75 жашка чыккан актриса кээде бук болгондо бир кезде ойногон ролдорун үйүнөн аткарып, чер жазып алат.
- Париждеги опера театрына барып ашык болуп келдим. Театрдын өзүнүн чоңдугу, тазалыгы, кооздугу, элдин толтура отурганын көрүп ушундай көңүлүм тоёт да! Ушундай каалайм да, атаңгөрү, ушул сахнага бир чыгып, “Каныкейдин монологун” айтып койсом эмне деп?!
Кол жеткис кыялын, ички сырын бир айтып алган Эл артисти Мираида Далбаева канча бир жылдардан бери көкүрөгүнө жат болуп, каны менен кошо айланган “Каныкейдин монологун” азыр бизге Париждин чоң сахнасынан эмес, өз үйүндө отуруп эле аткарып берди.
Элүүнчү жылдардан токсонунчу жылдарга чейин иштеп, ардактуу эс алууга эчак чыкканы менен азыр да мурунку табында. Бир кездеги таланттуу жаш кыз, 16 жашында театр босогосун аттап, 60ка чыкканда кастарлаган сахнасынан, чоң салтанат менен эч күмөнсүз, эч кылчактабай эс алууга кеткени учурунда көрүүчүлөрдү да, кесиптештерин да абдан таң калтырган.
- “Театрдан бир жума кеч кеткенден көрө, эки жыл мурун кетиш керек, ошондо элдин эсинде каласың",- деп Москвадагы белгилүү Лоновой деген артист айтыптыр, - деди актриса бул кадамын кыска жооп менен түшүндүрүп.
Сагындырган гастролдор, күндөп-түндөгөн театрдагы жана үйдөгү репетициялар, спектаклдер, премьералар - артисттердин жашоосун көрктөп эле эмес, анын негизги маңызы да болуп тураары чындык. Мындай маанилүү да, шаанилүү да, мээнети сиңген турмуштан кантип баш тартканынын себеби да кызык:
- Бир жолу спектакль жүрүп, мен залда отургам. Бакен эже жаш келинди ойноп жаткан эле... Бир маалда алдыңкы катарда отурган бирөө оор үшкүрүнүп: “Ай, атаңгөрү, карый түшкөн экен ээ кичине?! – деди. Кулагыма шак эле дей түштү. Эмдигиче кулагыма жаңырып турат. Көрсө, көрүүчү жаштыкты, сулуулукту жакшы көрөт турбайбы...
Сахнанын эркайымы
Залдагы бейтааныштын пикири тагдырына чоң бурулуш жасап, андан ары үйдө кусаланып бош отуруп калууга түрткөндө, Мираида Далбаевага балдары чоң жөлөк болду. Алар да наристе кезинен театрларга көп барып, жаман-жакшыны жаштайынан ажыратууга үйрөнгөн адамдар. Эки кызы заманга жараша ишкер. Неберелердин бири аэронавтика боюнча адис, университетти, магистратураны Англиядан бүтүп, илимдин доктору болгону турат. Бир небереси бир нече тил билет, эл аралык укук боюнча адис, магистратураны бүткөн. Калгандары кичинекей.
- Убагында кеттим, эл менен коштоштум деген биринчи күндөрүмдө эле балдарым эки жакка алып кетти...
Ошентип "жаш кезде берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү” дегендей, актрисалардын ичинен алгачкылардан болуп саякатчы чоң энеге айланды. Европа менен Индиянын кооз жерлерин, эң башкысы даңазалуу музейлери менен театрларын көрдү. Анан биздин театрлар менен аларды салыштырып, бүгүнкү жаш актрисаларга ичи кайышып, өзүнүн жаштыгын да эскербей койбоду:
- Менин чыгармачылык жолум өтө акылдуу, таланттуу, мыкты адамдар менен кездешип, ошондон башталды. Алар: Рыскулов, Жаманов, Түмөнбаев, Малдыбаева Батипа эже, Чокубаев, Кытаев, Кыдыкеева, Күмүшалиева. Күйүкова, атаңгөрү, не деген залкарлар! Азыр ойлосом, менин болочок башатым да ушул адамдардын сүрөөсү менен башталганына мен өзүмдү бактылуумун деп ойлойм да.
Шатман Садыбакасовдун: “Ак боз атындагы” Эркайымдай, “сахнанын эркайымы” сезилген Мираида Далбаева улуттук сахнага коюлган Европа менен Азия классикаларынын, улуттук драмалардын мыкты үлгүлөрүнүн көбүндө башкы ролдорду аткарган. Бир гана мүнөзү татаал жана курч - Васса Железнованы аткарууну эңсеп, үлгүрбөй калыптыр. Мындай талантты жана кыргыз искусствосу менен маданиятына кошкон зор салымды бүгүнкү жаштар, кийинки муундагы искусство адамдары кандай баалайт болду экен?
Бул суроого актриса Шайыр Касымалиева мындай жооп узатты:
- Эженин жаштыгында “театрдын доору” эле. Алп таланттуу адамдарыбыз коштоп, кесиптеш болуп эже менен чогуу сахнада иштешкен. Аларды биз көрүп, таалим-тарбия алганбыз. Мен эже менен сахнада эле эмес: “Кошокчу” деген фильмде да чогуу иштешкем. Жөнөкөйлүгүн, образдын алдында даярдангынын карап, баамдап турчумун. Биз – алардан, кийинки жаштар - бизге карап, мурунку муундарга да карап таалим-тарбия алып келатат. Бир гана жүрөктү, ичти ооруткан нерсе, элибиздин театрга болгон мамилеси, кээде жаштардын өздөрүнун кесиптерине болгон мамилеси - үстүртөдөн болгондой, негедир майдаланып кеткендей сезилет. Ошентсе да: “Эжени көрүп - сиңди өсөт”,- дегендей, улуу муунду көрүп биз да өсүп келатабыз.