Кыргыз-өзбек чек арасындагы атышууда эки өзбек чек арачысы каза окко учту. Кыргызстан аскердик доктринасын жарыялады.
Эл аралык эксперттер чек ара маселеси региондун коопсуздугуна таасирин тийгизген негизги факторлордун бири деп аташууда.
Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы саясий партиялар жаңы кыймыл түзүүгө киришти.
Жергиликтүү бийликтердин ыйгарым укуктары боюнча Жогорку Кеңеш менен өкмөт эки ача кетти.
Экономика министри Темир Сариев АКШда Максим Бакиевге таандык 74.4 млн. доллар эсеби жабылганын кабарлады.
“Ата-Журттун” үч депутатына байланышкан сот иши эми Жогорку Сотто улана турган болду.
10-июлда Бишкекте Кыргызстандын донорлору менен өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусунда эки күндүк конференция башталды.
Эгерде жыл башында бир унций алтын 1700 долларга жетсе, азыркы кезде 1250 доллар болуп калды.
Кыргызстандын Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттигинин башчысы тынымсыз алмашууда.
Жогорку Кеңеш “Дастан” ишканасын менчиктештирүүгө уруксат берди. Өкмөт күзгө карай аны сатууну көздөп жатат.
Энергетика жана өнөр жай министри Артыкбаев өлкөнүн энергетика системасын реанимацияга түшкөн оорулуу катары баалады.
Узап бараткан жумада Кыргызстан Транзиттик борборду чыгаруу боюнча ички жол-жоболорду толук аткарды.
Жогорку Кеңеш акыйкатчы Турсунбек Акунду кызматынан мөөнөтүнөн мурун бошотууну карап жатат.
АКШда жайгашкан “Фридом хаус” уюму өткөөл доорду башынан кечирип жаткан өлкөлөрдөгү 2013-жылдагы демократиянын абалы тууралуу маалыматын жарыялады. Анда 29 өлкө менен катар Кыргызстандагы абал да талдоого алынган. Кыргызстан анда жарым-жартылай авторитардык өлкө деп бааланган.
19-июнда Жогорку Кеңеш Транзиттик борборду чыгаруу маселесин жабык түрдө карап, өкмөттүн сунушун жактырды.
Жогорку Кеңеште "Манастагы" АКШнын Транзиттик борбору боюнча келишимди токтотуу маселеси каралат.
Баткен облусун жоюу демилгеси көтөрүлдү. Жогорку Нарында төрт ГЭСтин курулушун баштоо аземи өттү.
Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри, “Акыйкат” партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов өлкөдөгү кырдаал жана андан чыгуунун жолдору тууралуу “Азаттыкка” маек курду.
Парламентте Лейлек жана Баткен райондоруна түз өкмөттүк башкаруу киргизүү сунушталды.
Башкаруучу коалиция вице-премьер-министрлик кызматты “Ата-Журт” фракциясынын лидери Мыктыбек Абдылдаевге сунуштады.
Дагы жүктөңүз