"Улут аралык кастыкты козутту" деп айыпталып жаткан жаранга карата өкүм келерки аптада чыгышы мүмкүн. Айыпталуучунун тарапкерлери бир жарым жылга созулган бул иште кылмыштын курамы жок экенин айтышууда.
Юстиция министрлиги Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) лидери катары Сагынбек Абдрахмановду каттады. Экс-президент Алмазбек Атамбаев төрагалык кылган партиянын катчылыгы болсо муну рейдерлик деп атоодо.
9-апрелде Бишкек шаардык сотунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Мурат Суталиновду ден соолугуна байланыштуу түрмөдөн бошотуу маселеси каралып, тогуз күбө суралды. Бир күбө келбей калганы үчүн кийинки отурум 15-апрелге жылды.
2010-жылдагы Апрель революциясына быйыл тогуз жыл болду. 90го жакын адамдын өмүрүн алган ыңкылапты президент Сооронбай Жээнбеков баш болгон бийлик жетекчилери «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде эскеришти.
6-апрелде Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев баштаган КСДПнын курултайы жабык өттү. Курултайды чагылдырууга барган «Апрель» телеканалынын кабарчыларынан башка журналисттер иш-чарага киргизилген жок. Курултайда мурдагы саясий кеңеш жоюлуп, жаңы саясий кеңеш түзүлдү.
Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде «Жибек жолу» интерактивдүү көргөзмөсү ачылды. Аны «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду «Кийиз дүйнө» коомдук фонду менен чогуу уюштурууда.
«Ак-Тилек - Автожол» көзөмөл өткөрмө бекетинде Казакстанга өтүү үчүн кезекте турган оор жүк ташуучу автоунаалардын саны азая элек. Айдоочулардын алды бир аптадан бери күнү-түнү автоунаасында жашап жатат.
Бириккен Араб Эмираттарында өткөн дүйнөлүк атайын олимпиадада кыргызстандык спортчу кыздар алтын медаль тагынды. Алар бадминтон боюнча мелдешке чыгышкан. Бишкектеги атайын мектепте окуп жаткан Перизат Жанышбекова жеңишке жеткенине ишене албай турат.
29-мартта Чүйдүн Аламүдүн райондук соту ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча милиция кызматкерлерине карата козголгон ишти кароону улантты. Процессте жарыш сөз башталып, мамлекеттик айыптоочу милиция кызматкерлерин беш жылга эркинен ажыратууну өтүндү.
Токмок шаарынын мэри Данияр Амангелдиев күйүүчү май аткезчилиги, бензиндин үймө-үй сатылышына байланыштуу адам өмүрүнө коркунуч туулган опурталдуу окуялар да катталып жатканына токтолду.
27-мартта Бишкектеги ботаникалык бакты ушул калыбында сактап калууга кызыкдар шаардыктар жана активисттер шаар мэриясынын чечимине каршылык билдирип чыгышты.
Ош облусунун Ноокат районунан келген жыйырмадай ата-эне балдары менен Бишкекте парламент имаратынын алдында нааразылык акциясын өткөрүштү.
Эки саатка созулган саамалыкта боордоштор ырдап, бийлеп, “Манас” айтып, комуз, ооз комузда кол ойнотуп беришти. Концерттин алкагында айрымдарын “Азаттык” кепке тартты.
Бишкектеги Алатоо университетинин студенттери Нооруз майрамында өзүнүн улуттук тамак-ашын жасап, салт-санаасын көрсөтүштү. Окуу жайда окуган 27 улуттун өкүлдөрү 12 диаспора түзгөн.
"Коопсуз шаар" долбоорунун камералары каттаган жол эрежелерин бузуу фактылары боюнча айыппулдар төлөнө башталды. Мында автоунаа ээлери менен машинени айдап жүргөн адамдын жоопкерчилигине байланышкан жана башка маселелер жаралууда.
«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын чет мамлекеттердеги элчилери жана консулдуктарынын башчылары менен жыйын өткөрдү. Мамлекет башчысы Кыргызстандын тышкы саясатындагы негизги багыттар тууралуу кайрылуу жасады.Жыйынга 27 мамлекеттеги элчи жана ири шаарл
Баткенде чыр чыккан жерде жол курулуп жаткан аймак Кыргызстанга таандык. Бул тууралуу 14-мартта «Азаттыкка» Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рустенбеков билдирди.
«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын чет мамлекеттердеги элчилери жана консулдуктарынын башчылары менен жыйын өткөрдү.Мамлекет башчысы Кыргызстандын тышкы саясатындагы негизги багыттар тууралуу кайрылуу жасады.Жыйынга 27 мамлекеттеги элчи жана ири шаар
Иран менен Ирак саясий кызматташтыгын бекемдөөдө. Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев милиция кызматкерлеринен арыктоону талап кылды. Сириядан төрт баласы менен мекенине кайтарылган казакстандык келиндин арманы жана үмүтү. Жигитинен элдин көзүнчө кордук көргөн тажикстандык кыз кайра аны коргоп чыкты.
Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети көчмө жыйында “Коопсуз шаар” долбоорун талкуулады. Жыйында депутаттар долбоордун аткарылышы боюнча бир катар сын айтышты.
Дагы жүктөңүз