Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Кумтөр боюнча парламент кабыл алган токтом боюнча түшүндүрмө берди.
Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат 4 депутаттын кол тийбестигин алуу өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылды.
7-октябрдагы Караколдогу башаламандык боюнча кармалган 23 адам Бишкекке жеткирилди.
Коомдук телерадиокорпорация балдарга арналган “Баластан” телеканалын обого чыгара баштады.
Аксынын Үңкүр-Тоо аймагындагы станция алынса Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондору байланышсыз калышы мүмкүн. Бул тууралуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин маалымат катчысы Нуркамал Турсунбекова “Азаттыкка” маегинде эскертти.
Чаткал районунда кен иштеткен компаниянын жергиликтүү тургундар тартып алган техникалары кайтарылып берилди.
Аксылыктар Уңгар-Тоо аймагындагы "Кыргызтелекомдун" станциясы турган жерге кирип келген өзбек чек арачыларын тезинен чыгарууну талап кылууда.
АКШ Мамлекеттик департаменти менен Кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү бала асыроо жолдорун талкуулады.
"Юпигейт" деп аталган тасмада оппозициянын планын ишке ашырат дегендердин бири Бактыбек Жуматаев Нарын дарыясын ууландыруу боюнча план тууралуу мурдатан кабардар болгонун айтып чыкты.
Таластын Бакай-Ата районунда сибир кулгунасы ылаңы катталып, малга карантин жарыяланды.
ЖК депутаттары бийлик өкүлдөрү менен алардын туугандарына таандык делген компаниялардын мамлекеттик тендерлерге катышуусуна тыюу салган мыйзам долбоорун сунуштады.
Кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” ишканасы Кумтөр ишканасын биргелешип иштетүү боюнча түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту.
Бишкектеги «Енисей» кафесинде өткөн тойдон 100дөн ашык адам ууланып, 68и ооруканага түштү.
Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда чыккан кара тумоого байланышкан кырдаал тууралуу суроолорго саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева жооп берет.
Быйылкы түшүм мол болгондуктан, өкмөт ички керектөө үчүн буудайды дыйкандардан сатып алууну чечти. Учурда жүрүп жаткан оруп-жыюу өнөктүгү тууралуу Айыл чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу боюнча бөлүмүнүн башчысы Жумабек Асылбеков кеп салат.
Бүбү-бакшыдан эм издегендер жана кесепет.
Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин жетекчилиги кендерге лицензия берүү ыкмасы өзгөрөт деп ишендирүүдө.
Кыргызстандын коопсуздук комитети "Хизб-ут Тахрир" уюмунун Нарындагы тобунун башчысын камакка алды.
Мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин каражаты жүгүртүүгө тыюу салынгандыгын Akin Gump компаниясынын өкүлү тастыктады.
Москва базарларындагы соңку күндөрдөгү кармоолорго кыргыз мигранттары да кабылып жатканы айтылууда.
Дагы жүктөңүз