Рахимов камакка алынды.
АКШ өкмөтүнүн тымызын көзөмөл операциялары тууралуу өтө жашыруун сырларды ачыкка чыгарган киши Гонконгдо кала берээрин бышыктады. Эдвард Сноуденге каршы АКШда кылмыш иши козголду, Вашингтон бирок аны чыгарып берүү талабы менен Гонконгго кайрыла элек.
Кыргыз жазуучусу Казат Акматовдун «Эрика Клаустун 13 кадамы» деген китебинин англис тилиндеги котормосунун бет ачары Лондондо 20-июнда өтөт.
Түрк өкмөт башчысы өз бийлигине каршы чыккандарды кайрадан айыптап чыкты.
Түркиядагы он күндөн берки демонстрацияларды секуляризм менен исламизмдин кагылышы катары сыпатташууда. Бирок Стамбулдун Таксим аянтынан хижаб жамынган кыз-келиндерди да көрүп жатабыз.
Орусияда былтыр президент Владимир Путинге каршы демонстрацияда кармалган 12 кишинин үстүнөн сот иши башталды.
Дагы жүктөңүз