Кыргыз менен казакка таанымал төкмө акын, комузчу, маркум Элмирбек Иманалиевди эскерип, №27 китепкананын жамааты маданий иш-чара уюштурду. Эскерүүгө маркумдун үй-бүлөсү, жакындары, замандаштары катышкан. Акындын чыгармачылыгын мектеп окуучулары бүгүн дагы бир ирет даңазалашты.
Кыргызстанда коррупцияга айыпталган бир нече киши абактан бошотулду. Бийлик алардын айрымдары мамлекетке ири өлчөмдө акча төлөп бергенин кабарлады. Ал эми карапайым эл элкоррупцияга каршы күрөшкө кандай баа берет? "Азаттык" Бишкектин тургундарына микрофон сунду.
Чүйдүн Сокулук районундагы Орок (Жогорку Орок) айылында айрым эркек талапкерлер жергиликтүү кеңештердеги аялдардын 30% квотасына каршы чыккан. Бул окуя териштирилип жатат. 11-апрелдеги жергиликтүү шайлоодо биринчи жолу республика боюнча аялдардын 30% квотасы колдонулду. Айрым аймактарда аялдар 50 пайызга чейин добуш алган. Шайлоодогу гендердик курам боюнча иликтеген топ маалымат жыйында квотадан тышкары, чоң көрсөткүчтү алган аял депутаттар болгонун белгиледи.
Оштун борбордук аянтына 12-апрелде “Бүтүн Кыргызстан”, “Улуу журт” жана “Бир бол” партияларынын өкүлдөрү чогулуп, шаардык кеңешке өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышты.
4 тил билген, волейболчу Айзада Канатбекованын сөөгү Бишкектен 25 чакырым жердеги Арашан айылына жакын талаадан табылды. Кызды уурдап, өлтүрүүгө шектелген Замирбек Теңизбаев Орусияда 6 жылдай абакта жатып келген. Кылмышка шектелип, издөө жарыяланган 3 жаран тең кармалды. Коомчулук милицияга нааразы.
Кыргызстанда Апрель окуяларынын 11 жылдыгы эскерилди. 2010-жылы Бакиевдин үй-бүлөлүк, кландык-крминалдык бийлигине каршы чыккан элге ок атылып, сексенден ашык жаран жан берген. Андан бери Кыргызстанда төрт президент алмашты. Он бир жыл мурун коюлган максаттар аткарылдыбы?
Кыргызстан бийлик алмашуу менен аяктаган ыңкылаптардан кандай сабак алды? "Азаттыктын" атайын тасмасы.
Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Жол» жана «Кордой» өткөрмө бекеттери эки тараптуу ачылды. Кыргыз өкмөтү эми бул бекеттерден адамдар менен автонулаар өтсө болорун, бирок коронавируска байланыштуу айрым чектөөлөр бардыгын эскертти. «Ак-Жолдо» паспорт көзөмөлдөө жайлары көбөйтүлүп, автоунаалар өтчү жол
“Супара” этнографиялык комплексинин курамында жаңы ачылган интерактивдүү музей чыгаан ишкер жана философ Табылды Эгембердиевдин мурастарынын бири болуп калды. Маркумдун жубайы, комплекстин башкы директору Жаңылсынзат Турганбаева “Азаттыкка" сыябан маек куруп берди.
Кыргызстанда коронавирус илдетине каршы эмдөө башталып, медицина кызматкерлери вакцина ала баштады. Эмдөөгө кытайлык SinoPharm компаниясы чыгарган вакцина колдонулат. Саламаттык сактоо министрлиги вакцинанын сапатына кепилдик берүүдө. Ошол эле кезде андан чочулагандар да бар.
Улуттук онкология жана гематология борборуна нур менен тездетип дарылоочу жаңы эки жабдуу келди. 2018-жылдан берки маселе акыры чечилип, Англияда чыккан "Электра" жабдуусу рак оорусуна чалдыккан бейтаптарды май айынан тарта кабыл алууга даяр. Эми чет мамлекетке каттагандар Бишкектен дарылана алышат.
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 15-мартта «Азаттык» радиосуна эксклюзивдүү интервью берди. Маекте мамлекет башчысы конституциялык реформа, тышкы-ички саясат, кошуналар менен мамиле, оппозиция, демократия, коррупцияга каршы күрөш сыяктуу бир катар талылуу суроолорго жооп берди.
Төрөбай Зулпукаров: "Биримдиктин" каржылык иштеринен кабарым жок
11-мартта Жогорку Кеңеш Конституциянын жаңы долбоорун референдумга коюу жөнүндө мыйзам долбоорун колдоду. Документке эми президент кол койсо 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен чогуу референдум да өтөт. Айрым депутаттар парламентте долбоорго добуш берүүдө депутаттарга басым-кысым болгонун
Бишкекте "Доор өзгөрткөн аял лидерлиги” аттуу форум өттү. Анда аялдардын коомдогу жана саясаттагы орду талкууланды. Бир канча секцияга бөлүнүп өткөрүлгөн жыйында катышуучулар COVID-19га каршы күрөштө аялдардын аткарган иштерин өзгөчө белгилешти. Форум жергиликтүү кеңешке шайлоо алдында өттү.
9-мартта Бишкекте Конституциянын жаңы долбооруна каршы митинг өттү. Акциянын катышуучулары долбоорду четке кагууну, Жогорку Кеңештин таркашын, тез арада парламенттик шайлоо жарыялоону талап кылышты. Алар конституциялык реформага байланыштуу мыйзам бузуулар үчүн президентти жана депутаттарды
Кыргызстандагы Чакан ГЭСтердин консорциумунун жетекчиси Рахатбек Ирсалиев өлкө отун-кубат кризисинен чыгуу үчүн чакан ГЭСтерди куруусу керек деп эсептейт.
Бишкек мэриясы кичи автобустарда жол акысын 15 сомго көтөрүүнү сунуш кылды. Бишкек шаардык кеңеши жол акысын көтөрүү маселеси эл менен талкуудан кийин чечилерин билдирди. Буга чейин жол акы боюнча талаш айдоочулардын митинги менен коштолгон.
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга шек саналып кайра кармалгандан кийин анын тарапташтары Бишкекте жана Кара-Суу районунда митингге чыгышты.
Кыргызстанда жумушсуздар көбөйдү. Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча 2020-жылы жумушсуздардын саны мурдагы жылдарга салыштырмалуу 4 пайызга өскөн жана аталган министрликтен жумушсуз катары 98700 киши расмий каттоодон өткөн.
Дагы жүктөңүз