"Азаттык" радиосунун "Пандемия мени кандай өзгөрттү?" деп аталган подкаст сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды.
4-ноябрда Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды. Ошентип, октябрдан бери парламентте үчүнчү жолу спикер алмашты.
Кыргызстан азык-түлүктүн 60% ашыгын чет өлкөдөн ташыйт. Мунун айынан азык-түлүктүн баасы дагы өсүшү мүмкүн деген божомолдор бар.
2-ноябрда «Дордой» базарынын сатуучулары Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты. Чогулгандар Кытайдан товар алып келүүнү камсыздап берүүнү өкмөттөн талап кылышты. Алардын айтымында, Кытайдан алдырган товарлары чек арадан өтпөй, жаңы сезонго товары келбей калган.
1-ноябрда Бишкек шаарында 500дөй киши Франциянын президенти Эммануэл Макронго каршы акцияга чыгышты.
«Манас» эл аралык аэропортуна жаңы дайындалган жетекчи Бактыбек Сыдыковдун өлкөнүн негизги аба майданына байланыштуу бизнеси бар.
Коомдук ишмер Айжан Акылбекова кыргыздын баш кийими болгон элечекти даңазалоо максатында бир жумалык “Элечек жумалыгын” уюштурду. Ал “Элечек жумалыгын” үчүнчү ирет өткөрүп жатат. Жумалыкка ар тармактын өкүлдөрү катышты.
Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде фотограф Болот Исабеков жана сүрөтчү Анатолий Цыбухтун “Маңкурттун түшү/Маңкурттун арманы” аттуу графика жана фотосүрөттөр көргөзмөсү көрсөтүлүп жатат.
“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров "Азаттык" үчүн курган маегинде Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин чукул конституциялык реформа жүргүзүү үчүн референдумга баруу тууралуу кадамын мыйзамсыз деп кескин сынга алды.
Жогорку Кеңешке кайра шайлоо 20-декабрда өтөт. Мындай чечим бүгүн, 21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жыйынында бир добуштан кабыл алынды. Үч күн ичинде шайлоого катышкысы келген партиялар БШКга арыз менен кайрылышы керек. Үгүт иштери 30-ноябрда башталат.
Бишкектин акча алмаштыруу жайларында бир доллар 81 сом 95 тыйындан сатылып жатат. Чет элдик валютанын кымбаттап жатышы базардагы баага да таасир этүүдө.
Бишкектеги эски аянтка Садыр Жапаровдун тарапкерлери топтолуп жатышат.
Коопсуздук жана эл аралык байланыштар боюнча эксперт Таалатбек Масадыков Кыргызстандагы окуяларга өз баасын берди. Анын айтымында, тараптар сүйлөшүүлөрдү баштап, ал эми коомчулук муну түз ободо көрүп турууга тийиш.
Динара Чокотаева көптөн бери кыялданып жүргөн автордук моюн орогучтарын чыгарды. Кесипкөй графикалык дизайнер эски оймолорду жаңы нукта иштеп чыккан. Ал Тургунбай Садыков атындагы Көркөм өнөр академиясында мугалим болуп иштейт.
Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкектеги мейманкалардын биринде чукул жыйын өткөрүштү. Эл өкүлү Рыскелди Момбеков бул жыйынга 40 депутат келгенин кабарлады.
Бир айдан бери Жалал-Абад шаарында массалык иш-чараларга каршы рейд жүргөн.
Коомдук телерадио корпорациясында (КТРК) саясий партиялардын лидерлери таймашкан дебаттар уланууда. 30-сентябрда "Бир Бол”, “Кыргызстан”, “Мекен Ынтымагы”, “Республика” жана “Ыйман Нуру” партияларынын ортосунда телетаймаш өттү. Беш партиянын дебатындагы урунттуу учурларды сунуштайбыз.
705 аттуу чыгармачыл топтун демилгеси менен «Уя» спектакли вербатим жанрында көрсөтүлдү. Бул жанрдагы спектаклдер толугу менен монологдордон же жөнөкөй адамдардын диалогунан турат, аларды актёрлор көрөрмандарына айтып беришет.
90 жаштагы Токтокан Эдилбаева жана анын абышкасы Акмат Бейшенбаев коронавирусту жеңип чыкты. Алар өпкөсү кагынып, ооруканада эки жумадан ашык жатышкан. Бул ардагерлердин алгачкы жеңиши эмес. Бирге жашаган 71 жыл ичинде көп кыйынчылыктарга моюн сунушкан жок. Кыргызстанда жыл сайын 1-октябрда Карылар
Саламаттык сактоо тармагында адистер жетишпегендиктен пенсия жашындагы кызматкерлердин саны 7862 адам. Алардын 3100ү дарыгерлер экени белгилүү. Улгайып калган адистердин көпчүлүгү коронавирустун биринчи толкунунда иштеген эмес.
Дагы жүктөңүз