"Азаттыктын" штаттан сырткаркы журналисти. Эл аралык AIB сыйлыгынын жеңүүчүсү (2011).
Ооганстандын Памиринде туулган Азиз Айтмамбет уулу. Азистин атасы 1978-жылы Ооганстандан кеткен Рахманкул хан менен кошо көчкөн. Азыр Түркиядагы Ван аймагындагы Улуу Памир айылында жашайт.
Проф. Сулайман Каипов Ооганстандагы памир кыргыздарынын бардар, башка элдерди өзүнө тарткан турмушу тууралуу. Бишкек, 2013-ж.
Абдыбаит Сатаркул уулу Барбаросса (Түркияда алган ысмы) кантип Кытайдан качканда атасы, энеси, бир туугандары бүт Кытайда калып калгандыгын баяндайт. Улуу Памир айылы, Түркия
АКШ менен Иран алты жылдан берки эң жогорку деңгээлдеги жолугушуу өткөргөнү жатышат.
Пакистанда христиандар жекшембидеги кандуу чабуулдарды айыптап чыгышты. Пешавардагы «Бардык олуялар» чиркөөсүнө кол салууда 80ден ашык кишинин өмүрү кыйылган.
Германиядагы шайлоодо канцлер Ангела Меркелдин коалициясы жеңип чыкты.
Теги ооган америкалык жазуучу жаңы китебинде ооган коому тууралуу биз билбеген бир топ нерселерди жазды.
Косоводо Европа биримдигинин кызматкери атып өлтүрүлдү. ЕУЛЕКС деп аталган биримдиктин Мыйзам үстөмдүгү миссиясынын өкүлү этникалык сербдер басымдуулук кылган Косовонун түндүгүндө окко учту.
Советтик доордо Кыргызстандын мамлекет башчысынын деңгээлинде кызмат өтөгөн, ардагер малчы Таштанбек Акматов бүгүн Кара-Кужур жайлоосунда, мал артында жүрөт. Август айында 75 жылдык мааракесин жайлоодо аппак айкелин койдуруп, 20 боз үй тиктирип, чоң шаан-шөкөт менен белгиледи. "Азаттыктын" кабарчысы менен маегинде Акматов өзүн биринчи кезекте мамлекеттик ишмер деп эсептей тургандыгын кыйытты. Ал ошондой эле бүгүнкү малчылык жашоосунун оош-кыйыштарынан кеп салды.
Орусия кайрадан Молдовага каршы жазалоочу чара киргизди. Бул ирет өлкө Европа биримдиги менен өтө ымалашып кеткендиги үчүн жазаланууда.
Индонезияда өтүп жаткан Дүйнөлүк сулуулар конкурсуна Өзбекстандан талапкерди кыргыздар тандаганы айгине болууда.
Дүйнөдө ар 40 секунда сайын бир киши өз жанын өзү кыят, болгондо да аялдарга караганда эркектер адатта эки-үч эсе көбүрөөк өз жанына кол салат.
Атабай Жанузак уулу Тажикстанда жүздөгөн кыргызды Кытайга качырып, сталиндик репрессиядан сактап калган.
Оогандык кыргыз Турган Ырайым кызы мургабдык Атабай Жанузак уулу тууралуу Абдысатар ырдаган ырды эскерет. Атабай Жанузак уулу советтик системага иштеп жүрүп, 1932-жылы 40 чакты түтүн элди Кытайга качырып, сталиндик репрессиядан сактап калган. Түркиядагы Ван аймагындагы Улуу Памир айлы
Орусиядагы аймактык шайлоолор аяктап калганда, добуш берүүгө калктын 30 пайызы араң келгени кабарланды.
Жолдошбай Полот чоң атасынын бир тууганы, мургабдык жүздөгөн кыргызды сталиндик репрессиядан сактап калган Атабай Жанузак, анын Кытайда өрттөлгөн, Түркияда жоголгон китептери тууралуу эскерет. Улуу Памир айлы, Ван аймагы, Түркия.
Израил Жер ортолук деңизинде АКШ менен бирдикте ракета сынаганын моюнга алды.
Таанымал Таштанбек Акматовдун 75 жылдык мааракесинде 75 боз үй тигилбесе да, той болоорун уккан коңшу колоттон тарта, Бишкектен бери калың эл түрүлө келип, ыр угуп, жорго жарышка маашырланып, балбан күрөштү көрүштү. Күн жаркырап тийди. Биздин кабарчы дагы эл арасында жүрдү. "Азаттыкта" кеңири фото-баян чыгат, ага чейин ушул бир сүртүм сүрөттөрдү көрүп коюңуз.
Бул түрмөктө буга чейин Тажикстандагы Памир кыргыздарынын, өздөрү айткандай сарыколдуктардын чек ара көйгөйлөрү, экономикалык каатчылык, жол азабы, эне менен баланын саламаттыгы, уламыш-жомоктору тууралуу сөз болгон эле. Бүгүн алардын музыкалык чыгармачылыгына кайрылабыз. Бул алыскы тоолуу аймактагы ичкилик кыргыздардын өзгөчөлүү жана начар изилдеген музыкалык өнөрү бар.
Дагы жүктөңүз