Таанымал Таштанбек Акматовдун 75 жылдык мааракесинде 75 боз үй тигилбесе да, той болоорун уккан коңшу колоттон тарта, Бишкектен бери калың эл түрүлө келип, ыр угуп, жорго жарышка маашырланып, балбан күрөштү көрүштү. Күн жаркырап тийди. Биздин кабарчы дагы эл арасында жүрдү. "Азаттыкта" кеңири фото-баян чыгат, ага чейин ушул бир сүртүм сүрөттөрдү көрүп коюңуз.
Тоолуктардын майрамы
![Тойго жол тартаар алдындагы дасторкон](https://gdb.rferl.org/a1a7afb0-67e7-423e-a005-44c0da16971c_w1024_q10_s.jpg)
1
Тойго жол тартаар алдындагы дасторкон
![Тойдогу тартип коргоочу](https://gdb.rferl.org/905900c6-17e7-48c1-869f-4316cd266b53_w1024_q10_s.jpg)
2
Тойдогу тартип коргоочу
![Боки каракулжалык малчы. Шаардыктардын малын багат, жайында келинчеги менен вагондо, кышында сарайда жашайт. Арык болгону менен шыңга бой, көп сүйлөбөгөн түнт. Бул заманда Боки экинчи Таштанбек Акматов болуп, мамлекет башкарбаса да, мал топтоп, ак эмгеги менен оокаттуу жашап кетээр бекен?](https://gdb.rferl.org/83f330e9-0ada-4bb8-a45d-b23c3575d771_w1024_q10_s.jpg)
3
Боки каракулжалык малчы. Шаардыктардын малын багат, жайында келинчеги менен вагондо, кышында сарайда жашайт. Арык болгону менен шыңга бой, көп сүйлөбөгөн түнт. Бул заманда Боки экинчи Таштанбек Акматов болуп, мамлекет башкарбаса да, мал топтоп, ак эмгеги менен оокаттуу жашап кетээр бекен?
![Тоолук молдо. Уруусу тынымсейиттердей олбурлуу, тоолуктардай жайдары. Мурда кийин иче коюп жүргөнүн жашырган жок. Ал эми айылдашы анын орозодо ачкага чыдабай, чай ичкенин эскерип күлдү. Азыр Кара-Кужурда элдер жайлоодо болгондуктан, жума намаз да окулбайт экен. ](https://gdb.rferl.org/373a7a7b-5510-4e48-afb6-5efe9470d86c_w1024_q10_s.jpg)
4
Тоолук молдо. Уруусу тынымсейиттердей олбурлуу, тоолуктардай жайдары. Мурда кийин иче коюп жүргөнүн жашырган жок. Ал эми айылдашы анын орозодо ачкага чыдабай, чай ичкенин эскерип күлдү. Азыр Кара-Кужурда элдер жайлоодо болгондуктан, жума намаз да окулбайт экен.
![Таштанбек Акматов "Азаттыкка" маек берип жаткандагы учур. Сол жагында жубайы Роза. 1980-жылдардын этегинде Коммунисттик партия 30 жылдан ашуун колхоздун коюн баккан, атактуу чабан Акматовду Фрунзеге алпарып, жогорку кызматка отургузган. Бармактайынан баш кошуп, 11 бала төрөгөн биринчи жубайы кайгылуу жагдайда көз жумган. ](https://gdb.rferl.org/e1e049e3-b09a-44a5-8d75-fdb96e5b87db_w1024_q10_s.jpg)
5
Таштанбек Акматов "Азаттыкка" маек берип жаткандагы учур. Сол жагында жубайы Роза. 1980-жылдардын этегинде Коммунисттик партия 30 жылдан ашуун колхоздун коюн баккан, атактуу чабан Акматовду Фрунзеге алпарып, жогорку кызматка отургузган. Бармактайынан баш кошуп, 11 бала төрөгөн биринчи жубайы кайгылуу жагдайда көз жумган.
!["Азаттыктын" кабарчысы Таштанбек Акматовдун айкелинин жанында. Айкелди Тургунбай Садыков жасады деп уктук, эмгегине канча жылкы алганын той ээсинен сурабадым.](https://gdb.rferl.org/3bd325b2-5b16-4bf9-96a3-d2246b7680fe_w1024_q10_s.jpg)
6
"Азаттыктын" кабарчысы Таштанбек Акматовдун айкелинин жанында. Айкелди Тургунбай Садыков жасады деп уктук, эмгегине канча жылкы алганын той ээсинен сурабадым.