«Азаттык» узап бара жаткан жылдагы Кыргызстанда болуп өткөн маанилүү окуяларды топтоду.
“Азаттык” эл аралык иликтөөчү журналисттердин материалында Беларуска Евробиримдиктин санкцияларын айланып өтүүгө жардам көрсөткөнү айтылган кыргыз компаниялардын негиздөөчүлөрүн тапты. Алар иликтөөдө айтылган фактыларды четке кагышты.
Кыргызстанда мектеп, бала бакчалар карантинге жабылды. Сасык тумоо болгондордун 70% чукулу балдар, адистер балдар арасында дене табы көтөрүлүп, эстен тангандар арбын экенин айтышууда.
Кыргызстанда кунарсыз жерлердин жалпы аянты 500 миң гектар. Анын көбү Баткен облусунун аймагында. Бир нече жылдан бери токойчулар мындай боз талааларга жан киргизип, жаңы ландшафт түзүү үчүн сөксөөл бадалдарын тандап алышкан.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, актер Азиз Мурадилаев 17-декабрда узакка созулган оорудан улам каза болду. Боордун циррозу менен жабыркап келген актер 44 жашта болчу.
Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жыл сайын тапшырылчу “Умтулуу” медиа сыйлыгын журналисттерге ыйгарды. Сынакка кабыл алынган 162 материалдардын 18и жеңүүчү деп табылды.
Жогорку Кеңештин айрым депутаттары парламентте бийликтин кысымы күчөп, эл өкүлдөрүнүн чечим кабыл алуусуна таасир этүү аракети болуп жатканын айтышты. Aр бир бийликтин маалында парламентти көмүскөдө туруп башкаргандар болгон. “Азаттык” Жогорку Кеңештеги “көмүскө кардиналдарды” иликтеди.
Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжановдун диплом чырына чекит коюлбай, жарым жылдан бери арасат абалда турат.
Кыргыз Эл акыны Омор Султановдун көзү тирүү болгондо быйыл 6-ноябрда 87 жашка чыкмак. Акын окурмандарына “Сен жөнүндө поэма”, “Чарчоонун жүзүнчү ыры”, “Адамдын турмушу” баштаган классикалык чыгармаларын мураска калтырган.
Парламент кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимди ратификациялады. Ошондой эле чек арадагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу тууралуу келишим да колдоо тапты. Президент катышкан жыйын кызыл чеке талаштар менен коштолуп, кайым айтыштар болду.
Кыргызстандын стратегиялык району - Лейлектин борбору Раззаков бир нече жыл мурун шаар макамын алган. Тарыхта мурдагы Исфана жайгашкан жердин тарыхы бай, эң байыркы шаарлардын бири экени айтылат. Андан кызыгы, бул аймакта өнөрдү, кесипти муундан-муунга өткөрүп берген салт сакталып келет.
Кемпир-Абад ишине байланыштуу эки айга кармалган активисттердин жакындары алардын жаш балдарыы бар экени эске алынбай калганына нааразы.
Кыргыз Эл акыны Омор Султанов көзү тирүү болгондо 6-ноябрда 87 жашка чыкмак. Акын окурмандарына «Сен жөнүндө поэма», «Чарчоонун жүзүнчү ыры», «Адамдын турмушу» баштаган классикалык чыгармаларын мураска калтырган.
Саясатчы, коомдук ишмерлер Кыргызстандын эгемен тарыхындагы маанилүү окуяларды эске салып, аларды чагылдыруудагы “Азаттыктын” ролун айтып беришти.
Кыргызстан менен Өзбекстан жер алмашып, чек ара маселесине чекит коюуга аракет кылууда. Кыргызстан кошуна өлкөдөн 19699 гектар жер алып, ордуна Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин берүүгө белсенип турат. "Азаттык" кыргыз-өзбек бийлиги пландаган жаңы чек аранын, 900-горизонталдын чегин иликтеди.
Эл артисти, белгилүү балерина Айзада Тумакова 30 жылдан ашуун өмүрүн искусствого арнаган. 25 жыл сахнада бийлеп, белгилүү партияларды аткарса, учурда 70тей жаш бийчиге бул өнөрдүн сырын үйрөтүп келатат. Тагдыры балет дүйнөсүнө байланган бийчи жеке жашоосу, ийгиликтери тууралуу айтып берди.
Өзгөндүн Кызыл-Октябрь айылында Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу курултай өттү.
“Кызыл китепке” кирген илек-илектер байыр алган Ак-Турпак айыл аймагына “Азаттыктын” кабарчылары барып ондогон кушту тасмага түшүрүп келген.
Бишкек шаарынын Шүкүров көчөсүндө "кызыл тилкеден" чыгып кеткен имараттардын, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Элмурза Сатыбалдиевге таандык үйдүн короосунун дубалы сүрдүрүлдү.
Баткендеги Ак-Сай жана Капчыгай айылдарындагы талкаланган үйлөрдү оңдоп-түзөө иштери башталды. Бул эки айыл Тажикстандын Ворух анклавына жакын турат. Кыргызстан жана Тажикстандын атайын кызматтарынын жетекчилери 25-сентябрда чек арадагы сегиз постту алуу жөнүндө протоколго кол коюшту.
Дагы жүктөңүз