"Азаттык+" программасынын алып баруучусу, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин журналистика факультетинин студенти.
Сиз туура тамактанам деп ойлойсузбу? Туура эмес тамактануунун кесепети кандай ооруларга алып келет? Кайсы азыктарды чогуу жегенге болбойт? Кантип ден соолукка кам көрүп, өмүрдү узартса болот? Бул суроолорго "Азаттык+" жооп издеди.
Бүгүнкү күндөрү баарынын көңүл чордонунда футбол турат. Бирок өлкөдө андан башка да спорттун түрлөрү өнүгүү жолунда. Өзгөчө кышкы спорттун түрлөрү менен жаш болгонуна карабай машыгып жүргөн балдарды көрүүгө болот. "Азаттык+" кышкы спорттун түрлөрү кандай өнүгүп жатканын иликтеп көрдү.
Бишкекте Ала-Тоо аянтында уюштурулган митингди милиция кызматкерлери таратты. Тартип сакчылары бир канча жаранды кармап кетти.
"Азаттык+" телепрограммасы 2018-жылдагы эң кызыктуу каармандарын чогултуп, жыл жыйынтыгын чыгарды.
Алардын армиядагы жашоосу менен жакындан таанышып, кандай шартта кызмат өтөп жатканын көрүп келдик. Кимдер - “красавчик”, кимдер - “күчтүү” экенине сиз баа бериңиз.
Ала качууну дагы эле салт деп эсептеген кыргыз коомунун аң-сезимин өзгөрттүбү? "Азаттык+" бул жолу ушул суроолорго жооп издейт.
Алар мүмкүнчүлүктөрүн чектебейт. Алар сиз менен бизге караганда көбүрөөк иштейт. Алар жашоодон ырахат алып жашайт. Алар көп нерселерди кыялданат. "Азаттык+" бул чыгарылышын тагдырдын сыноосуна сынбай, ар бир мүнөттү баалап жашаган жаштарга арнады.
Андрей 19 жашта. Ал төрт жашынан тарта ат минип, мал менен чоңойгон. Кыргыз тилинде эркин сүйлөйт. Айылдаштары менен жумасына бир жолу улак тартканды өнөкөткө айландырып алган. Кыялы Кыргызстандын көкбөрү бонча улуттук курамасына кирип, Манас Ниязовдой күчтүү улакчы болуу.
Нан жана майонез, китеп менен Интернет, сууга бышкан кесме мунун баары студенттердин жашоосу. "Азаттык+" командасы бул ирет алардын жатаканадагы өмүрүнүн бир үзүмүн чагылдырды. Студенттик жатаканалардагы ачуу-таттуу турмуш менен тааныштырабыз.
Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекция Бишкек шаарындагы автоунаалардан чыккан түтүндүн зыяндуулугун аныктоо боюнча рейд жүргүзүүдө. Инспекторлор рейддин жыйынтыгында абаны булгап жаткан автоунаалардын айдоочуларына айыппул салынып, эскертүү берилди.
"Кыргызстан сулуусу - 2018" сынагы 10 күндүн ичинде удаа-удаа өтүп, ноябрь айынын биринчи бөлүгүндө эле эки сулуу тандалды.
Бишкек шаарында иштеген ондогон дарыгерлер 19-ноябрда Жогорку Кеңештин алдына митингге чыгышты. Алар үй-бүлөлүк медицина борборлорун оптимизациялоо маселесине байланыштуу нааразылык билдирип жатышат.
Кыргызстанда жалпы 11 түзөтүү мекемеси бар. Ал эми эркинен ажыратылгандардын саны 15 миңге чукул. Ошол абак жайларында иштеген кызматкерлердин жумушу кандай оор экенин билесизби? "Азаттык +" бул чыгарылышында алардын түйшүгүн жана иштөө шартын чагылдырды. Кызыктуу маалыматтарды сиз да билип алыңыз.
"Бир дүйнө - Кыргызстан" кинофестивалы быйыл 12-жолу уюштурулууда. Жыл сайын дүйнөнүн ондон ашуун мамлекетинен тасмалар сунушталып, жеңүүчүлөр Бишкекте сыйланат.
Үйдөн чыкпай эле жетиштүү акча табууга болорун билесизби? Кайсы кесиптер үйдө иштөөгө ыңгайлуу? Үй кожойкелери же мүмкүнчүлүгү чектелгендер кандай жумуштар менен алектенсе болот? “Азаттык +” бул чыгарылышта өз өнөрү менен үй-бүлөсүн багып жаткан кыргызстандыктар тууралуу тартты.
Айына төрт миң сом алып иштеген театр актрисасы. Он жыл окуп, беш миң сом айлык алган үй-бүлөлүк дарыгер. "Азаттык+" бул жолу айлыгы аз, түйшүгү чачтан көп жаш адистердин жашоосуна кызыкты.
№47 мектепте окуган 8-класстын окуучусун 9-класстын окуучусу сабап койду деген маалымат интернетте кызуу талкуу жаратты.
Азыр жаштар үй-бүлө куруу алдында ден соолугун чыңдап, медициналык текшерүүдөн өтүшөбү? Жубай күтүү үлпөт той менен гана чектелбесин, дени сак баланын төрөлүшү үчүн аял-эркек бирдей жоопкер экенин билишеби? “Азаттык+” программасынын кезектеги чыгарылышында ушул суроолорго жооп издейбиз.
Адамдын керектөөлөрү көбөйүп, ага жараша таштандынын көлөмү да артып баратканы маалым. Кыргызстанда жаштар экологияны коргоо үчүн кандай салым кошууда? Табият үчүн күйгөн замандаштарыбыз тууралуу "Азаттык плюстун" ушул чыгарылышында айтып беребиз.
Cоңку жылдары Кыргызстанда балдарын орус тилдүү мектептерге же орус тилдүү класстарга берүүгө ыктагандар көбөйдү. Чын эле кыргыз тилдүүгө караганда орус тилдүү мектептерде билим берүүнүн сапаты жакшыбы? "Азаттык+" бул чыгарылышта ушул маселени талкуулады.
Дагы жүктөңүз