"Азаттыктын" ТВ продюсери. "Бир дүйнө" даректүү тасмалар фестивалынынын жеңүүчүсү (2013). Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган (2006).
Эл аралык байкоочулардын көзү менен Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана референдум кандай өттү? Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча кеңсесинин байкоочулар миссиясынын жетекчиси Тамаш Месерич “Азаттыкка” маек курду.
10-январда Кыргызстанда президенттик шайлоо менен кошо эле Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү сунушталган. Бирок азыр алды менен башкаруу системасын аныктап алуу сунуштары түшүп жатат.
Кыргыз өкмөтү 6-ноябрдагы №551 токтому менен мамлекеттик кызматкерлердин санын азайтып, алардын ишин оптималдаштырууну, артынан мамлекеттик кызматкерлерди конкурстук негизде кайра тандап алууну пландап жатат.
28-октябрда Жогорку Кеңеште жаңы министрлер кабинети ант берди. Парламенттин 6- чакырылышынын мөөнөтүнө байланыштуу маселе талаш бойдон калууда. «Үмүт» саясий кыймылы парламенттик кайра шайлоону 20-декабрда өткөрүүнү талап кылып чыкты.
Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров акыркы саясий кырдаал, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгелери, парламенттик шайлоо мөөнөтүн кечеңдетүү ж.б. тууралуу "Азаттыктын" кабарчысы менен маек курду.
Пандемия учурунда эмерек жасаган усталар да четте калган жок. Алар күндүзгү стационарларга керебет жасоо менен алек. Усталар жасаган керебеттер облустарга да жөнөтүлүп жатат.
2010-жылы Ош жана Жалал-Абадда болгон июнь окуясы атайын уюштурулган. Мындай пикирин ошол кезде Убактылуу өкмөттүн төрайымы катары Кыргызстандын башчысы болуп турган экс-президент Роза Отунбаева «Азаттыкка» берген эскерүү маегинде билдирди.
Ноокат аймактык ооруканасында коронавируска чалдыккан 112 кишинин 91 илдетти жеңип чыкты. Алардын ден соолугуна кам көрүп, күнү-түнү алардын жанында болуп, илдетти оңой жеңүүсүнө шарт түзгөн дарыгерлердин бири, врач-реаниматолог Улугбек Урулбаев.
Көп кырдуу таланттын көрөңгөсү, чыгармаларынын экинчи өмүрү тууралуу “Азаттыктын” журналисттери, эл акыны Шайлообек Дүйшеев менен маданиятка эмгек сиңирген ишмер Бурулкан Сарыгулова маектешти.
Мезгилсиз дүйнө салган чыгаан төкмө акын, Эл артисти Элмирбек Иманалиевди кыргыз-казак маданият ишмерлери “Азаттыктагы” тегерек үстөлдө эскеришти.
Бишкектеги №8 үй-бүлөлүк медицина борборунун инфекционист-дарыгери Алтын Токтокожоева дарыгерлердин иштөө шарты, оорулууларды аныктоо, анализ алуу аракеттери, алар туш болгон кыйынчылыктар тууралуу “Азаттык” менен маектешти.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин атайын эсебине 10 млн. 846 миң сом түшкөн, анын ичинен 4 млн. 380 миң сом азык-түлүк сатып алып, таратууга жумшалды. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова жардамды бөлүштүрүү иштери тууралуу "Азаттык" менен маектешти.
Коронавирус пандемиясы жайылгандан тарта дүйнөдө жана Кыргызстанда кризис качан аяктайт, экономикалык абал качан калыбына келет деген суроолор чыга баштады.
Москвада полиция кызматкери мас абалында Борбор Азиядан барган мигранттарды сабап, акча талап кылган. Казакстанда кордук көргөн кумса коомчулукка ачык кайрылды. Буга чейин Ташкентте кумса экенин ачык айткан жигитти өлтүрүп кетишкен.
“КТ Мобайл” компаниясы кандай болгон күндө да ишке кириши керек. Мындай пикирин бүгүн 18-майда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев “Азаттык” радиосуна билдирди.
Европанын бир нече ири шаарында өкмөткө каршы нааразылык акциялары өттү. Орусияда мигранттардын коомго аралашуусу суроо жаратууда. Өзбекстан көчөдө кайыр сурагандарды камай баштайт. Грузияда түрмөдө отургандарга жогорку билим алууга шарт түзүүчү долбоор башталды.
Грузияда оппозиция президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы. Мигранттын сөөгү мекенине жеткирилди, анын өлүмү туугандарында суроо жаратууда. Өзбекстанда дарыгерлер эми президентке да ант берет.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун бийлик чылбырын колго алганына бир жыл болду. Президенттин акыркы апталардагы коомдук-саясий чөйрө менен байма-бай жолугушуп, өлкөнүн өнүгүшүнө байланышкан маселелерди талкуулап жатканы бир жылдык ишин жыйынтыктоо ишарасы катары бааланууда.
Бишкектеги "Акнет" телекоммуникациялык компаниянын башкы кеңсесин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы текшерүүдө.
Жетигенди Энесайдагы байыркы кыргыздар пайдаланып, Ала-Тоого көчкөндө аспап ошол аймакта калган деген маалыматтар бар. Соңку жылдары комузчу, ырчы Бактыгүл Абдисаламова угармандарга “жетигенчи” катары таанылып калды.
Дагы жүктөңүз