Геология жана минералдык ресурстар агенттигине өткөн ай аягында дайындалган Дүйшөнбек Зилалиев лицензия берүүнү өзгөртмөкчү болууда. Анын айтымында, асыл металлдарга конкурс жана аукцион жолу менен гана лицензия берүү жагы каралып жатат.
- Кыргызстанда лицензия берүүнүн үч ыкмасы колдонулат: конкурс, аукцион жана түз сүйлөшүү. Мына ушул түз сүйлөшүү аркылуу лицензия берилген учурда коррупциялык аракеттер көп болуп келген экен. Ошондуктан биз асыл металлдарга жалаң гана конкурс жана аукцион аркылуу лицензия берүүнү сунуштап жатабыз.
Зилалиевдин айтымында, жең ичинен иш бүткөрүү көбүнчө агенттиктин лицензия берүү башкармалыгында болуп, бирок алар жоопкерчиликке тартылбай келген. Эми жаңы жетекчи бул башкармалыктын кеңселерине видеокамера орнотуп, лицензия берүү жараянына бардык каалоочулардын катышуусуна шарт түзмөк болуп жатыптыр:
- Каралган бардык маселелерди ачык кылалы деп чечтик. Лицензия берүү боюнча комиссия өткөн жерге видеокамералар коюулуп, онлайн көрсө болот. Анан бул конкурстарга ким кааласа, журналист болобу, жарандык коом өкүлү болобу, же башкабы катышканга мүмкүнчүлүк алат.
Кыргызстанда тоо-кен тармагы энергетикадан кийин эле экономиканы сүйрөй турган локомотив катары каралат. Акыркы мезгилде бул тармактагы кыңыр иштердин бети четинен ачыла баштады. Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси акыркы эки жылда бешинчи жолу алмашты. Алардын төртөөнө кылмыш иш козголду.
Бир жагынан тармактагы кыңыр иштер коомчулуктун нааразылыгын жаратууда. Оппозиция Кумтөр, Жерүй кендеринин айланасындагы талаштарды дароо бийликке каршы көзүр катары колдонуп, бир катар митингдерди өткөрүштү. Былтыр октябрда Кумтөр боюнча митингдин арты Ак үйгө чабуул менен уланып, натыйжада 3 депутат жакында соттолуп, мандатынан ажыраганы жатат.
Алардын бири, “Ата-Журт” фракциясынын лидери Садыр Жапаров Кумтөр боюнча кайрадан элди баштап чыгарын билдирди:
- Мен депутат болбосом деле Кумтөрдү мамлекетке кайтаруу боюнча тынчтык митингдерин уюштура берем. Бул менин оппозициянын лидерлеринин бири катары алгачкы талабым болот.
Ал эми тоо-кен тармагындагы адис Шергазы Мамбетов кезегинде лицензиялар жогорку бийликтин көрсөтмөсү менен берилип келгенин, мындай көрүнүш учурда деле байкала калып жүргөнүн билдирүүдө. Агенттикти түп-тамырынан бери реформалабаса, жылыш болбойт дейт Мамбетов:
- Биздин мамлекеттин башчылары тоо-кенди иштетүүнүн баркын түшүнбөй коюшту. Азыркы учурга чейин лицензия берүүнү колдон-колго өткөрүп, алып сатмайга айлантышты. Азыр деле геология менен тоо-кен иштерин айырмалай албай жатышат. Муну өзгөртүү керек болчу. Ошондуктан лицензия берүү оңолот деп булардан үмүтүм деле жок.
Жаңы жетекчинин кабат-кабат убада берип жатканын серепчилер күзгү саясый сезон алдында бийликтин жүрүшү катары баалашты. Анын үстүнө азыркы өкмөт мурдагыдай сырткы инвестиция менен гранттар сейрек тарткан шартта тезинен асыл кендерин өндүрүп, бюджетти толтурбаса, эл алдында авторитети түшөөрүн билет. Бирок кендерди иштетүүгө жергиликтүү калк макул болобу-жокпу – айтуу кыйын.