"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Азия кубогунун тайпалык баскычында Кыргызстандын улуттук курама командасы Сауд Арабиясынын оюнчулары менен беттешип, 0:2 эсебинде жеңилди. "Акшумкарларды" сүрөгөн күйөрмандар Эр-Райян шаарындагы Ахмед бин Али стадионун шаңга бөлөдү.
Борбор Азияда көз карандысыз медиага басым-кысым, куугунтук күчөдү. Андай учурлар эмнеден кабар берет? Региондогу бийлик өкүлдөрү эмне себептен эркин журналисттерден чочулашат? Маалымат алуу жана эркин таратуу укугун чектөө кандай кесепеттерге алып келиши ыктымал?
Кыргызстандык шахматчылар Чехиянын борбору Прага шаарында өткөн "Prague Open" эл аралык шахмат фестивалында ийгилик жаратышты. 8-январдан 12-январга чейин созулган бул турнирге 42 өлкөдөн 400гө жакын адам катышты. Анда кыргызстандык үч шахматчы алдыңкы орундарга ээ болду.
Катарда Кыргызстандын курама командасы экинчи жолу Азия Кубогу үчүн ат салышканы турат. Улуттук курама 2019-жылы алгачкы жолу Азия кубогуна чыгып, 1/8 финалга чейин жеткен. “Азаттык” ал оюндарда кураманын чабуулчусу болгон Виталий Люкс менен маектешти.
2023-жылы окумуштуулар лабораториялык шартта жасалма түйүлдүк жарата алышты. Индия Айдын түштүк уюлуна өз аппаратын кондурган алгачкы мамлекет болду.
2023-жыл эмнеси менен эсте калды? "Азаттык" 2023-жылы дүйнөдө, чөлкөмдө жана Кыргызстанда болгон орчундуу окуяларды тизмектеди.
Борбор Азия лидерлеринин 2023-жылдагы дипломатиялык жадыбалы интенсивдүү болуп, бийик деңгээлдеги жолугушуулар көнүмүшкө айланды. Борбор Азияны кимдер жана кандай максатта бооруна тарткысы келет?
26 жолу жигитинен бычак жеген Жулия, күйөөсүнүн токмогунан ресторанда үзүлгөн Салтанат. Кулак-мурду кесилген Асел. Үрөй учурган мындай зордук-зомбулукка эмне түртөт? Фемицидге кантип чекит коебуз? Аялды аябаган коомдук аң сезимди кантип өзгөртсө болот?
Украинанын орус күчтөрүн өз аймагынан сүрүп чыгарууну көздөгөн быйылкы контрчабуулу күтүлгөндөн жай жүрүп жатат. Буга эмне себеп? Согуш тилкесинде кырдаал кандай? Уруш бир нече жылга уланышы мүмкүн деген жоромолдор канчалык негиздүү?
Израил менен ХАМАСтын (АКШ жана Евробиримдик террорчул уюм деп тааныган) согушу башталганына бир айдан өттү. Бул жолку уруш эмнеси менен айырмаланат? Кан төгүүнү токтотуу аракеттеринен жакында майнап чыгабы? Согуш аяктагандан кийин Газа тилкесинин келечеги кандай болот?
Түрк жумурияты 100 жылдыгын белгилеп жатат. Осмон империясынын урандыларында пайда болгон мамлекет бир кылымда диний, саясий, экономикалык оош-кыйыштарды,
Жарым миллион доллардык таажы, чопкутталган автоунаалар жана көз жоосун алган хансарайлар. УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаев эсепсиз байлык топтогонун, кезинде саясий жараяндарга чейин таасир этип турганын жарыялады.
Германия соңку бир жыл ичинде Борбор Азиянын лидерлеринин саммитке чогулткан алтынчы геосаясий оюнчу болуп калды. Берлинде 29-сентябрда өткөн бул саммиттен кандай жыйынтык чыкты? Анда эмне талап, өтүнүчтөр айтылды?
Орус полициясы жаздын соңунан бери борбор азиялык мигранттар эмгектенген, жашаган жайларда тинтүү жана текшерүүлөрдү күчөттү. Мындай рейддер Орусиянын ар кыл аймактарында мигранттарга каршы чакырыктар менен да коштолуп жатат.
Тарыхый бурулушпу же кечиккен кездешүүбү? Американын лидери менен Борбор Азиянын беш президенти биринчи жолу Нью-Йоркто бир үстөлгө отурду. Жо Байден беш өлкөнүн лидери менен эмне үчүн эми жолугууну чечти? Вашингтон чөлкөмдө таасири күч Москва жана Бээжин менен атаандаша алабы?
Армения Орусия баштаган ЖККУдан чыгышы мүмкүнбү? Армян бийлиги коопсуздук тармагында толугу менен бир өлкөгө же Орусияга байланып калуу стратегиялык ката болгонун мойнуна алды. ЖККУнун мүчөсү Кыргызстан бул катадан кандай сабак алса болот?
2-сентябрда Чехиянын баш калаасы Прагада Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара уюштурулду. Ага Чехиядан тышкары Европанын бир катар өлкөлөрүнөн келген кыргыз жарандары жана атайын чакырылган коноктор катышты.
Италияда кыргызстандыктардын көпчүлүгү Неаполь шаарында жашап, иштешет.Алардын арасында убактылуу виза менен гана келип, калып калгандары четтен чыгат.
Орусия эң жакын коңшусу Украинага басып кирип, согуш ачканына бир жарым жылга жакындады. 21-кылымда Европада болуп жаткан алаамат качан, кантип аяктары азырынча белгисиз.
Абай Жумаев 50 жашта. Ал жыйырма жылдай маңзат колдонгон. Өзүнүн айтымында героин сайынган. Мындан төрт жыл мурда метадон терапиясы менен дарылана баштаган. Абай учурда кароолчу болуп иштейт. Ал жаштыгы маңзат кучагында өткөнүнө өкүнөт, мындан аркы жашоосун бейкапар өткөрүүнү самайт.
Дагы жүктөңүз