"Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Бүгүн Азаттыкта" жаңылыктар программасынын алып баруучусу.
Бишкекте Жогорку Кеңештин тарашын талап кылган митинг өттү.
Мыйзамсыз баюуга шектелип кармалган милициянын полковниги Жалил Атамбаев үй камагына чыгарылды.
Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартууга жол ачылды.
Жогорку сот Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандаттан ажыратты.
Орусияда күйүүчү май кымбаттап, Казакстандан мунай экспорту токтогону үчүн Кыргызстанда бензиндин баасы көтөрүлдү. Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы Алиярбек Абжалиевге каршы УКМК териштирүү баштады. Депутаттын өзү муну"Азаттыкка" "куру доомат" деп баалады.
Бажыда коррупциялык схема түзгөн Райымбек Матраимовдун киреше-мүлкү кайрадан суроо жаратып, убактылуу камалды. Ушул тапта сотто экс-бажычынын бөгөт чарасы каралганы турат.
Кыргыз бажысынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 18-февралда кайра кармалды. Баткендиктер Камчыбек Ташиевди пикет уюштуруп, тосуп алышты. Атайын кызматтын башчысы чек ара маселелерине өзү жооптуу экенин айтып, Баткен облусуна өзгөчө макам ыйгаруу каралып жатканына токтолду.
5-апрелде Кыргызстандын жаңы муфтийи шайланат. Өзбекстан Сардаба суу сактагычын кайра курат. Бул тууралуу Ташкент жашыруун токтом кабыл алганы белгилүү болду. Сырдарыя облусундагы суу сактагыч былтыр жырылып кетип, алты киши каза болгон.
Жалал-Абаддын Ала-Бука районундагы Өзбекстан менен чектеш жердеги Кош-Болот айылынын тургундары митингге чыкты. Жергиликтүү бийлик эки коңшу өлкө өз ара жер алмашканын билдирди.Дүйнөлүк Соода Уюмун Нгози Оконжо-Ивеала жетектейт.
Бажыдагы коррупцияга айыпталган Райымбек Матраимовдун өлкөдөн 700 миллион доллар чыгарып кеткени боюнча тергөө уланууда. Анын чет өлкөлөрдөгү мүлкү текшерилип жатат. Бишкекте чек ара көйгөйлөрүн көтөргөн акция өттү. Өмүрбек Суваналиев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп барды.
Кыргыз Бажысынын мурдагы аткаминери Райымбек Матраимов күнөөсүн моюнуна алып, 260 миң сом айып пул менен жазадан кутулганы коомчулуктун кызуу талкуусунда. Бүгүн Бишкекте эң мыкты иликтөөчү журналисттерге "Уланбек Эгизбаев" атындагы сыйлык ыйгарылды. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедо
Баткенде премьер-министр Улукбек Мариповдун Төрткүлгө байланыштуу билдирүүсүнө нааразылар митингге чыгышты. Президент Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси Райкүл Жапарованын кылмыш иши кайра тергелет. Бельгияда ирандык дипломат Асадулла Асади 20 жылга кесилди.
"Баткендеги "Төрткүл суу сактагычына келген каналдын башы Тажикстанга өтүп кетти" деген маалымат жергиликтүү тургундардын тынчсыздануусун жаратты. Чек аралаш аймактагы стратегиялык жайга байланыштуу талкуу күчөдү.
Москвада Алексей Навальныйдын сотунун алдында бир нече киши кармалды. Бүгүн сот оппозиционердин шарттуу жазасын түрмөгө алмаштырды.
Парламенттеги башкаруучу коалиция Улукбек Мариповду премьер-министрликке көрсөттү. Оштогу иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков Улуттук коопсуздук комитетине суракка чакырылды. Орусияда бийликке каршы акцияларда кеминде 5 жарым миңдей киши кармалып, аларга четинен кылмыш иштери козголо баштады.
Коронавирустан каза болгондордун чыныгы саны кыйла көп болушу ыктымал. УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев "коррупция" беренеси менен шектелүүдө. Орусияда Алексей Навальныйдын тарапташтары кармала баштады.
Депутат Акылбек Жапаров эмгек мигранттарын Москвага поездге салып жөнөтүүнү сунуш кылды. Аялын өлтүрүп, өзу уу ичип алды деп шектелген 45 жаштагы эркек ооруканада каза болду. Вашингтондо АКШнын 46-президенти Жо Байдендин инаугурациясы өтөт.
Финансы полициясынын мыйзамсыз байлык топтогон деп шектелген аткаминери кармалды. Журналист Шаиста Шатманова басымга дуушар болгонун "Фейсбукка" жазды. Ырчы Самара Каримова Оштогу окуу жайдын директорунун бөлмөсүн ээлеп алды. Алексей Навальный Москвадагы тергөө абагында отурат.
"Элдик көзөмөл" деп аталган бейрасмий кыймылдын жетекчиси Бакай Кашкарбаевге кылмыш иши козголду. Ак таңдай акын Элмирбек Иманалиевдин туулган күнүн утурлай эскерүү кечеси өттү. Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный 30 күнгө камалды.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев грыжадан, жүрөк жана башка оорулардан жабыркап, дарыланууга муктаж.Кримтөбөл Көлбаевдин уюшкан кылмыш тобунун дагы бир мүчөсү кармалды.Самара Каримованы Оштогу музыкалык окуу жайдын жамааты кабыл албай жатат.
Дагы жүктөңүз