Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Музаффар Исаковго "коррупция" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишин Жалал-Абад облусундагы Сузак райондук соту териштирип жатат.
Курама командасы акыркы жолу 32 жыл мурун плей оффко чыккан Орусия бир айда футбол күйөрмандарынын өлкөсүнө, ал эми Москвада футбол борборуна айланды. Орус калаасында үч жумадан бери өтүп жаткан футбол майрамы кыргызстандыктардын көз карашында.
Айчүрөк Кожоналиева 28 жашта.
Баткендин Лейлек районундагы май куюучу станциядагы өрттөн төрт киши жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, алардын бири Кыргызстандын, калганы Тажикстандын жарандары.
“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” программасы Тарых музейиндеги мумия баш болгон экспонаттардын чоо-жайын иликтеди.
“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” программасы Тарых музейиндеги мумиянын көмүлүшүн иликтеди.
"Майло" аттуу робот балдар менен сүйлөшүп, алардын эмоционалдык абалын аныктап, педагогго сабак өтүүгө жардам берет.
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан Иштамберди алтын кенинин иши убактылуу токтотулду. Мунун алдында кенге бара турган жолдун боюнда жайгашкан айылдарда айрым жергиликтүү тургундар бир канча жолу нааразылык акцияларын өткөргөн.
"Азаттык" Иштамбердидеги абалды, айтылган дооматтарды жеринен барып иликтеп келди.
Бишкектин четиндеги “Супара” этнокомплексинде эл аралык “Кыргызстан Туризм Экспо” жармаңкеси өттү.
Бүгүн Бишкектин Эски аянтында миңдеген мусулмандар айт намазга чогулду.
“Салам, Нью-Йорк”, “Апамды издеп” тасмаларынын автору Руслан Акун учурда Чолпон-Ата ат майданында “Көк бөрү” аттуу тасма тартууда.
Чүй облусунун Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө милиция кызматкерлеринин жанында 20 жаштагы кыздын өмүрү кыйылды. Аны ала качып баратканда кармалган кылмышка шектүү милиция бөлүмүндө кызды мыкаачылык менен бычактап өлтүрүп, андан кийин өзүнө кол салган.
"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын Бишкек-Москва каттамындагы бир нече поезд коштоочулары мекеме жетекчилери рейске билетсиз жүргүнчүлөрдү салып жатканын айтып чыгышты. Кассада "Москвага билет 14 миң сом" деп турганы менен жетекчилери ортомчулар менен сүйлөшүп, билетсиз жүргүнчүлөрдү эки эс
Адамдын жашоосундагы маанилүү күндөрдүн бири болгон үйлөнүү тойду өткөрүү Кыргызстанда кирешелүү бизнеске айланды. Келиндин көйнөгүнөн тартып, ресторанды кооздоо, сүрөт, видео тартуу сыяктуу кызматтардын түрү ачылып, бул индустрияда миңдеген адамдар иш ордун табышты.
Кыргызстанда эки миңге чукул орус-казак үй-бүлөлөрү жашайт. Казактар - мыкты аскердик даярдыгы, динге ишеними жана өзүнө тиешелүү үрп-адат, салт-санаасы бар этностук топ. "Азаттык" бул жолу Кыргызстандагы казактардын жашоосун баяндады.
Сокулуктун Лесное айылындагы алты балалуу үй-бүлө соттун чечими менен жашап жаткан үйүнөн 11-май күнү чыгарылган. Төрт баласы балдар үйүндө, бири ооруканада, дагы бирин жетелеген кош бойлуу Венера көрүнгөндөн жардам сурап жүргөн кези.