"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
Украин армиясы соңку бир аптадa орус күчтөрүнөн жети айылды бошотконун жарыялап, күндөн-күнгө алдыга аздан болсо да илгерилеп жатканын билдирүүдө. Кремль бул маалыматты төгүндөп, украиндер «болуп көрбөгөндөй жоготууларга учурап атканын» кабарлады.
Кыргызстанда турак жайдын жетишсиздиги аялуу катмардагы калктын өзгөчө көйгөйү болуп саналат. Бишкекте укук коргоо органдарынын ардагерлери бийликке кайрылып, мыйзамда белгиленген шарттарды аткарууну талап кылды. “Азаттык” үйгө муктаж жарандардын арыз-мууңун угуп, өкмөттүн түшүндүрмөсүн алды.
Чаткалдын жанды кейиткен кооптуу жолу үчүн элдин жашоосу оорлоп, азык-түлүк, тамак-аш жана күйүүчү май кымбат сатылып жатат. .
"Азаттык" кыргыз-казак чек арасын бойлой аккан Чүй дарыясынын сол жээги желип, гектарлаган жер Казакстан тарапта калган жагдайды иликтеп чыкты. Мындан эки жылга жакын убакыт мурда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев өлкө кеминде 800дөй жеринен ажыраганын билдирген жана бул
Апрел ыңкылабына 13 жыл толду. Бул күнү элдик толкундоонун натыйжасында Курманбек Бакиевдин бийлиги кулатылган. Бакиевдин башкаруу жылдарында көрүнүктүү депутаттан баштап, ишкер, спортчу, кримтөбөлдөр буюртма адам өлтүрүүнүн курмандыгы болушкан.
Бир кылымдык тарыхы бар "Кыргыз темир жол ишканасында" миңдеген кызматкер эмгектенет. Алар ички жана эл аралык каттамдагы поезддерди коштоп, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна жооптуу. "Данисте" бул жолу темир жолдогу кызматкерлердин ишин, көрүнбөгөн түмөн түйшүгүн көргөзөт.
Акыркы 3-4 күндөн бери Бишкектеги Ахунбаев менен Молдокулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги курулушта боз үй тигилип, эл чогулуп, курулуш компаниясына алданып калганына даттанууда.
20-кылымдын 30-жылдарындагы ачарчылык мезгилинде Казакстандан Кыргызстанга 100 миңдей киши жер которуп келген эле. Ушул тапта өлкө боюнча 40 миңге жакын этникалык казак жашайт.
Кыргызстандын ири шаарлары Бишкек, Ошто жана Чүйдүн айрым айылдарында мектептер жетишсиз болуп, айрым мектептерде балдар бир партага үчтөн отуруп окууга аргасыз. "Данисте" бул жолу Сокулук районуна караган эки мектептен болуп, окуучулардын бир күнүн тартып келди.
Чүйдүн көпчүлүк айылдарында эл мал багып, сүт сатып оокат кылт. Көбү сүттү Токмок жана Канттагы кайра иштетүүчү ишканаларга өткөрөт. Ал эми Кемин районунда азыр сүт иштеткен ишканалар жок.
Кыргыз Эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Өскөн Даникеев “жазуучу болом деп дегеле ойлогон эмесмин” дейт. Анын негизги кесиби – тоо инженери.
Британияга барып айыл чарбасында иштеп келген кыргызстандыктар айлык, иштин шарттары тууралуу айтып беришти. Ноокенде үйгө чейин китеп жеткирип берүү кызматы иштей баштады. Бишкекте ымыркайы менен көчөдө калган аял кризистик борборго жайгаштырылды.
Бүгүн, 7-февралда А. Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрында көрүнүктүү кинорежиссер, сценарист, Кыргыз Республикасынын эл артисти Геннадий Базаровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.
Бул жолку чыгарылышта "Азаттыктын" каармандарынын азыркы жашоосун көргөзөбүз. 13 жашында майыптыгы бар энесин жана инисин багуу үчүн базарда иштеген Айчүрөктүн азыркы турмушу. Жашоосун радиосуз элестете албаган 80деги Баткендин тургуну Пайзилла Калилов
Бишкекте күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүүдө. 21-январь күнү башталган мелдеште алгач грек-рим күрөшүнөн чемпиондор белгилүү болду. Бул чемпионат кыргыз спортуна жаңы ысымдарды таанытмакчы.
Турак жайы жок балдарын жалгыз асыраган атанын түйшүгү. Баа түшүп кетип дыйкандар дагы эле пахтасын сата албай турат. Ошто креативдүү жаштар үчүн борбор түптөгүсү келген уюм элден каражат топтоп жатат. Мариинск театрынын солисти Канат Надырбектин сагынычы.
Бишкектеги Азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрү жашаган батирлерде бир апта бою свет өчүп жатат.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев кырдаалга байланыштуу "Азаттыкка" маек берди.
Жайлоого чейин каптаган пластикти кайра иштеткен ишкер. 60 жашка чыкканда жаңы кесип тапкан мугалим. Базарларда тутамдап сатылып тукум курут болгон баканы кантип сактап калабыз?
Кеминде 238 кишинин өмүрүн алган Казакстандагы Январь окуяларына бир жыл толду.
Дагы жүктөңүз