"Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Бүгүн Азаттыкта" жаңылыктар программасынын алып баруучусу.
Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун өкүл баласы, Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов казынага 1 миллион сом төлөп, үй камагына чыкты. Студенттер Интернет аркылуу Садыр Жапаровго кайрылып, контракт акысын азайтууну суранып жатышат. Дүйнөлүк Саламаттык сакто
Ош облусунда белгисиз адамдын огунан эки милиция кызматкери жарадар болду. Ысык-Көлдө күйөөсү кызганычтан улам, аялын муунтуп өлтүрүп, өзү уу ичип алган.
Кара-Суудагы айыл өкмөт башчысы Мунарбек Сайпидинов камакка алынды. Экс-премьер-министр Кубатбек Боронов финансы полициясында сурак берди.
5-6-октябрда жабыркагандар ошол кездеги митингдердин уюштуруучулары да, учурдагы бийлик да жардам бербей жатканына нааразы. Орусияда жол кырсыгына кабылган чет өлкөлүктөрдүн көпчүлүгү борбор азиялык мигранттар. Былтыр тогуз айда 150 миңден ашуун жол кырсыгы катталган.
Бишкек абанын булганышы боюнча дүйнөдө алдыңкы сапка чыкты. Адистер мунун себебин шаардагы машинеден чыккан булганыч газ, үйлөрдөгү мештерден жана Жылуулук электр борборунан оргуган түтүн менен түшүндүрүүдө. Боршайкомдун жумушчу тобуна бир катар талапкерлердин үстүнөн арыз түштү.
Башкы прокуратура Жогорку соттун төрайымы Калиева боюнча Тартип комиссиясына сунуштама берди. Буга чейин УКМК төрагасы Ташиев, эгер комиссия макулдугун берсе Калиева камалаарын айткан. Орус бийлиги оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйга көз боёмочулук беренеси менен кылмыш ишин козгоду.
Таанымал куудулдар Рахман Разыков менен Абдылда Иманкулов ОшТВ телеканалы бийликти сындаган концерттин жарнамасын эфирге бербей жатканына даттанышты. Алардын жаңы тамашасы «Оңолмок элек биз качан, ордодо турса үч пахан» деп аталат.
Улуттук коопсуздук комитети менен Жогорку Соттун тиреши токтой элек. Шайлоодогу үгүткө ушул тапта 90 миллион сомдон ашык акча сарпталса, анын жарымы Садыр Жапаровдун штабынан кетти. Европа Биримдигинде коронавируска каршы жапырт эмдөө башталды.
Бишкек шаардык соту Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратуу чечимин чыгарды. Саясатчы муну "саясий чечим" дейт. Профсоюздар федерациясындагы ызы-чуу жамаатты экиге бөлдү. Федерацияда кош бийлик.
Бүгүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттердин көңүл чордонунда болду. Башкы чекист колго түшүрүлгөн депутат, Матраимов менен Жогорку соттун төрайымына козголгон кылмыш иштери, Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы тууралуу айтты.
Боршайком ээр-токумчан ат белекке алган талапкерлерлерге эскертүү берди. Ипотекалык насыя алган дарыгерлер жана мугалимдер өкмөт үйүнүн алдына нааразылыкка чыгып, үстөктү төрт пайызга түшүрүүнү талап кылышты.
Президенттикке талапкерлер шайлоо өнөктүгүнө канча акча сарптады? Коронавирустун жаңы түрү Европаны бушайман кылууда. Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө Жаңы жыл алдында балаты базары кызыды.