Мамлекеттик каттоо кызматы айдоочулук күбөлүк алыш үчүн экзамен тапшыруунун жүрүшүн онлайн - түз көрсөтуп турмай болду.
2017-жылы Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун бет-жаак хирургиясы бөлүмүндө эрин, таңдай кемтиги менен төрөлгөн 350 балага операция жасалган.
Кыргызстанда Латын Америкасынан чыккан социалдык бийлерге кызыккандар арбып баратат. Учурда Бишкекте ушул багытта иштеп жаткан бир нече бий студиялары бар.
Кыргызстанда мектептерде окуу жылы адаттагыдай 1-сентябрда эмес, 10-сентябрда башташы мүмкүн.
Бишкекте каракчылык коштолгон уурулук күч алды. Шаардын чет жакасындагы жаңы конуштардын биринде катары менен бир нече кошуна үйүндөгү болгон баалуу буюмдарын ууруларга алдырып койгонун, ал кылмыштардын бети ачылбаганын айтууда.
Бүгүн бардык православ чиркөөлөрүндө Иса пайгамбардын туулган күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар өтүүдө. Христиан динин тутунган кыргызстандыктардын үйлөрүндө да бул күнү дасторкон жайылып, майрам белгиленип жатат.
Жалгыз бой эне Наргиза Жолдошева тубаса майып уулу Аман басып кетсе деп жан үрөп келет. Жашоосу арабада өтүп келе жаткан тогуз жаштагы Аман дарыгер болуп, өзүнө тагдырлаш балдарды айыктырсам деп тилейт.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Канатбек Исаевди Кылмыш кодексинин 303-беренесинин ("Коррупция") негизинде айыптуу деп таап, үй мүлкүн мамлекеттин эсебине алуу менен 12 жылга күчөтүлгөн абакка кесүү өкүмүн чыгарды. Ошондой эле Исаевге үч жыл м
“Бишкек парк” соода борборунун алдына бүгүн бир нече жарандык активист митингге чыгып, соода түйүнүнүн жетекчилиги улуттук баш кийим саналган калпакты шылдыңга алганын айтышты.
Кыргызстанда он жети медиа жана эл аралык уюм соттун чечими менен доого жыгылган журналисттерге каражат топтоду.
27-декабрда Бишкекте жана өлкөнүн айрым аймактарында кар жаады. Жааган кар автоунаа, байланыш түйүндөрүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишине түйшүк жаратты.
Айдоочу Майрамбек Солтонкулов 10 жылдан ашуун убакыттан бери Бишкек шаарында автобус айдап, эл таашыйт. Ал бүгүн күнүнө жүздөгөн жүргүнчүлөрдү каалаган жерине жеткирген автобус айдоочуларынын ишинин кыйындыгын, жолдогу көйгөлөр, жүргүнчүлөрдүн маданияты, коомдук транспорт маселери жөнүндө айтып бере
Бишкектин айрым тургундары Иерусалимди Израил борбору катары таанууга каршы акция өткөрүштү. "Umma.kg" басылмасы палестиналыктарга тилектештик билдирүү максатында уюштурган митингге 80дей киши катышканын маалымдады.
Бишкек шаардык мемориалдык музейлер башкармалыгынын башчысы Арман Момаханова айлыгы да, сыйлыгы да жарытпаган музей ишмердигин эмнеге тандап алганын, кыргызча кантип “тили буудай кууруп” калганын “Азаттыктын” “сыябан-маегинде” баяндап, созолонто ырдап да берди.
НТСтин тегерегиндеги окуяларга байланыштуу телеканалдын юристи Амантур Абдырахманов жана "Grexton Capital LTD” компаниясынын адвокаты Елена Дзимидовичтин пикири.
НТС телеканалынын мүлкү каттоого алына баштаганын медиамекеменин юристи Амантур Абдырахманов билдирди. Бүгүн түш ченде каналдын имаратына сот аткаруучулар менен прокуратура кызматкерлери барышкан. Алар эки сааттай жабык эшик артында сүйлөштү.
Бишкектин Биринчи май районду соту “Ата Мекен” фракциясынын лидеринин милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматовго өкүм чыгарды. Соттун чечимине ылайык Шыкмаматов эркиндикте калганы менен 5 млн. сом айыпка жыгылды.
Мындай пикирин коопсуздук маселелери боюнча эксперт Таалатбек Масадыков «Азаттыкка» маегинде билдирди. Аны менен кабарчыбыз Бакыт Асанов маектешти.
24 жаштагы Айпери Аралбаева тубаса шал оорусу менен ооруйт. Мүмкүнчүлүгү чектелген кыз-келиндердин укугун коргогон "Назик кыз" борборунун активисти Айпери майыптарга карата басмырлоо мамиле менен күрөшүп келет.
Белгилүү кинорежиссер, сценарист, продюсер Темир Бирназаровдун “Түнкү кырсык” көркөм тасмасы Таллиндеги дүйнөгө белгилүү “Караңгы түндөр” кинофестивалында баш байгени жеңди.
Дагы жүктөңүз