"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
Баткенде чек ара чырында жабыркаган айылдардан чыгып кеткендердин 3 миңден ашууну үйлөрүнө кайта элек. Алардын миңге чукулу тынчтык издеп Бишкекке келген. Ушул тапта куралдуу жаңжалдан таптакыр жараксыз абалга келген 426 үйдү калыбына келтирүү иштери журуп жатат.
"Азаттык" Чолпон-Ата шаарынын чок ортосундагы мамлекетке караштуу жер тилкеси Кыргызстандагы кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы атыккан Камчыбек Көлбаевдин жакындарына кантип өтүп кеткенин жана буга бийлик өкүлдөрүнүн кандай тиешеси болушу ыктымал экенин иликтеди.
Кыштай болуп кесилген таштан жолдор алгач Баткендин көчөлөрүндө пайда болууда. Адистер асфальт жолго караганда таш жол арзан жана сапаттуу деп ишендирип жатышат.
Кыргызстандагы хоккей спорту боюнча кыздардын жалгыз командасына азыр деле колдоо жок. Формасы, шарты жок команда көп мелдештерге катышпай калат."Азаттык" Ысык-Көлдүн Отрадное айылындагы хоккейчи кыздар тууралуу үч жыл мурун видео тартып,
Кеңешбек Шоруков 30 жылдан бери Түп районундагы Долон кыштагынан Жылдыз айылына чейин ат менен барып-келип иштейт. Иштеген мектебине жетүү үчүн күнүгө ат менен 10 чакырым жол жүрөт.
Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зомбулуктан дагы эки келиндин жаш өмүрү жайран болду. 14-декабрда Кара-Сууда чогуу жашаган аялды өлтүрдү деген шек менен 49 жаштагы жаран кармалды. 11-декабрда Сокулук районунда жарандык никедеги эркектин ур-токмогунан 24 жаштагы келин ооруканада үзүлдү.
Чолпон-Ата шаарында жайгашкан Ысык-Көл райондук китепканасы ушул тапта автобекетте окурмандарга эшигин ачкан. Авариялык абалга кептелген китепкана турган Чолпон-Атанын так борборундагы жер жеке менчикке өтүп кеткени аныкталды.
Кыргызстанда акыркы эки жылда 20га жакын аял күйөөсү же чогуу жашаган адамдын колунан көз жумган. Ноябрдын башында Караколдо соода борборунда күйөөсү аялын бычактаган окуя коомчулукту дүрбөлөңгө салган эле. Жылына 10 миңден ашуун аял зомбулуктан жабыркап, милицияга кайрылат.
Чет өлкөлүктөр Түркиянын Стамбул шаарынан кийин эле Анталиядан турак жай сатып алууга ашыгышат. Жыл башынан бери бул шаардан чет өлкөлүк 10 миңге жакын адам үйлүү болду. Түркиядагы чет элдиктер менен иштеген риэлторлор, туристтерге кызмат көрсөткөн ишкерлердин арасында кыргызстандыктар көп.
Нурсейит Мамыров Стамбулдагы жеке менчик клиникада иштейт. Түркияда кыргызстандык 200гө жакын дарыгер жана медицина боюнча билим алып жаткан студенттер бар. Алар Туркияга дарыланууга келген мекендештердин арасында онкологиялык дартка чалдыккандар басымдуу экенин айтышат.
Бишкекте публицист, акын-котормочу Алым Токтомушев менен акын Шербет Келдибекованы эскерүү кечеси өттү. Адабияттын кош жылдызы аталган калемгер жубайларды эскерүүгө замандаштары, жакындары жана шакирттери чогулду.
"Данисте" бул жолу Түркияда иштеген кыргызстандык мигрант аялдардын иши, жашоосун көрсөтөт.
Залкарлар чыйырын улаган кыргыз эл артисти Замирбек Үсөнбаев “Азаттык” менен ой бөлүштү. Бишкекте Сталиндик репрессиянын белгисиз калган каармандары эскерилди. Таластагы балдар интернатынын имаратына башка лицейдин көчүп келиши талаш жаратты. Жалал-Абад шаарындагы жаңы базар маселеси.
Журналист Алишер Саиповду 2007-жылы 24-октябрда белгисиз кишилер Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө атып кетишкен. Андан бери 15 жыл өтсө да кылмыштын бети ачыла элек.
Быйыл Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү төкмө акын Замирбек Үсөнбаев 70 жашка толду. Анын маарекесин утурлай республикалык деңгээлдеги бир топ иш-чаралар пландалган.
Баткенде үйсүз калган жашоочулар курулуш иштери кечеңдеп жатканын айтууда. Белгилүү журналист Алишер Саипов өлтүрүлгөндөн бери 15 жылдын жүзү болду. Түштүк Кореяда кунжут майын, чыгарып иштеген журтташыбыз Саадат Галымбетова. “Данисте” берүүсү жаңы чыгарылышында ушул сюжеттерди сунуш кылат.
Саадат Галымбетова Түштүк Кореяда кунжут майын чыгарып иштейт. Кунжут майы корейлердин улуттук тамак-ашына кошулчу негизги азык. Төрт жылдан бери Түштүк Кореяда иштеген келин корей элинин тилин, дилин мыкты билет.
Түштүк Кореядан бир жыл ичинде башка өлкөлөргө 1,5 миллондон ашык автоунаа сыртка сатылат. Автоунаа экспорттогон ондон ашык компания кыргызстандык ишкерлерге таандык. Алардын бири Ильяз Токторбаев күнүгө Борбор Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга жүзгө жакын унаа жиберет.
“Азаттык” мындан ары да чет жердеги мигранттардын турмушуна "Борборазиялык мигрант" медиа долбоорунун алкагында кенен кайрылып турат.
Чек арадагы соңку куралдуу кагылышта Баткендеги үй-жайын таштап качкан 136 миң адамдын 5,5 миңдейи башка облустарга чыгып кеткен. Ушу тапта Бишкек жана Чүй облустарындагы мамлекеттик имараттарда, туугандарынын үйлөрүндө баш калкалап жаткандар бар.
Дагы жүктөңүз