Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:59

Путин улут аралык ынтымакты сактоого чакырды


Грозныйдын жашоочулары Путиндин кайрылуусун көрүп жатышат, 12-декабрь, 2013-жыл
Грозныйдын жашоочулары Путиндин кайрылуусун көрүп жатышат, 12-декабрь, 2013-жыл

Орус президенти элге кайрылуусунда пост-советтик жумурияттар менен байланыштарды сактап калууга чакыруу менен бирге бул өлкөлөрдөн иш издеп келгендерди өкмөт көзөмөлгө алышы керектигин эскертти.

Путин жылдык кайрылуусун Кремлдеги Ыйык Георгий залында жасады. 70 мүнөттүк сөзүндө ал Орусияда мигранттардын көбөйүшү пайда кылган кыйынчылыктарга кайрылды:

– Улуттар арасындагы мамилелер өтө чоң мааниге ээ жана биздин коомдо ачык талкууну талап кылат. Мында социалдык, экономикалык, аймактарды өнүктүрүүгө байланышкан көптөгөн кыйынчылыктар, анын ичинде коррупция, мамлекеттик бийликтин мүчүлүштүктөрү, билим берүүдөгү айрым кемчиликтер жана кыйчалыш факторлорду тескери сыпаттаган маданий саясат чиеленишип калган.

Орус президенти миграцияга байланышкан улуттар аралык көйгөйлөрдүн курчушу биринчи кезекте маданий тукулжуроого байланышкандыгын мындайча белгиледи:

- Улуттар аралык тирешти тигил же бул улуттун абстрактуу өкүлдөрү козутпайт, аны маданий баалуулуктардан кур калган, өзүнүн жана башкалардын салттарын сыйлабаган адамдар козутат. Бул бетсиз интернационалга Орусиянын түштүгүнөн чыккан айрым алабарман эмигранттар, улуттук мафияны өз канатына алган коррупциялашкан күч структуралары, орус улутчулдары атангандар, катардагы трагедиядан тополоң чыгарып, канды суудай агызганга даяр сепаратисттер кирет.

Путин парламентти жана аймактык бийликтерди иммиграцияны тескөөчү системаны көзөмөлгө алууга чакырды. «Биз мурдагы советтик жумурияттар менен тарыхый алакабызды үзө албайбыз, бирок ал жумурияттардан Орусияга визасыз келгендерди өкмөт көзөмөлдөшү керек»,- деди.

Путиндин сыналгыдан кайрылуусу Орусияга пост-советтик Конституциянын кабыл алынышынын 20 жылдыгына туура келди.

Өз сөзүндө Путин Иран менен Украинадан тартып АКШнын бой көтөрүүчүлүгүн жана Орусиянын аскердик артыкчылыгын да сөз кылды. Ал Ирандын ядролук программасы боюнча талашты жөнгө салуу үчүн соңку чечимде Тегерандын тынчтык максаттагы атомдук энергетика тармагын өркүндөтүү укугун да эсепке алынышы керектигин белгиледи.

Сыналгыдан түз берилген сөзүндө Путин аскердик күч-кубатында кимдир бирөөлөрдүн Орусиядан ашып түшүүсүнө жол бере албай тургандыгын баса белгиледи. Украина боюнча орус президенти Киев азыркы кризисти саясий жолдор менен жөнгө салат деген үмүтүн билдирип, Украина Бажы биримдигине киреби же жокпу, бул украин өкмөтүнүн өз иши деди.

Ал ошондой эле АКШны кыйыр сындап, Орусия супердержава болгусу келбейт, башкаларга кандай жашашты үйрөтпөйт деп ырастады.

XS
SM
MD
LG