1916-жылкы Үркүн апаатын көргөн Кенебай кызы Каший апанын уулу Сартбай Дубанбаев энесинен уккан окуяларды эмдигиче эсинен чыгара элек. Капыс келген алааматтын дене-бойду титиретчү кайгылуу окуяларын Каший апа жалгыз уулуна такай айтып келген. Эненин бул жарыкчылыкты таштап кеткенине кыйла жыл болго
Таластык акын Кабыланбек Балкыбеков элетте жашап, өзү туйган, сезген, баамына илинген көркөм сүрөттөрдү ырга айлантып келатат.
Аттиң дүйнө, токсонду тоголотуп, кылымга жакындабай кыргыздын дагы бир кырааны, улут адабиятынын классиги Сооронбай Жусуев бу жалганды таштап кетти.
Отунчиев: Тарыхый китептер кийинки муунга үлгү
Эл жазуучусу Элүүбай Отунчиев элетте жашап, айыл турмушун, кыргыз элинин тарыхын көркөм иликтеп келаткан сүрөткер.
Б. Жакиев: “Манас” менен Айтматовду тапмайын кыргыз деле болуп жарытпайбыз”
12-декабрь - Улуттук адабият күнүн белгилөө жөрөлгөсү болду. Кыргыз Эл баатыры, улут адабиятыбыздын таанымал классиктеринин бири Бексултан Жакиев менен Бекташ Шамшиевдин маеги көркөм сөздү кадырлагандардын майрамынын маани-мазмунуна арналды.
“ПолитКлиника” гезити Таластын Бакай-Ата районунда жашап турган Жамарат Арсыбаевдин президент Алмазбек Атамбаевга жазган каты менен бүгүнкү санын ачты.
Апта соңундагы кыргыз басылмалары 50-абактан качкандарды издөө операциясы аякташы, парламенттик шайлоо жыйынтыкталганы менен кимдер депутат болору алигече такталбай жатканы, ал арада болочок эл өкүлдөрү отурчу жерлерди жасалгалоо жумуштары кызуу жүрүп жатканы талкууланууда.
Бүгүн чыккан гезиттерде парламенттик шайлоонун жыйынтыктары, 50-абактан качкандарды издөө операциясы, Евразия экономикалык биримдикке киргенден кийинки өлкөнүн экономикалык абалы, добуштардын сатылышы, таластыктардын төө буурчак көйгөйү, башкалаанын таштандыдан арыла башташы сындуу орчун окуялар чагылдырылды.
Шаршембидеги кыргыз басылмаларында парламенттик шайлоо жыйынтыгы, депутаттык мандат бөлүштүрүүнүн көшөгө артындагы сырлары, абактан качкандарды издөө операциясынын жүрүшү, сомдун АКШ долларына карата катышынын кескин төмөндөп жатышы чагылдырылды.