Кыргызстанда социалдык түйүндөрдө “Ислам принциптери менен тааныштырып, үйлөндүрөбүз” деген нике агенттиктери иш алып барууда. Арасында кош никеге үндөгөндөрү дагы жок эмес. Андай агенттиктерге жөн гана түгөй издеп барып, экинчи аял болуп турмушка чыккандар дагы бар.
Кыргызстанда киши колдуу болгон үч келиндин өлүмүнө байланыштуу иш сотто каралууда. Үчөө тең күйөөсү же жарандык никеде жашаган адамдын колунан ажал тапкан. Алардын бардыгы мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Мындан сырткары "өз жанын кыйды" деген келиндердин иштери да тергелип жатат.
Сокулук районундагы төрөт үйүндө 25 жаштагы Айым Жыргалбек кызы каза тапты. Ымыркайына операция жасалды. Маркумдун жакындары дарыгерлерди шалаакылыкка айыптап, укук коргоо органдарына кайрыларын билдирди. Дарыгерлер келин "өзү төрөйм" деп, жоопкерчиликти алып, кагаз жазып бергенин белгилешет.
Чүйдүн жака белиндеги айылдарда, жайкысын талаа жумуштарында жалданып иштеген бир нече топтор бар. Алардын көпчүлүгү аялдар. “Данистенин” бул жолку чыгарылышында Сары-Өзөндүн кең талаасында аптапка карабай керелден-кечке жаны тынбай иштеп, жалданма жумуш менен жан баккандар тууралуу айтып беребиз.
Таланттуу пианист жана кинорежиссер, 48 жашында рак илдетинен улам көз жумган Эмил Атагелдиевди жакындары, кесиптештери эскеришти. Буга чейин анын кесиптештери коомчулуктан жана бийликтен каржылык жардам сурап, тез арада чет жактан дарыланууга муктаж экенин айтышкан.
Бишкекте эгемендик күнүнө жана Арстанбек, Токтогул, Барпы, Алымкул акындардын маарекелерине арналган эл аралык айтыш жыйынтыкталды.
Аламүдүн райсотунда дөңгөлөк желимдөөчү жайда иштеген жумушчунун иши каралууда. Ага соцтармакта жазгандары үчүн "бийликти басып алуу жана аймактык кастыкты козутуу" беренелери менен айып тагылып, төрт айдан бери тергөө абагында отура. Жакындары менен адвокаты коюлуп жаткан айыптарды четке кагууда.
Кыргызстандагы мектептерге 17 миллиондон ашуун китеп жетпейт. Ал эми жалпы билим берүү уюмдарынын китепкана фонду окуучулардын 70% гана китеп менен камсыздай алат. Билим берүү министрлиги калганын электрондук китептер менен камсыздоону көздөйт. Быйыл жагдай кандай?
Сталиндик репрессия учурунда атылгандар жапырт көмүлгөн жердин сырын ачкан Бүбүйра Кыдыралиева 96 жашында дүйнө салды. Каарман апа Чоң-Таштагы кыш заводуна 137 адамдын сөөгү көмүлгөн жерди көрсөтүп берген.
Эйжизм - адамдын жаш курагына карата дискриминация. Мындай дискриминацияга бир гана улгайган курактагылар эмес, жаштар дагы кабылышы мүмкүн. Бул ирет “Эже-сиңдилер” берүүсүндө кыргыз коомундагы жаш куракка болгон мамилени талкууладык.
Сузак районуна караштуу Бек-Абад айылында мамлекеттик желек өрттөлгөн, ордуна ак мата илинген окуя өлкөдөгү диний экстремизм-терроризмге каршы күрөш, "Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюму, анын таасир-тамыры тууралуу талкууларга жем таштады.
Бишкекте пластикалык операциядан кийин абалы оорлошуп, көз жумганы айтылган келиндин өлүмүнө байланыштуу соттук териштирүү дээрлик 1,5 жылдан бери уланууда. Маркумдун жакындары дарыгерлер менен соттошууда. Медициналык клиника бардык талаптар аткарылганын "Азаттыкка" билдирди.
Мындан үч жыл мурда ушул маалда Кыргызстанда "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды белгисиз жагдайда жоголуп, дайыны табылбай жаткан эле.
Team Insane Pakistan хакердик тобу 600 миңден ашуун кыргызстандыктардын жана компаниялардын жеке маалыматтарын ачыкка чыгарганын жарыялады. “Азаттык” хакерлер жарыялаган маалыматтар эски экенин, бирок көп адамдардын аты-жөнү, дареги жана жеке идентификациялык номурлары дал келерин аныктады.
Бишкектен 20 чакырымдай жайгашкан Кант шаары ири ишканалары, футболдук инфраструктурасы жана жүздөгөн чет жерлик студенттер билим алган медициналык окуу жайы жана Орусиянын авибазасы жайгашканы менен белгилүү. “Данисте” жүз жылдык тарыхы бар Кант тууралуу баяндайт.
Кыргыз поэзиясынын залкары, 35 жашында дүйнөдөн мезгилсиз өткөн акын Алыкул Осмоновдун Бишкек шаарынын Сокулук көчөсүндөгү 10-номердеги үйү жаңылоого муктаж. Алыкултаануучу Памирбек Казыбаев акындын үйүн заманбап маданий жайга айландыруу аракеттери, шаар бийлигинин убадасы тууралуу айтып берди.
Бишкекте 18-майга караган түнү болгон окуяда 30дай киши жабыркаганы, алардын бир тобу чет элдиктер экени, бир бөлүгү жергиликтүү жарандар экени Салматтык сактоо министрлиги тарткан тизмеден көрүнөт. Төрт чет элдик жаран кармалды. Бишкек менен Исламабад жагдай тууралуу бир канча билдирүү таратты.
30 жыл мурун Бишкектеги көркөм сүрөт окуу жайына академия макамы берилген. Окуу жай белгилүү айкелчи Тургунбай Садыковдун ысымын алып жүрөт. Сүрөт өнөрү кантип жашап жатат? Сүрөтчүлөрдүн негизги темасы эмне? “Данисте” ушул суроолорго жооп издеди
Кыргызстандагы маңзатка каршы күрөш тууралуу ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматынын өкүлү Марсел Дөөталиев "Азаттыкка" маек курду.
Кыргызстанда 130 диний окуу жайы бар. 34ү кыздардын медреселери. Алар куран жаттоо жана илимий болуп, эки түргө бөлүнөт. Кыздарды 9-11-класстан кийин кабыл алышып, 3-4 жылдык билим беришет. Медреселерде диний жана кесиптик билим менен чектелишип, светтик предметтерди киргизүүгө мүмкүн болбой келет.
Дагы жүктөңүз