Узап бараткан жумада Бишкек менен Ошто мэрлер шайланды. Кыргыз-тажик чек арасында абал татаал бойдон турат.
Улуттук статистикалык комитет 2013-жылдагы Кыргызстандын экономикасынын көрсөткүчтөрүн жарыялады. Ага ылайык былтыр ички дүң өнүм 110.5% өскөн.
Баткенде айланма жол куруудан чыккан жаңжалдан кийин кыргыз жана тажик бийликтери карама-каршы билдирүүлөрдү таратууда.
Апта соңунда Баткендин кыргыз-тажик чегиндеги Ак-Сай айылына жакын жерде эки өлкөнүн чек арачылары атыша кетүүсү жума ичиндеги орчун окуялардын бири болду.
Кумтөр боюнча Жогорку Кеңешке жолдонгон меморандумду өкмөт кайра чакыртып алды.
“Кыргызгаз” Өзбекстандын “Узтрансгаз” компаниясы менен быйылкы жылдын үч айы үчүн газ сатып алуу боюнча келишимге жетишти.
Кыргызстан экономикасы 2013-жылды өсүш менен аяктады. 2014-жылы өлкөдө кандай экономикалык саясат жүргүзүлөт жана кандай максаттар коюлду? Эл аралык валюта кору Кыргызстанды кандай тобокелчиликтер күтүп турганын эскертти.
Жаны жыл алдында Кыргызстандын түндүк аймактарында электр энергиясын жапырт өчүрүүлөр, чектөөлөр болду.
Кыргыз бийлиги 5 млрд. доллар инвестиция тартканын кеңири айтып жатат. Чындыгында эле ошончо инвестиция тартылдыбы же ал үстөгү менен кайтарып бере турган насыяларбы?
“Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев үй-бүлөсүнө Орусиядан башпаанек алганын, жакындары жакын арада орун которгону жатканын айтты.
Казакстан Бажы биримдиги таза экономикалык гана уюм болушун көздөйт. Беларус да өз эгемендүүлүгүнөн бир аз кертип берүүгө макул эмес.
23-декабрда өкмөт Кумтөр боюнча Жогорку Кеңешке келишимдин долбоорун сунуштады. Анда үлүштөрдү 50/50 бөлүштүрүү каралган.
Бишкекте кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны болду. Кыргызстанда Куралдуу күчтөрдү реформалоо мыйзамы талкууланууда.
Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев түзгөн “Градиент” фирмасына байланыштуу кылмыш иши козголду.
Президент Алмазбек Атамбаев Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун Кыргызстанга пайдасы жок экенин айтып чыкты.
Бишкек, Ош шаарларынын башчыларын шайлоо, Кумтөр маселесин чечүү алдында оппозициялык күчтөр биригүү аракетин көрүп жатканы маалым болду.
“Эл үнү” кыймылынын лидери Азимбек Бекназаров өлкөдөгү саясий кырдаал, Кумтөр маселеси жана өкмөттүн иши боюнча ой бөлүштү.
Кыргызстандын саясий талаасында жаңы күчтөр түптөлүүдө. Алар азырынча электоратын иликтеп, ыңгайлуу альянстарга баруунун жолдорун караштырууда.
“Азаттыктын” “Эки - бир” видеомаегинин кезектеги коногу – Кыргызстандын өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев өлкөдөгү коомдук-саясий жана экономикалык кырдаалга байланыштуу суроолорго жооп берди.
Узап бараткан жумада Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери кызматынан кетти, өкмөт бюджетти кыскартууну чечти.
Дагы жүктөңүз