Жыл сайын Италияда өтүүчү Саймачылардын бүткүл дүйнөлүк көргөзмө фестивалы быйыл да сентябрь айында он бешинчи ирет Валтопина шаарында өткөн атат. Ага Кыргызстандан биринчи жолу саймачы Нагима Аламанова катышмакчы.
Нагима Аламанова Тоң районунун Бөкөнбаев айылынан. Быйыл сентябрда Италиядагы Бүткүл дүйнөлүк саймачылардын 15-көргөзмөсүнө Кыргызстандан алгачкы болуп катышканы жатат. Бул да болсо кийинки кезде унутулуп бараткан саймачылык өнөрдүн жаштар арасында жанданып баратканынын күбөсү. Нагима сайма сайууда кыргыздын илгертеден колдонулуп келе жаткан илме, бастырма, тепчип сайуу сыяктуу ыкмаларын колдонот.
Ольга Мануйлова советтик Кыргызстанда жалгыз айкелчи аял болгон. Азыркы күндө да бул кесипти аркалаган аялдар аз.
Бишкектеги Муса Жангазиев атындагы Куурчак театрынын кышкы каникул мезгилиндеги оюн-зоокторуна быйыл жаш көрүүчүлөр көп келип жатат.
Атай Өмүрзаков жаңы сунуштарга камданууда. Куурчак театрына келген жаш көрүүчүлөрдүн агымы көбөйүүдө. Кыргызстандык жаш сүрөтчү Шабданбек Тагаев Жапониядан сыйлык алды.
Жаңы жылга карата борбордогу №8 троллейбусту айдоочу Бакыт Өмүралиев шериги экөөлөп кооздоп чыккан. Бакыттын айтымында, транспортко илинген жасалгалар менен оюнчуктар жүргүнчүлөрдүн маанайын көтөрүп, бир эсе таң калтырууда.
Жаш акындардын интернет сынагы Фейсбукта уюштурулуп, жаңы жылдык кечеде жыйынтыкталды. Бул сынакты уюштурган "Кыргыз көчү" тобунун башындагы Асыран Айдаралиев өзү Финландияда жашайт. Кыргызстанда өткөн бул онлайн конкурс ийгиликтүү заманбап жаңылыктардан болду. Бул кечеде мындан мурдараак уюштурулган жаш сүрөтчүлөр сынагынын жеңүүчүлөрүнө да сыйлыктар тапшырылды.
Жергебиздин туш тарабынан табылган үч-төрт миң жыл илгерки, таш доорундагы табылгалар байыркы бабаларыбыздыкы экендиги илимде далилденүүдө.
“Роза Отунбаеванын демилгелери” фондунун жаш муундарды руханий, эстетикалык, идеологиялык тарбиялоо жаатындагы бир жылдык долбоору жаңы жылдык иш-чараны өткөрүү менен жыйынтыкталды.
Кыргыз искусствосу менен маданиятына салым кошкон инсан, киносценарист, чебер прозаик, 72 жашында күтүүсүз дүйнө салган Кадыркул Өмүркулов тууралуу кесиптештеринин эскерүүсүнө орун бердик.
Бүгүнкү күндө Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрындагы таланттуу жаштар каражат айынан башка мамлекетке кетүүгө аргасыз.
Аялдар арасында залкар күүлөрдү черткен комузчулар чанда. Мейликан Козубекова кыргыздын ушул көөнөргүс өнөрүн аркалаган айымдарынын көч башында турат.
2013-жылдын 18-декабрында Бишкектин көчөлөрүндө тартылган сүрөттөрдү сунуштайбыз.
Эл артисти Мираида Далбаеванын сахна менен кош айтышып кеткенине он беш жыл болду.