Бишкекте чек ара көйгөйлөрүн көтөргөн нааразылык акциясы өтүп, ага катышкандар Баткендин Ак-Сай айылында төмөнкү жайыттын, Көк-Таш айылында такталбаган аймактын тажикстандыктар иштетип жатат деп нааразы. Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев
«2020-жылдын мыкты журналисттик иликтөөсү» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Былтыр жалпысынан 40 эмгек келип түшкөн.
Бишкектеги Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрында коомдо резонанс жараткан журналисттик иликтөөлөрү менен таанылган Уланбек Эгизбаевдин жаркын элесине арналган «Уландын иши уланат» деген эскерүү иш-чарасы өттү. Маркум кесиптешибиз 12-февралда 31 жашка чыкмак.
Президент Cадыр Жапаров буга чейин мамлекет башчылар отурган Ак үйдүн жетинчи кабатындагы иш бөлмөсүн алмаштырып, эски өкмөт үйүндө иштеп жатат. Жогорку Кеңештин депутаттары бошоп калган 7-кабатты оңдоп-түзөп, кабинеттерди ич ара бөлүштүрүп алышты.
Бишкекте BURANA FASHION WEEK 2021 деп аталган мода жумалыгы өтүп жатат. 4-февралда иш-чаранын ачылуу аземи өтүп, анда жаш модельер-дизайнерлер өз коллекцияларын тартуулады. -
Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан Кыргызстандагы соңку саясий өзгөрүүлөр жана президент Садыр Жапаров менен жолугушуусу тууралуу "Азаттыкка" маек курду.
“Азаттык” радиосунун “Бийлик сырлары” берүүсүнун коногу “легендарлуу парламенттин” депутаты, академик Жамин Акималиев болду.
28-январда Кыргыз Эл акыны Рамис Рыскулов акыркы сапарга узатылды. Акындын сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду. Өзгөчө таланттын ээси узак оорудан улам 87 жашында дүйнөдөн кайткан.
Бүгүн (23-январда) Таштан Эрматов атындагы музыкалык-педагогикалык колледжинде “Оку” долбоорунун алкагында өткөн IV республикалык online китеп окуу конкурсунун жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды. Бул сынактын максаты мектеп окуучуларынан, мугалимдеринен тартып жогорку окуу жайларынын студенттерине,
Ош облусунун Кара-Суу районундагы фермер Баатыр Тагаев кыргызстандык «кара байыр», түркмөнстандык «ахалтекин» жана орусиялык «владимирец» асыл тукум жылкыларын аргындаштырып жатат. Натыйжада ал аргымактын жаңы түрүн чыгарып, аны «жаңы кыргыз породасы» атады. Албетте, чарба азырынча ирилеше элек, оше
Быйылкы кышта Бишкек бир канча апта дүйнөдөгү ыш каптаган эң кир шаарлардын алдыңкы сабында турду. Абадагы уулуу заттарды толук аныктаган иликтөө жүргүзүлө элек.
Лейлек районун аймагында “Активист” коомдук бирикмеси үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган кыз-келиндер үчүн убактылуу жашоочу коопсуз жай уюштурду. Мындан тышкары жер-жерлерде форум театрларды өткөрүп, зомбулуксуз үй-бүлө курууга үндөп жатышат.
Абанын булганышын ченеген эл аралык уюмдардын көрсөткүчүндө Бишкек шаары сап башынан түшө элек.
Президенттикке жарышкан саясатчылардын КТРКдагы теледебаты 28-декабрда башталып, ага алгачкы алты талапкер - Канатбек Исаев, Клара Сооронкулова, Адахан Мадумаров, Аймен Касенов, Бактыбек Калмаматов жана Каныбек Иманалиев чыгышты.
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев «Азаттык» радиосуна маек берип, айыл чарба өндүрүшүнүн өнүгүшүнө чек арадагы аткезчилик зыянып тийгизип жатканын билдирди.
"Кыргыз кайрык" долбоору "Жаралыш" аттуу музыкалык перформансын көрүүчүлөрүнө тартуулады. Бул перформанс музыкалык үч жанрды өзүнө камтыды. Неофольклор, элдик фольклор жана классикалык заманбап музыкалар колдонулду. Үч жаңы музыкалык жанрды бириктирген спектакль кыргыз маданиятында алгачкы жолу коюл
Таш-Көмүр шаарындагы тоо арасында казылып жаткан көмүр калдыктарын терип, оокат кылган жарандар жүздөп саналат. Алардын арасынан майыптарды, сексенге таяп калган карыларды жолуктурууга болот. Таң эрте колуна атайын жасап алган зымы менен кабын көтөрүп баргандардын жалгыз максаты – үйүнө аман-эсен ка
Пандемиянын шартында cаясий кризиске баткан Кыргызстанга быйыл келген тикелей инвестициянын көлөмү үч эсеге азайды. Быйыл мурдагы жылдарга салыштырмалуу 200 миллион доллардан ашык каражат сыртка кеткен.
Борбор калаанын түндүк тарабындагы Ак-Жар жана Ак-Бата жаңы конуштарынын тургундары, 15-декабрда кечке жуук айланма жолду буушту. Алар муну менен бийликтин көңүлүн тынымсыз өчүп жаткан электр көйгөйүнө бурууга аракеттенишкенин айтышууда.
Мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Финансы полициясына үчүнчү жолу суракка барды. Аткаминер Токтогул районундагы 500 гектар жайыт жана 30 гектар сугат жерин мамлекеттин балансына өткөрүп берди.
Дагы жүктөңүз