"Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Бүгүн Азаттыкта" жаңылыктар программасынын алып баруучусу.
Бир үйдүн жалгыз кызы Айзада Канатбекова уурдалып, өлтүрүлгөндөн кийин Кыргызстанда коомчулук министр Ниязбековдун отставкасын талап кылууда. Алардын арасында айрым депутаттар да бар. Ошол эле маалда кылмышка шектелген 3 адам тең кармалды. Айзаданын сөөгү жашырылды. // "Бүгүн Азаттыкта". 08.04.21.//
Жол эрежесин бузган эки берене боюнча айып пул кайра каралууда. Бишкекте "Март, Апрель, Октябрь революцияларынын сабактары" деген талкуу өттү. Путин буга чейинки бийлик мөөнөттөрүн «жокко чыгарган» мыйзамга кол койду. "Бүгүн Азаттыкта" жаңылыктар программасынын 2021-жылдын 6-апрелиндеги чыгарылыш.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Темирландын кылмыш иши кайра каралат. "Улуттар Биримдиги" партиясынын лидери Мырзакматов "Ата-Журт Кыргызстан" партиясын "административдик ресурс колдонуп жатат" деп сындады. Косоводо 39 жаштагы юрист, парламенттин экс-спикери Вйоса Османини айым бийликке келди.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев баласынын шайлоого аттанганын кубаттады. ТИМ кызматкери Бахтияр Шакиров эмдөөдөн каза болгон жок. Президент Садыр Жапаров "Инстаграмдагы" баракчасына Орусияга аба каттамдарынын санын арттырууну жана авиабилеттердин баасын жеке көзөмөлүнө алганын жазды.
"Жарандык көзөмөл комитети" Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын кызматтан четтетилишин бийликтин "саясий кысымы" деп баалап, Бириккен Улуттар Уюмуна кайрылды.Баткенде Сох анклавына жол ачылды. Орусияда абакта отурган саясатчы Алексей Навальный ачкачылык жарыялады.
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болду. Транспорт министрлигинин жетекчилигинде камалгандар көп. АКШнын Мамлекеттик департаменти дүйнөдөгү адам укуктарына арналган баяндамасын чыгарды, анда кыргыз бажысындагы коррупция тууралуу да айтылган.
Боршайком жергиликтүү шайлоодо добуш сатып алуу сыяктуу одоно мыйзам бузуулар болуп жатканын эскертти. Өлкөдө азык-түлүк баштаган товарлардын баасы кымбаттоодо. Тамак-аштын айрым түрлөрү 50% көтөрүлдү.
Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө башталды. Бишкек менен Ташкент Кемпир-Абад суу сактагычынын плотинасын Өзбекстандын аймагы деп калтырып, андагы сууну чогуу пайдаланууну макулдашты. Казакстанда коронавируска чалдыккандар көбөйүп жатат. 27-мартта бир суткада 22 бейтап көз жумду.
Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы толук такталганын Камчыбек Ташиев билдирди. Пандемия күчөп турганда Саламаттык сактоо министрлиги зарыл жабдыктарды үч эсе кымбат сатып алган. Түркиядагы уйгурлар Бээжиндин Шинжаң саясатына каршы акцияга чыгышты.
Күйүүчү майдын баасын ооздуктоо үчүн өкмөт Казакстан менен Өзбекстандан чийки зат алып келет. Бишкектеги “ТЭЦ-2” конушунун тургундары Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыкты. Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан баңгизат колдонгондон улам көз жумганы аныкталды.
"Жоогазын ыңкылабына" 16 жыл толду. Аскар Акаевдин үй-бүлөлүк бийлигин кулаткан элдин нааразылыгы эмнеден тутанып, эмне менен аяктаган? Жогорку сот Аида Салянованын "лицензия" ишин кайра кароого жөнөттү. УКМК Ө.Бабановго карата иштерди жапты. Экс-премьер-министр жардам иретинде 100 млн. сом төгөт.
Ош шаарында киши колдуу болгон адамдын сөөгү табылды. Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушуна Өзбекстандан капитал тартылышы ыктымалдыгын айтты. Тажикстанда коронавируска каршы эмдөө башталды.
Өзгөн шаарында белгисиз адамдар үч кишини атып кетти. Депутат Марат Аманкулов мыйзамсыз байыган деп шектелүүдө. Анын байлыгы бир жарым миллиард сомдон ашык деп бааланды. Human Rights Watch Азербайжанды туткунга түшкөн армян аскерлерин кыйноо боюнча фактыларды териштирүүгө чакырды.
Бишкектеги 13 жаштагы өспүрүмдүн өлүмүнө шектелип анын агасы кармалды. Базар баасын көзөмөлдөө үчүн Кыргызстан суу май менен кумшекерди четке чыгарууга тыюу салды. Өзбек прокуратурасы Сох окуясы үчүн айыпталгандарды 10 жылга кесүүнү сурады.
Саясатчы Адахан Мадумаров бийликти сындагандарды куугунтуктоону токтотууну талап кылды. Президент Садыр Жапаров Таласта Жерүй кени боюнча митингге чыккандар менен жолугушту. Коңшу Тажикстанда күйүүчү май кымбаттап, бензиндин таңкыстыгы жаралды.
Ирактан 79 бала Кыргызстанга кайтарылды. Кыргызстанда коронавирус жугузгандар көбөйдү. Армениянын туңгуч президенти Левон Тер-Петросян премьер-министр Никол Пашинянды токтоосуз кызматтан кетүүгө чакырды.
Тажикстанда кармалган 12 кыргызстандык мекенине кайтарылды. Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов Ошто шайлоо таза өтпөй турганын билдирди. Казакстандык дижей Иманбек Зейкенов дүйнөлүк Grammy сыйлыгына ээ болду.
- Орусияда үй өрттөнүп, кыргызстандык мигранттардын эки баласы чарчап калды. - Баткендеги аткезчиликке каршы операцияда коопсуздук комитетинин эки кызматкери жараат алды. -Дүйнөдө он миллиондогон киши ачарчылыктын запкысын тартууда.
Жогорку Кеңеш конституциялык референдум өткөрүүнү колдоду. Парламментте добуш берүүгө камактан жаңы чыккан депутат да келди. Баткенден жаратылыш газы сыртка мыйзамсыз ташылып жатканын бийлик төгүндөдү. Бир жыл мурун дүйнөгө токтоосуз тараган коронавирус пандемиясы 2,5 млн адамдын өмүрүн алды.
- Кыргызстан өз жарандарын алып келүү үчүн Сирияга учак жөнөтөт.
Дагы жүктөңүз