Бишкекте туризм жармаңкеси өттү
Бишкектин четиндеги “Супара” этнокомплексинде эл аралык “Кыргызстан Туризм Экспо” жармаңкеси өттү. Ага чет өлкөлүк элчиликтер, туризм агенттиктери, жергиликтүү 100гө чукул фирмалар катышты. “Битревл” компаниясы уюштурган бул иш-чара Кыргызстандын туризм дараметин көтөрүүгө багытталган. Анда Жапония, Өзбекстан, Түркия, Германия сыяктуу өлкөлөрдүн стенддери коюлуп, туристтик мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берилди.