"Азаттыктын" штаттан сырткаркы журналисти. Эл аралык AIB сыйлыгынын жеңүүчүсү (2011).
Түркиядагы ооган кыргыздарынын айылын эл шайлаган айыл башчы Касымбек Шакир уулу Варол башкарат. "Улуу Памир - 35" түрмөгүнүн кезектеги санын ушул маекке орун беребиз.
Орус президенти элге кайрылуусунда пост-советтик жумурияттар менен байланыштарды сактап калууга чакыруу менен бирге бул өлкөлөрдөн иш издеп келгендерди өкмөт көзөмөлгө алышы керектигин эскертти.
Чыңгыз Айматовдун бул кол жазмасы "Сүйүү тууралуу эки ооз сөз» деп аталат. Эссе орус тилинде жазылып, 40 жылдан ашык мезгил мурда чех тилинде жарык көргөн.
RFE/RL's Kyrgyz Service has come across a long-forgotten work written in Russian by celebrated Soviet-era author Chingiz Aitmatov during his visit to the Czechoslovak capital, Prague, in the early 1960s.
Чынгыз Айматовдун кол жазмасы Прагада табылды.
АКШнын коргоо министри дипломатияны аскердик күч сүрөп турушу керек деп эсептейт.
Өзбекстандык география илимдеринин доктору жана Айтматов таануучу Сүйүн Караев жизактык кыргыздардан. Жашы 90го таяп калса да Караев бүгүн Ташкенде жетекчилик кызматта ишин улантууда.
Сирияга кеткен жихадчылар өз мекенинде эмес, мусулман өлкөлөрүнө баргандан кийин радикалдашып, террористтик уюмдарга кошулуп кеткендиги айтылууда.
Түштүк Африка Республикасынын туңгуч президенти Нелсон Мандела 5-декабрда 95 жаш курагында көз жумду.
Украинада өкмөт башчысы оппозицияны саясий кырдаалды курчутпоого чакырды. Ал арада өлкөдө Микола Азаровдун өкмөтүн отставкага чакырган демонстрациялар уланууда.
Кыргызда аш-той улуттук салт-санаалардын уюткусу болуп келген. Эски салтыбызды сактайбыз деп болшевиктерден Ооганстанга качкан кыргыздар кийин Түркияга көчкөндөн кийин бир топ салттар жоголду. Ошол эле кезде Кыргызстандагыдай эле, айыл тургундары арасында тойдун чыгымдары да көбөйгөн.
Толкундоолор каптаган Украинада президент Евробиримдик менен сүйлөшүүнү кайра жандантуу ниетин билдирүүдө.
Сокулукта жергиликтүү гезитте иштеген Абдул-Aхат Курбанов Тажикстандагы Жерге-Тал районунда иштеп жүргөндө Айтматовду чакыртууга аракет кылган.
Украинада Европа Биримдиги менен жакындашууну караган келишимге кол коюудан баш тарткан президент Виктор Януковичтин отставкасын талап кылган нааразылык уланууда.
Турган Ырайым кызы тойдо ырдалган кыз менен жигиттин айтышын аткарат.
Тажикстанда элеттик аялдар үйдөн төрөгөн учурлар көп кездешет. Аялдар кыйналган турмуштун айынан акушерсиз үйдө төрөп калышат.
Ооганстанда АКШ менен коопсуздук келишими Лоя Жырга деп аталган элдик жыйында жактырылды, бирок ага президент Карзай каршы чыкты. Лоя Жырганын айтканы менен болом деп келген ооган президенти Хамид Карзайдын көздөгөнү эмнеде?
Женевада Ирандын ядролук программасы боюнча Иран менен алты бакубат өлкөнүн сүйлөшүүсүндө тараптар мунасага келишти.
Түркиядагы Улуу Памир айылында жашаган 78 жаштагы Абдыбайит Сатаркул уулу ооган кыргыздарынын көөнө ырларын билген акыркы шайырлардын бири.
Ооган кыргыздарынын уламыш, жомок, ыр-күүлөрү жылкы жандуу көчмөн цивилизациясынын эң акыркы үлгүлөрүнүн бири. Түркиядагы Улуу Памир айлында жашагаn Абдыбайит Сатаркул уулу көөнө ырларды билген акыркы шайырлардын бири.
Дагы жүктөңүз