Кыргыз бийлиги өлкө сыртында жашап, иштеп жүргөн мекендештер менен байланышты жандантып, мамлекетти өнүктүрүүнү көздөйт. Бул маселе Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңешинин алгачкы жыйынынын өзөгүн түздү. Өкмөт өкүлдөрү жана чет мамлекеттерден келген кыргызстандыктар катышкан
Чүй облустук соту өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровду эркиндикке чыгаруу өтүнүчүн канааттандырган жок. Укук коргоочу Төлөкан Исмаилова бул чечимдин үстүнөн Жогорку сотко доо арыз жолдошорун билдирди.
Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён үч күндүк расмий сапары уланууда. Кыргызстандын эгемендик тарыхында Түштүк Кореянын өкмөт башчысы Кыргызстанга алгачкы жолу расмий сапар менен келди. Расмий Сапардын алкагында Ли Нак Ён «Кыргызстан - Түштүк Корея» бизнес-форумуна катышып, Кыргызстандын прем
Бишкекте «Санариптик трансформация шартында маалымат каражаттарындагы эркиндик жана плюрализм» аттуу Борбор Азия медиа конференциясы өтүп жатат.Конференцияны Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) уюштурган. Иш-чарага Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүнөн жана Монголиядан 100дөн ашык журнал
Жогорку сот «Ата Мекен» партиясынын түрмөдөгү лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи, экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кароону 21-августка жылдырды. Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, судья жараяндын жылы
15-июлда Токмоктун тургундары шаардык соттун имаратына чогулушту. Алар укук коргоо органдары жергиликтүү жаштарга негизсиз айып тагып, куугунтук күчөп жатканына нааразылыгын билдиришти. Токмоктуктар бул иштердин артында Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаев турганын айтышса, эл өкүлү анын тиешеси жок экендигин "Азаттыкка" билдирди.
аялдар азчылыкты түзгөн жогорку илимий-технологиялык чөйрөдөгү аэрокосмостук инженериянын жалпыга таанылган аял адистеринин жана NASAнын техникалык контролдук бөлүгүнүн катарындагы түстүү айымдарынын бири болуп саналат. Ал 9-10-июлда Бишкекrе келип, жаш ойлоп табуучулар менен жолугушуп, атайын сабак
Бишкекте жаш активисттердин демилгеси менен “Китепкөй Ала-Тоо” долбоору башталды. Беш күндөн бери борбор калаадагы мектеп окуучулары, студенттер кечкисин Ала-Тоо аянтында китеп окуп, элди да китеп окууга чакырып жатышат. Бул иш-чара буга чейин ишке ашып келген “Бир адамдан бир китеп” долбоорунун уландысы.
Токмок шаарынын соту дарыканадан 25 миң сом уурдаган жаранды 70 миң сом айып пулга жыгып, беш жылга эркинен ажыратты. Айыпталуучу Замир Кожоканов кылмышка ооруп жаткан кызына дары алууга акчасы жок үчүн барганын айтып, күнөөсүн мойнуна алып, милицияга өзү барган.
Бишкекте «Мигрант ишкер» долбоорунун алкагында өткөрүлгөн окутуу соңуна чыкты. Чет өлкөдө эмгек мигранты болуп жүрүп, кайра Кыргызстанга кайткан мекендештерди ишкердикке үйрөтүү максатын көздөгөн долбоор Германия өкмөтүнүн колдоосу менен жүзөгө ашты.
Камактагы саясатчы, "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 6-июлда кайненесинин тажиясына барып, коштошуу зыйнатына катышты. Маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү Чүйдүн Таш-Дөбө айылында болду. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Текебаевге атайын күзөттүн коштоосунда барууга бир күнгө уру
«Cambridge School» мектебинин нигериялык 34 жаштагы окутуучусу 2-июлда "Айчүрөк" соода борборунун жанында жеген таяктын уусунан ооруканада каза болду. Сөөгү 5-июлда Байтик айылындагы Чоң-Арык көрүстөнүнө коюлду. Маркумду сабаганга шектелип 22 жаштагы жаран кармалган.
Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунда жашаган жаратман, программист агай Зиодхан Атаходжаев элеттеги элге үйдө отуруп, каалаган багытта иш алып барууга үндөп келет. Ал дүйнөдө популярдуу болуп бараткан программалоонун питон тилин кыргызчага которуп, китеп кылып чыгарган.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев парламенттин аны экс-президент макамынан ажыраткан чечимине карата комментарий берди. Кылмыш иши козголуп калса, тергөөгө барбай турганын “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Орусияда жана башка өлкөлөрдө иштеген мигранттар менен коомдук уюмдардын өкүлдөрү бүгүн Бишкекте «Мигрант үнү» деген тынчтык акциясын өткөрүштү. Алар миграция көйгөйүн чечүү жолдорун бийликке сунушташты. Миграциялык улуттук концепция түзүлбөсө, өлкөнүн келечеги бүдөмүк деген ойлорун ортого салды.
20-июнь Качкындардын бүткүл дүйнөлүк күнү. Кыргызстандагы чет өлкөлүк бозгундар үчүн бул күнү спорт мелдеш уюштурулду. Иш-чараны Мамлекеттик миграция кызматы менен БУУнун Качкындар боюнча башкы комиссарлыгы биргелешип уюштурду. Футбол федерациясынын аянтчасында өткөн мелдеш аяктагандан кийин качкынд
Бишкекте "Жетимдердин укугун коргоо борбору" балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн тигүү цехин ачты. Аталган уюм эки жылдан бери социалдык колдоо долбоорлорун ишке ашырып келет. Былтыр мындай балдар үчүн убактылуу жашап турууга атайын үй да ачкан.
Бишкек шаардык соту экс-башкы прокурор Аида Салянованы камакта калтырды. Буга чейин Салянованын адвокаттары экс-ген прокурордун Бишкектеги тергөө абагында кармоо боюнча райондук соттун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен шаардык сотко кайрылган эле.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы палестиналык футболчулар менен жолдоштук беттеште күч сынашып, 2:2 эсебинде тең чыкты. Кыргызстанга таандык голдорду Турсунали Рустамов менен Бекжан Сагынбаев киргизди. Беттеш Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков стадионунда өтүп,
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети 11-июнда айылдык кеңештерде аялдар үчүн 30 пайыз квотаны сактоо боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Долбоор эми парламенттин жалпы талкуусуна коюлуп, үчүнчү окууда кабыл алынышы керек.
Дагы жүктөңүз