Кумтөр боюнча депутаттык комиссиянын маалыматы угулду. Саясий күрөш кескин курчуп, өкмөт башчыга ишеним көрсөтпөө үчүн кол топтоло баштады.
21-июнда Санкт-Петербургда эл аралык экономикалык форум башталды. Ага президент Алмазбек Атамбаев башында турган кыргыз делегациясы да катышууда.
Бишкекте журналист Фарафонов соттолушуна нааразы орус саясатчысы буга кыргыз эмгек мигранттары жооп берип калышы мүмкүндүгүн эскертти.
Улуттук коопсуздук боюнча концепция жарыяланды. Орусиячыл саясат таануучулар жанданды
Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов 13-июнда өкмөт жыйынынан капилет чыгып кетиши түрдүү түкшүмөлдөрдү жаратты.
Кытайдан 700 млн. доллардан ашуун инвестиция келет. Шанхай кызматташуу уюму энергетика, азык-түлүк жана коопсуздук багытында кызматташууга артыкчылык берүүнү тандады.
Кыргызстанда муфтийлик кызмат үчүн күрөш күч алды. Коргоо кеңешинин жыйынында коррупцияга каршы күрөш каралды.
Кыргыз өкмөтү Өнүктүрүү банкын түзүүнү чечти. Өкмөт бул банк аркылуу узак мөөнөттүү насыялоо маселесин чечүүнү көздөйт.
Талдоочулар бийлик башындагылар мамлекеттик кызыкчылыктан саясий кызыкчылыктарын жогору коюп жатканын айтууда.
Кыргызстан менен НАТО авто жана темир жол аркылуу транзит боюнча макулдашууга жетишти.
Кыргыз өкмөтү менен НАТО Кыргызстандын аймагынан жүк ташып өтүү боюнча келишимге жетишти.
Өкмөт Өнүктүрүү банкын түзүү чечимин кабыл алды. Ал банк толугу менен мамлекетке таандык болуп, инвестициялык долбоорлорду каржылаш керек.
Кыргызстандан ири суммада акчалар чыгарылганы парламентте айтылды. Кыргызстан менен Орусия энергетикалык долбоорлор боюнча сүйлөшүүнү улантат.
ЖККУнун Москвадагы кезексиз саммитине Кыргызстандан президент Алмазбек Атамбаев баштаган делегация катышты.
Президент Алмазбек Атамбаев Казакстанда иш сапары менен болду. Премьер-министрдин ролун күчөткөн “Өкмөт жөнүндө” мыйзам кабыл алынды.
"Кумтөрдүн" ишинин начарлашы өлкөнүн жалпы экономикалык көрсөткүчтөрүнө таасирин тийгизүүдө.
АКШ Кыргызстандын чек ара кызматына алты объект куруп берүүнү чечти. Бирок алардын катарында Баткенде куруусу болжонгон машыгуу борбору жок.
7-майда Москвада Орусиянын жаңы шайланган президенти Владимир Путиндин ант берүү аземи өттү.
Кыргызстандын Конституциясынын 19 жылдыгы белгиленди. Энергетикалык долбоолордо айрым айкындыктар байкала баштады. Коррупцияга каршы күрөш солгундадыбы?
USAID'дин сунушу менен Tetra Tech компаниясы Кыргызстандын энергетика тармагын иликтеп чыккан. Компаниянын өз иликтөөсүнүн биринчи отчетун жарыялады.
Дагы жүктөңүз