Борбор Азияга сапарында Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Жон Керри Кыргызстанга да келет.
Бүгүн, 29-октябрда президент Алмазбек Атамбаев Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековду кабыл алып, ага Жогорку Кеңеште көпчүлүк коалиция куроо укугун берди.
Кыргызстан менен Тажикстан чек араны аныктоодо эски карталарга таянбай, Алматы декларациясы боюнча иш алып барууну чечишти.
Узап бараткан жумада №50 абактан качкандардын окуясына чекит коюлду. “Республика Ата-Журттун” талапкерлери Жогорку Сотто партия лидерлерин утуп алды.
Саясатчы жана укук коргоочу Эдил Байсалов абактан качып кармалгандардын өлүмүнө байланыштуу "Азаттыкка" маек курду.
Узап бараткан аптада Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгы жарыяланды. “Жайшул Махдинин” мүчөлөрүн кармоо операциясы жүрдү.
Аяктап бараткан аптада орус маалымат каражаттарында кеңири сөз болгон Борбор Азиядагы суу талаш маселеси кайрадан талкууга алынды.
Мөөнөтү бүтүп бараткан Жогорку Кеңеш мажирөө жана чачкын оппозициясы менен эсте калды. Шайлоодон кийин алардын ордуна келе турган Жогорку Кеңеште туруктуу оппозиция болуп, бийликке каяша айта турган партия барбы?
Кыргыз экономикасы узак мөөнөттүк жана үстөк пайызы төмөн насыяга муктаж. Бирок азыркы кырдаалда улуттук валюта сом менен узак мөөнөттүк жана арзан насыя алуу жөнүндө сөз кылуу кыйын.
Узап бараткан аптада Жогорку Кеңешке шайлоо жыйынтыкталды. Жеңген партиялар коалиция маселесин караштыра баштады.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо бирдиктүү республикалык округда партиялык тизме менен, бирок иш жүзүндө көп мандаттуу округдарда өткөрүлдү. Мыйзамдагы мындай жобо шайлоодо жеңип келген партиялар ичинде чатакты жаратууда.
“Макмалалтында" түзүлгөн кризистик кырдаалдын себептеринин бири комбинаттагы алтындын уурдалышы жана коррупция экени айтылууда.
Жогорку Кеңешке шайлоо соңуна чыкты. Эми Борбордук шайлоо комиссиясы алган добушуна жараша партияларга мандат тапшырат. Андан кийин коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүлөр башталат.
Узап бараткан жумада үгүт өнөктүгү соңуна чыкты. Глобалдык атаандыштыкта Кыргызстан КМШ мамлекеттеринен артта калып, дүйнөдө 108-орунду ээледи.
Кыргыз өкмөтү 26-сентябрдагы чечими менен Жогорку Нарында ГЭСтерди куруу үчүн 565 гектар жерди бөлүп берди.
Үгүт учурунда партиялар өлкө үчүн жан аябай кызмат кылышарын, "жыргалчылык заман” келерин убада кылышууда. Бирок өлкөнүн экономикасында, өзгөчө кыймылсыз мүлк базарында кризистик жагдайлар көбүрөөк байкалат.
Бийликтеги КСДП партиясы үгүт өнөктүгүндө президентти кеңири пайдаланууга өттү. Бийлик оппоненттери КСДП муну менен шайлоо мыйзамдарын бузууда деп сынга алууда.
“Вечерний Бишкек” гезитинин ээси алмашып, муну менен кошо редакциялык саясаты жана басылманын мазмуну да өзгөргөнү байкалат.
Узап бараткан жумада кыргыз-орус экономикалык форумдары болду. Кыргызстанда парламенттик шайлоого бир жума калганда компроматтык материалдар чыга баштады.
Кыргызстан социал-демократиялык партиясы президенттин жардыгы менен бекитилген Улуттук өнүктүрүү стратегиясына басым жасап, парламенттик шайлоого атайын программасын шардана кылган эмес.
Дагы жүктөңүз