"Эже-сиңдилер" телеберүүсүнүн алып баруучусу.
Талибдер бийлеп жаткан Ооганстанда аялдарга, кыз-келиндерге үйдөн чыкпай туруу, окуу жайларга барууга чектөө коюлганы маалым. Бул жолу “Эже-сиңдилер” берүүсүндө Ооганстандагы абалга, ал жактагы аялдар жагдайы жана бул окуялардын Кыргызстанга сабагы тууралуу кеп кылдык.
Чакан бизнес пандемия коштогон бир жарым жылдын жарымын чыгаша менен ишин жүргүздү. "Эже-сиңдилер" берүүсүндө бул жолу чакан ишкердиктин абалы тууралуу баарлаштык.
Кыргызстандын билим берүү тармагы экинчи окуу жылын пандемия шартында жыйынтыктап отурат. “Эже-сиңдилер” берүүсүндө бул жолу онлайн окуулардын билим берүүгө тийгизген таасири жана кесепеттери тууралуу баарлаштык.
"Эже-сиңдилер" телеберүүсүндө парламенттин 6-чакырылышынын ишмердүүлүгү, Жогорку Кеңешке шайлоо боюнча жаңы мыйзам долбоорунун өзгөчөлүктөрү, парламенттеги аялдардын орду тууралуу баарлаштык.
Өзүн экинчи планга коюп, балдары үчүн жанын сабагандар гана "мыкты эне" деген образ эмнеден улам жаралган? "Эже-сиңдилер" телепрограммасында бул жолу ушул темада баарлаштык.
Ай башында Сузакта экинчи аялга үйлөнүп, салтанаттуу той берген адамга кылмыш иши козголду. Бул окуя көп аял алуу маселесин кайрадан козгоду. "Эже-сиңдилер" телеберүүсүндө бул жолу үстү-үстүнө аял алуу, анын кыз-келиндердин укуктарына коркунуч туудурган кесепеттери тууралуу баарлаштык.
Жакында журналист кызды көчөдө бейтааныш жигит жамбашка чапкан. Кийинчерээк ал адам милицияга келип кыздан кечирим сураган. Бул окуя “харассмент” башкача айтканда ыдык көрсөтүү темасын кайра актуалдаштырды.
"Эже-сиңдилер" телеберүүсүндө 2010-жылдан кийин төрөлгөн балдардын муунун тарбиялоодогу айрым жагдайлар тууралуу баарлаштык.
"Эже-сиңдилер" баарлашуусунда бул жолу аялдар ортосундагы мизогиния же аялдар арасындагы көрө албастык сезими тууралуу кеп кылдык. Кыз-келиндердин бири-бирин басмырлап, ич күйдүлүк кылганынын себептери кандай? Эмнеге тилектештик кылган, бири-бирин колдогон коомго айлана албайбыз?
"Эже-сиңдилер" берүүсүндө чыр-чатак жана анын аялдарга, балдарга тийгизген таасири тууралуу баарлаштык. 28-30-апрель күндөрү жана 1-майда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 190го жакыны жараат алды. Дүйшөмбү 6-майда бул жаңжалда 19 адам каза болуп, 87 киши ж
"Эже-сиңдилер" берүүсүндө пандемиянын шартында, базарда баа өсүп жатканда кантип үнөмдүү жашаса болоруна токтолобуз. Бир жылдан бери Кыргызстанда тамак-аш, күнүмдүк керектелчү товардын баасы дээрлик 50% өстү. Кымбаттоонун айынан сиз да үнөмдүу жашоо тууралуу ойлоносузбу?
"Эже-сиңдилер" берүүсүндө бул жолу коронавирус эпидемиясынын бир жылдыгына сарепсеп салдык. Айрыкча Covid-19 инфекциясы менен күрөштө алдыңыкы орунда өмүр менен өлүмдүн ортосунда жүргөн аялдар тууралуу да кеп курдук.
"Эже-сиңдилер" берүүсүндө бул жолу майыптыгы бар адамдардын жумушка орношуу жагдайы тууралуу баарлаштык. Кыргызстанда мыйзамда иш берүүчүлөр майыптыгы бар адамдарды ишке алышы керектиги так көрсөтүлгөн. Бирок ал кагаз жүзүндө гана калып келет.
“Эже-сиңдилер” телеберүүсүндө жергиликтүү кеңештерге шайлоодо кыз-келиндер үчүн тоскоолдуктар жана мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеп кылдык. Сиз жакында боло турган жергиликтүү шайлоодо аялдарды колдойсузбу?
"Эже-сиңдилер" берүүсүндө коомчулукта талкуу болуп жаткан балага эненин ысмын ыйгаруу тууралуу кеп курдук. Мамлекеттик каттоо кызматы активист Алтын Капалованын балдарына документ берген кызматкер кемчилик кетиргенин, ал жоопкерчиликке тартыларын билдирген.
Гендерлик тең укуктуулук тууралуу талкуу-талдоолор көңүл ачуу багытындагы аянтчаларда да жүрүүсү зарыл. «Эже-сиңдилер» берүүсүндө бул жолу музыкалык клиптерде, тасмаларда, тамаша видеолордо кыз-келиндердин образына байланыштуу стереотиптик көз караштарды талдап көрдүк.
“Эже-сиңдилер” берүүсүндө кыз-келиндердин укугуна байланыштуу урунттуу окуяларды эстеп, кийинки жылга багыттарды аныктайбыз.
Кыргызстандык журналисттер алгач ирет өлкөдөгү фемицидди иликтешти. Анын жүрүшүндө 54 миңден ашуун маалымат талданган. Киши колдуу болгон аялдардын көбүнө күйөөлөрү, өнөктөштөрү такай зордук-зомбулук көрсөтүп турганы аныкталды. “Эже-сиңдилер” берүүсүндө фемицид тууралуу сөз болот.
"Эже-сиңдилер" берүүсүндө бул жолу мигрант аялдардын өлкөнү өнүктүрүүдөгү ролу тууралуу баарлаштык. Чет жактан тажрыйба, каражат топтоп келип өз ишин баштап, башкаларга жумуш орун түзүп жаткан кыз-келиндерди билсеңиз биз менен байланышыңыз.
"Эже-сиңдилер" телеберүүсүнүн бул чыгарылышын зомбулуктун кеңири жайылган түрү - абьюз темасына арнадык. Адистер ар бир адам абьюзер болушу мүмкүн деп айтышат. Сиз бул ойго кошуласызбы?
Дагы жүктөңүз