Кыргызстан экономикасы үч айдын ичинде 5.6% өскөнү кабарланды. Кайсы тармактар аксап, кайсы жак өрүш алды?
Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Исхак Масалиев кызматынан бошонуу арызын жазып берди.
Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик кен байлыктарды иштетүүгө лицензияларды аукцион аркылуу сата баштады.
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев экономикалык программасын Жогорку Кеңешке сунуштады. Жаңы өкмөт башчынын экономикалык саясаты мурунку өкмөттөн эмнеси менен айырмаланат?
Кыргызстанда Шайлоо кодексине өзгөртүү жана кошумча киргизүү боюнча мыйзам долбоору даярдалды. Ал кабыл алынса өлкөдө тогуз шайлоо округу түзүлөт. Жаңы мыйзам бөлүнүп-жарылууну күчөтөт деген пикирлер да бар.
Жаңы коалиция куроо иши активдешип, өкмөт башчылыкка Жоомарт Оторбаевдин талапкерлиги көрсөтүлдү. Президент Алмазбек Атамбаев Алматыда Нурсултан Назарбаев менен сүйлөштү.
Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Жоомарт Оторбаев келечекте ири долбоорлор экономиканын өсүшүнө чоң өбөлгө түзөөрүнө үмүт артат.
Орусиянын Кыргызстанга болгон таасиринен улам кыргыз коомчулугунда бул өлкө Бишкектеги саясий жараяндарды өзү каалаган нукка буруу үчүн пайдаланат деген чочулоолор чыгууда.
Узап бараткан жумада Акматбек Келдибековдун тарапкерлери активдешти. Сомдун курсунун түшүүсүнөн кийин баалардын өсүшү өрүш алды.
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, быйылкы жылдын эки айында улуттук ички дүң продукция дээрлик 6% өстү. Бул өсүштү кайсы тармактар камсыздады? Инфляция 1.2% болду деген маалымат канчалык туура?
Кыргыз өкмөтү менен Улуттук банк быйылкы жылдагы экономикалык саясат боюнча билдирүү таратты. Ага караганда эки негизги орган макроэкономикалык туруктуулуктуу сактоого жана макулдашылган акча-насыя саясатын жүргүзүүгө аракет жасайт.
Узап бараткан жумада кыргыз оппозициясы бириккенин жарыялады. Улуттук валюта - сомдун курсу төмөндөөсүн токтоткон жок.
Узап бараткан жумада Бажы биримдигинде валюта согушу жүрүп кетти. Оппозиция бириккенин жарыялады. Парламентте өкмөткө чабуул күчөдү.
Өкмөт Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын курамын кыскартууну чечти. Өкмөт сунушу кабыл алынса, Конституциялык палатанын судьялары 11 эмес, 9 судьядан туруп калат.
Кыргызстан менен Орусия президенттери өткөн жуманын соңунда Сочидеги жолугушуусунда Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине байланыштуу маселени да талкуулашты.
6-февралда Жогорку Кеңеш Кумтөр боюнча чечим кабыл алды. Муну менен өкмөткө “Центерра” менен келишим түзүүгө толук жол ачылдыбы?
Президент Атамбаев 2014-жылды мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы деп жарыялады. Бул боюнча жардыкта мамлекеттүүлүккө коркунуч келтирген бир канча жагдайлар аталган.
Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын соңку чечими буга чейин кабыл алынган көптөгөн чечимдердин мыйзамдуулугун жокко чыгарууда.
Мырзакматов: Шайлоо бийлик каалагандай өтөт
Ош шаарынын мурунку мэри, “Улуттар биримдиги” партиясынын лидери Мелис Мырзакматов "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.
Дагы жүктөңүз