«KYZart» - кыздардан түзүлгөн алгачкы граффити долбоору. Анын мүчөлөрү Жаркын Жумакадырова жана Сейдана Акунова бул долбоорду негиздеп, ушул тапта Бишкек шаарындагы имараттардын дубалдарына сүрөт тартып жатышат.
5-июнда Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жаштар ортосунда уруш чыкты. Анын аркасы айылда чоң чырга айланып кете жаздап, бирок тартип сакчылары ага жол беришкен жок.
Кино режиссер Актан Арым Кубат өзү төрөлгөн Сокулук районундагы Күн-Туу айылында фильм тартуунун машакатын чагылдырган көргөзмө ачты.
Ала-Бука районун борборундагы мектепти мындан он жыл мурун бүтүргөн классташтар мектептин инфраструктурасын оңдоп-түзөө иштерине 1 миллионго чукул сом беришкен. Демөөрчүлүк кылган классташтардын демилгеси тууралуу төмөнкү видеодон көрүңүздөр.
«Коррупцияга каршы чыныгы күрөш үчүн!» деп аталган тынч митингдин уюштуруучусу, активист Рита Карасартова бүгүн, 3-июнда Бишкекте Жогорку Кеңештин алдына чыкты.
Балдардын Эл аралык күнүнө карата Касымалы Баялинов атындагы китепканада “Кыргызстандын өнүгүүсүнө балдардын салымы” аттуу фестиваль уюштурулду. Ага эл аралык жана атамекендик мелдештерде ийгилик жараткан өспүрүмдөр баш болгон 170тей бала катышты.
Куралдуу күчтөрдүн түзүлгөнүнүн 27 жылдыгына жана Мамлекеттик чек ара кызматынын түзүлгөнүнүн 20 жылдыгына карата Опера жана балет театрында өткөн жыйында президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз армиясына оң баа берди.
Бүгүн Кыргызстандын мектептеринде «Акыркы коңгуроо» кагылып, кезектеги окуу жылы жыйынтыкталды.
Ооганстандан көчүрүлүп келген памирлик кыргыздар Кыргызстандын жарандыгын алып, тарыхый мекенинде биротоло калууну көздөп жатышат. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда, алардын кайрылман статусу болгондуктан жарандыкты оңой алууга болот.
Кыргызстанда 18-май Эл аралык музей күнүнө карата "Музейлер түнү" иш-чарасы болуп өттү. Музейлерде көрүүчүлөр искусствонун түрлөрүн гана көрбөй, айкелчиликтин сырлары менен таанышып, сүрөт тартып, улуттук кийим-кече, буюм-тайымдардын көргөзмөсүнө да күбө болушту.
Мурдагы баш прокурор Аида Салянова Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошотулушу боюнча “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди. Ал Батукаевди абактан бошотууда мыйзамдык жагынан мүчүлүштүктөр кетпегенин белгиледи. Кримтөбөл абактан бошоп, өлкөдөн чыгып кеткенге чейин маалыматы болбогонун айтты.
Талас шаарында 4,5 миллион сомго алынган туялардын дээрлик баары куурап калды. Негизги үч көчөгө отургузулган көчөттөр үч айдан бери саргайган бойдон турат. Ар бири 2190 сомдон бааланган эки миң туя Жерүйдүн акчасына тендердин негизинде Польшадан сатып алынган.
Бишкекте “Монеден Малевичке чейин. Улуу модернисттер” аттуу көргөзмө өтүп жатат. Көргөзмө картиналарды 3D экранда музыканын коштоосунда чуурутуп көрсөтүү менен өзгөчө болууда.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-башкармалыгынын мурдагы башчысы, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеев өзүнүн жана ата-энесинин мүлкүн журналисттерге көрсөттү.
Жогорку сот "Ата Мекендин" абактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин жана анын партиялашы Дүйшөнкул Чотоновдун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды.
Ысык-Атадагы Норус айылында мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн 21 млн. сомго салынып жактан мектептин сапатына жергиликтүү тургундар нааразы. Айылдыктар бийликке кайрылып курулушка тыкыр көзөмөл кылууну суранып жатышат. Тендерден утуп алган «Саруу строй» компаниясы дооматтарды четке какты.
“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүндө бийлик аралашкан жер талаш тууралуу сөз болот.
Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде “Жибек жолу” интерактивдүү көргөзмөсү жыйынтыкталды. Иш-чаранын алкагында “Чыгыш бермет саптары” аттуу поэзия кечеси өттү. Анда чыгыш элдеринин ырларын ар улуттун өкүлдөрү өз тилинде жаңыртып, кыргыз акындары алардын котормолорун окуп беришт
«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, аталган партиянын мүчөсү Дүйшөнкул Чотонов жана саясатчы Садыр Жапаровдун соту жылды. Алардын иши каралып жаткан учурда саясатчылардын тарапташтары Жогорку соттун алдына митинг кылып, бийликтен аларды бошотууну,
Жогорку Соттун алдында камактагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдун тарапташтары чогулду.
Дагы жүктөңүз