Сүрөтчү Нургуяна Иннокентьева Кыргызстандагы 2005-2010-жылкы ыңкылаптардын урунтуу учурларын чагылдырган “Революция портреттери” деген сериядагы сүрөттөрдү тарткан. Якут кызы 30 жылдан бери Кыргызстанда жашайт.
Кыргызстандагы көп улуттуу айылдардын бири Үч-Коргон - Баткен облусунун Кадамжай районунда жайгашкан.
Чүйдө 12 жаштагы баланы өз атасы денесинде соо же калтырбай сабаган окуя коомчулуктун нааразылыгын туудурду. Бир эмес бир нече жолу ур-токмокко кабылганы айтылган баланын атасы бир айга камакка алынды. Ал арада Ошто да үч жашар баланын өлүмүн милиция териштирип жатканы маалымдалды.
Үстүбүздөгү айда “Азаттык” радиосунун обого чыкканына 70 жыл толууда. “Эркин Европа/Азаттык үналгысынын” кыргыз кызматынын алгачкы берүүсү 1953-жылы 18-мартта ободо жаңырган.
Кыргызстандыктар Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн кийин жашап турган үйүнүн, көп кабаттуу имараттардын сапатынан шек санай баштады. Анткени курулуш иштеринде сеймикалык эрежелер эске алынбайт деп эсептешет. Мындан тышкары Бишкектин жогору жагындагы Ысык-Ата жаракасы да ойлонто турган маселе.
Парламент билим берүү жана илим министри кызматына талапкер Каныбек Иманалиевдин талапкерлигин 1-мартта колдоп берди. Билим берүү жана илим министрлигине жаңы жетекчи дайындалганы билим берүү системасын реформалоо сунуштары кайрадан айтылып жатат. Билим берүү тармагына кандай реформа керек?
Кыргызстанда иликтөөчү журналисттер кысымга кабылып, ишмердигине тоскоолдуктар көбөйгөнүн айтышат. Temirov Live редакциясы коопсуздук үчүн эки жылда төрт жолу кеңсе алмаштырганга мажбур болсо, “ПолитКлиника” басылмасы мамлекеттик телеканал менен соттошууга даярданып атат.
Былтыр жaйкысын Германияда иштеп келген студенттер укугу бузулуп, айлык акысын толук албаганын айтып чыгышты.
“Азаттыктын” изилдөөчү журналисти Улан Эгизбаевдин көзү өткөнүнө быйыл беш жыл болот.
Бишкекте бир апта мурда абактан чыккан аял эмчектеги баласы менен кризистик борборго жайгаштырылды.
Кыргыз Эл артисти Замирбек Сооронбаев саламаттыгына байланыштуу сахнага чыкпай калган акыркы жылдары «Театр – менин айтып бүтпөс дастаным» аттуу китеп жазды. Болочок актерлордун насаатчысы. Актер жана режиссер «Азаттыкка» сыябан маек курду.
24-ноябрда Украинанын Бахмут шаарына жакын жердеги салгылашта каза болгон 30 жаштагы Аяндын сөөгү жакында Кочкор-Атага жеткирилип, жерге берилди. Ал Кыргызстандын атуулу болгон, орус жарандыгын алган эмес. Абакта отурган жигиттин кандай жол менен Украинадагы согушка барып калганы беймаалым.
Кочкор районунда соңку бир айдан ашык убакыттын ичинде уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрү катышкан окуялар болду. Криминал менен "коюн-колтук алышкан" деген айып менен облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси баштаган айрым милиция кызматкерлери иштен алынды, кээ бири камалды.
2011-жылы "Азаттык” токко урунуп эки колунан ажыраган Самат тууралуу атайын берүү даярдаган. Анда ал бир топ кыялдары менен бөлүшкөн. Азыр Самат жасалма кол салдырып, машине айдайт. Алты жыл мурун үй-бүлө күтүп, эки уулду болгон.
2016-жылы “Азаттыктын” Айчүрөк тууралуу тасмасынан кийин анын үй-бүлөсүнө жардам бергендер көбөйгөн. Бул “Азаттык” аркылуу элге таанылган бир эле каармандын баяны.
Театр таануучу, куугунтук курмандыгы Людмила Жапар кызы Молдалиева - Экинчи дүйнөлүк согуш башталганда депортацияланган советтик немис үй-бүлөлөрдүн биринин мүчөсү.
Эгемендик алган жылдардан бери китеп соодасы жакшы жүрбөй, окумал адамдардын саны азайып кеткени айтылып келет. Бул көйгөйдү чечүү үчүн Кыргызстанда соңку жылдары китеп окутуу боюнча сынактар жарыялана баштады. Аны уюштурган басма үйлөрү жана китеп дүкөндөрү бул аргасыз кадам экенин айтышууда.
Мындан беш-он жыл мурда Кыргызстандын саздары менен сууларынан кызыл колтук баканы көпчүлүгүбүз көрсөк керек. Азыр бул баканы күндүз чырак менен да издеп таппайсыз. Адистер "Кызыл китепке" кирген кызыл колтук баканын жоголуп кеткенин биринчиден климаттын өзгөрүшүнөн, экинчиден, адамдардан көрүшөт.
Кеминде 238 кишинин өмүрүн алган Казакстандагы Январь окуяларына бир жыл толду.
Дагы жүктөңүз