Владимир Жириновский орус электоратынын улутчул бөлүгүнө таянган саясатчы. Ошондуктан анын сөзү ашкере улутчул такыр баштарга таасир этип, алар тараптан кыргыз эмгек мигранттарына чабуул күчөшү ыктымал.
Фарафонов улут аралык кастыкты козутканбы?
Жириновский коргоп жаткан Владимир Фарафонов болсо учурда дайынсыз.
Анын адвокаты Владислав Лужанский ал коргоп жаткан адам чет өлкөгө чыгып кетиш мүмкүндүгүн четке какпады:
- Баары болушу мүмкүн. Мен билбеймин. Кечээ күнү ал сотко да келбеди. Үй жана уюлдук телефондоруна чалсам жооп бербей жатат.
Белгилүү болгондой, Фарафоновго байланыштуу сот Бишкектин Биринчи май райондук сотунда болуп жаткан. Мамлекеттик айыптоочу аны сегиз жылга эркинен ажыратууну соттон сураган.
Лужанскийдин айтымында, Фарафонов табылбаса, ага издөө жарыяланышы күтүлөт. Ал эми Жириновский Фарафоновду Орусияга чакырып, аны жумуш, жарандык менен камсыз кылууга көмөктөшөөрүн билдирген.
УКМКнын тергөө башкармалыгы башкы прокуратурадан түшкөн материалдарга байланыштуу текшерүү жүргүзүп, анын жыйынтыгында Кылмыш кодексинин 299-беренеси (улут аралык, диний же аймак аралык кастыкты козутуу) беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон эле. Ага журналист-блогер Владимир Фарафоновдун интернет-сайттардагы макалалары негиз берген. УКМК буга чейин Улуттук илимдер академиясынын филологиялык-саясий экспертизасы 2011-жылдын 22-ноябрындагы жана 2012-жылдын 8-февралындагы тыянактарында Владимир Фарафоновдун интернет-сайттардагы макалаларында улут аралык кастыкты козуткан маанай бар деп тапканын билдирген. Журналист Фарафонов болсо макалаларында андай маанай жоктугун буга чейин айрым маалымат каржаттарына айткан.
Орусияга барган мигранттар эми сынактан өтөт
Айтмакчы, Орусиядагы жалпы эмгек мигранттарынын абалын оорлоштура турган жаңы Концепцияга орус президенти кол койгону 19-июнда маалым болду. Ага ылайык Орусияга келген эмгек мигранттары орус тили, маданияты жана тарыхы боюнча сынактан өткөрүлөт.
Кыргыз-орус мамилесинде чечилбей жаткан бир катар орчун маселелер бар. Аларды чечүү үчүн Кыргызстандын президенти да, өкмөт башчысы да жакынкы күндөрү Орусияга аттана турган болууда. Маселен, президент Алмазбек Атамбаев 21-июнда Санкт-Петербург экономикалык форумуна катышууга жөнөп кетет. Анда орус президенти Владимир Путин менен жолугушуусу күтүлүүдө.
Андан кийин июль айында өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун Москвага сапары белгиленген.
Парламент комитети келишимди чакыртып алды
Мына ушул сапарлардын алдында Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитети мунай заттарын сатуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөрүнүн келишимин чакырып алды.
Комитеттин мүчөсү Максат Сабиров келишимдин чакырып алыныш себеби тууралуу буларды билдирди:
- Биздин комитет келишимди карап, кайсы жерлерин оңдош керектигин, кайсы жерлери боюнча кайрадан сүйлөшүлүш керектигин айтканбыз. Келишимдин кээ бир беренелери туура эмес түзүлүп калган. Ошол боюнча маалымат бериле элек болчу. Ошондуктан эски келишимди чакыртып алдык. Эми жаңысын алып келет. Аны колдоп беребиз.
Маалыматка караганда, комитет мүчөлөрүн келишим долбоорунда тараптардын жоопкерчилиги так жазылбаганы, “Газпромдун” Кыргызстанда монополисттик ролунун бекемделиши, министрликтердин жоопкерчилиги дурус каралбаганы канааттандырган эмес.
КСДП фракциясынын мүчөсү Галина Скрипикина келишимдин долбоорун чакыртып алуудан саясат издебөөгө чакырып, буларга токтолду:
- Биз өзүбүздүн чечимди чакыртып алдык. Анткени анда келишимдин эски тексти болчу. Бүгүн өкмөт келишимдин жаңы долбоорун алып келет. Жогорку Кеңештин үч комитети кемчиликтерди белгилеп, сунуштарын айткандан кийин өкмөт орус тарап менен сүйлөшүп, келишимдин мазмунун өзгөрттү.
Скрипкинанын айтымында, президент Алмазбек Атамбаев комитеттер тарабынан жактырылган келишимдин долбоору менен Санкт-Петербургга барышы керек.
Күйүүчү май жетиштүү
Кыргызстан нефтитрейдерлер бирикмесинин төрагасы Жумакадыр Акенеев жаңы келишим дурус жазылганын билдирет. Анын айтымында, учурда күйүүчү май Орусиядан жетиштүү келип жатат. Маселе - май ташыган автоунаалардын токтоп калышында болуп жатат:
- Азыр бизде машинелерди жүргүзбөй койгондуктан көптөгөн май куйуучу жайларда тартыштык пайда болуп жатат. Мунай сактай турган жайларыбыз толуп, келип жаткан күйүүчү майды куйганга орун жок. Түндүктөн түштүккө ташууга да болбой жатат. Төрт жүз машинени токтотуп салбадыбы МАИ кызматкерлери. 14 миң тонна күйүүчү май машинелердин ичинде жатат. Ошол проблема. Калган жагынан проблема жок.
Кыргыз-орус мамилесинде мына ушундай көрүнүштөр орун алууда. Ал эми эки өлкөнүн ортосундагы орчундуу энергетикалык долбоорлордун тагдыры эмне болоору Алмазбек Атамбаевдин жана Өмүрбек Бабановдун Орусияга сапарларынан кийин айкын болмокчу.