"Эже-сиңдилер" телеберүүсүнүн алып баруучусу.
Кыргызстанда кыз ала качуу өнөкөтү талылуу маселе бойдон калууда. Бир нече ай мурун ишке кирген кодексте ала качууга каршы беренеде да өзгөрүүлөр болгон. “Эже-сиңдилер” берүүсү ушул маселеге арналат.
Кыргызстанда аялдар үй жумуштарына эркектерге караганда үч эсе көп убакыт сарптайт. Үй кожойкелеринин көрүнбөгөн эмгеги жана "үйдө отуруу" деген сөздүн артындагы мээнет тууралуу "Эже-сиңдилер" кеп салды.
“Эже-сиңдилер” берүүсүндө бул жолу майыптыгы бар балдардын укуктары жана аларга болгон коомдун жана мамлекеттин мамилеси тууралуу сөз кылабыз.
Балдар ата-энеси же башка жакындары тараптан зомбулукка кабылганда аларды ким коргойт жана балдар кордук көргөнү үчүн ким жооптуу? "Эже-сиңдилер" берүүсүндө ушул теманы талкуулайбыз.
Пандемия дүйнөнү каптагандан бери эки жылдан ашса да, ушул күнгө чейин коронавирус илдетинен үй шартында же салттуу медицина аркылуу дарылануу уланууда. Калктын өзүн-өзү дарылоосу кайдыгерликпи же маалыматтын жетишсиздигин билдиреби?
“Эже-сиңдилер” берүүсүндө аялдардын зомбулукка чыдап жашаганына эмне себеп жана арыз жазылбаган учурда, аялдын укугун ким коргойт деген суроолорго жооп издейбиз.
Иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровго карата кылмыш ишинин козголушу – сөз эркиндигине карата болгон чабуулбу? Алардын жеке жашоосун камтыган материалдарды ким таратып жатат жана мындай мыйзамсыз таратуу үчүн ким жоопко тартылат? "Эже-сиңдилер" ушул суроолорго жооп издей
Кыргызстанда быйыл жаңы төрөлгөн балдардын арасында эң популярдуу аттар Мухаммед жана Салиха болду. Балдарга ысым ыйгарууда ата-энелер эмнеге таянат жана бул тенденция көпкө узарабы?
Аялдарга карата зомбулук менен негизинен аялдар күрөшөт: акцияларды өткөрүшөт, жабыркагандарга жардам берет. Бүгүн биздин коноктор — зордук-зомбулукка активдүү каршы чыгып, бул жаатта бир топ иштерди аткарып жаткан мырзалар болмокчу.
Орусиянын атынан Eurovision-2021 сынагына катышкан тажик тектүү ырчы Maнижа жана анын апасы Наджиба Усманова "Эже-Сиңдилер" берүүсүнө маек курду.
Кыргызстанда жол кырсыгы күн сайын кеминде үч кишинин өмүрүн алат. Мындай кургак статистиканын артында трагедия, жакынын жоготкон үй-бүлөлөр бар. Эже-сиңдилер берүүсү бул жолу мына ушул жол кырсыктарынын себептерин талкуулайбыз
Жыл сайын Бишкек абанын булганышы боюнча алдыңкы саптан түшпөй келет. Мунун себептери эмнеде жана көйгөйдү чечүүнүн жолдору кандай?
Учурда дүйнө жүзүндө Түштүк Кореянын “Кальмар оюну" сериалы популярдуу болуп жатат. Бир катар Батыш өлкөлөрү аны балдарга көрсөтүүгө тыюу салып, сериал жаш аң-сезимге терс таасир эте турганын жүйө келтиришүүдө. Ага карабай Кыргызстанда да аны көргөндөр арбын. Сериалдын феномени эмнеде жана аны көрсөтүүгө тыюу салынышы керекпи? "Эже-сиңдилер" бул ирээт ушул теманы талкуулайт.
Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан аялдар үчүн Борбор Азиядагы эң кооптуу өлкө экенин көрүүгө болот.
Кыргызстандын бийлик бутактарында аялдардын саны жылдан жылга азаюуда. Бул тенденция эмнени билдирет жана аялдардын саясатка катышуусу канчалык маанилүү? "Эже-сиңдилер" ушул теманы талкууга алат.
Улгайган чакта ден соолугуна жана материалдык абалына байланыштуу үйдө отуруп калгандар көп. Ошол эле маалда карылыкка моюн сунбай, жаңы нерселерди үйрөнүп, өмүрдүн ар бир мүнөтүнөн рахат алып жашагандар бар. "Эже-сиңдилер" берүүсүндө мына ушул темада кеп кылабыз.
Ата-эне кичүү уулуна же башка уулдарына мүлк бөлүштүрүп, мурас калтырууда кыздарын четке калтырып коюу туурабы? Кыздар дагы мураска ээ болууга укугу барбы? "Эже-Сиңдилер" берүүсүндө ушул суроолорду талкууладык.
Кыргызстанда укук коргоочулардын көбү айымдарбы? Алардын күнүмкү жашоосу кандай өтөт? Бийлик аларды эмнеге куугунтуктайт? "Эже-сиңдилер" укук коргоочулуктун кыйынчылыктары тууралуу кеп тартуулайт.
Илим чөйрөсүндө ийгиликке жетишип жаткан айымдар кандай тоскоолдуктарга учурайт? Билим алуунун кыздардын жана коомдун өнүгүүсүндөгү орду кандай? "Эже-сиңдилер" берүүнүн бул чыгарылышында ушул теманы талкуулайбыз.
Каралоо, коркутуу жана куугунтуктоо максатында жеке жашоого мыйзамсыз кол салуу күнүмдүк көрүнүш болуп баратабы? Аялдардын жашоосуна анын кандай таасири бар? "Эже-сиңдилер" берүүсүндө ушул суроолорго жооп издедик.
Дагы жүктөңүз