Искусстводо айтылбаган ыш көйгөйү
20-февралда Бишкектеги абанын булганышына байланыштуу сүрөт, фотография, плакат көргөзмөсү өттү. Акциянын максаты - ыш маселесине бийликтин көңүлүн бурдуруу. Бирок иш-чарага таанымал сүрөтчүлөр дээрлик катышкан жок. Уюштуруучулар бул көрүнүш чыгармачыл чөйрө экологиялык маселелерге кайдыгер экенинен кабар берет деген пикирде.