"Азаттык+" программасынын алып баруучусу, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин журналистика факультетинин студенти.
“Азаттык+” бул жолу велосипед менен достошкондор тууралуу айтып берди.
10-класстын окуучусу Акмөөр Арапова курбулары менен бирге айылына радио түйүн ачты. Алардын максаты - айылдаштарына коронавирус боюнча туура маалымат жеткирүү. Жалал-Абад облусундагы эң четки Кош-Болот айылында буга чейин радио болгон эмес.
Бул окуу жылы аралыктан окутуу системасы менен жыйынтыкталып жатат. Окуучулардын чейректери буга чейинки баасына жараша чыгарылып жатат. Бирок төртүнчү чейрек мугалимдер үчүн жеңил болгон жок. "Азаттык плюс" бул жолу мугалимдердин карантин шартында кандай учурларга туш болгонуна кызыкты.
Эки жумага созулган «Илим кыз» онлайн мектебинде IT-адистер ондогон кызды окутуп, мастер-класстарды өтүштү. Мектептин максаты - Кыргызстандагы кыздарга так илимдер багытындагы кесиптерди тандоосуна багыт берүү.
Коронавирус окуучулардын жашоосун дагы өзгөрттү. Өзгөчө мектепти аяктап жаткандар үчүн бул жыл эстен кеткис болууда.
Өзбекстандык ишкер Санжар Максудов Ташкентте кыргыз ашканасын иштетет. «Манас» деп аталган ресторанда беш бармак баш болгон кыргыз даамдарынан сырткары театрлаштырылган спектаклдерди да көрүүгө болот. Өзбек ишкери кыргыз ашканасын кантип чет өлкөдө популярдуу кылса болоорун айтып берди.
Айрымдары бейтаптарга инсулин жеткизип, жашоого үмүттөндүрүп жатышат. Арасында коронавирус менен күрөшкөн дарыгерлерди жөө калтырбай, жеке унаалары менен ташыгандары да бар. “Азаттык+” бул жолу жардамга муктаждарга кол сунган жаштар тууралуу айтып берет.
Кымбаттуу, абитуриент! Билесиңби, адамзат өмүрдүн кеминде 20% жумушка арнайт экен. Андыктан туура кесип тандоо менен жашообуздун бул бөлүгү кандай болушун аныктайбыз. "Азаттык плюс" командасы сага жол көрсөткөн берүү даярдады. Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа!
Карантин бүт жашообузга таасир этип жатат. Өзгөчө жаштардын пландары да болуп көрбөгөндөй өзгөрүп, көпчүлүгүн “белгисиздик” түйшөлтүп жаткан кези. Жаштардын кыска мөөнөттүк пландары эмне болду? Карантин бүткөндө бизди эмнелер күтөт? "Азаттык плюс" бул жолу ар бир жашты ойлонткон маселеге кайрылды.
Социалдык обочолонуу маалында ата-энелер балдарына кандай көңүл буруш керек? Алар балдардын тамырын тартып, сырдашканды, сүйлөшкөндү билеби? Үй-бүлөдө психологиялык чыңалууларды кантип кыйгап өтөбүз, адистер эмне дешет? “Азаттык плюс” бул жолку берүүсүндө ушул суроолорго жооп издеди.
Атасы баласын аёосуз сабап жаткан видео Интернетте тарап, коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Айрымдары баласын сабаган жаранды жоопкерчиликке тартуу керек десе, башкалары кечиримдүү болууга үндөп жатышат. Балдарга карата зомбулук карантинге байланыштуу көбөйгөнүн айткан адистер да бар.
Өлкөнүн айрым аймактарына киргизилген карантинге байланыштуу белгилүү сааттарда көчөдө эч ким жүрбөшү керек. Ал эми үй-жайсыз селсаяктар мындай шартта кайда баш калкалап жатат? Алардын абалынан кабар алдык.
Кыргызстанда үй карантининдеги жарандарга мониторинг жүргүзүү системасы ишке кирди.
Өлкөдө карантинге байланыштуу театр жана музейлер жабылган. Бирок үйдө отуруп эле спектакль көрүп, музейдеги көргөзмөлөргө баш бага аласыз.
Коронавируска байланыштуу экономикалык жана социалдык кризис элди үнөмчүл болууга түртүп жатат.
Карантинде китеп окугандардын катары калыңдады. Электрондук китепканаларга киргендер да көбөйүп, өлкөдө китеп окуу таймаштары жана ар кандай эстафеталар өтүп жатат.
Карантин спортчуларды да онлайн платформага өтүүгө түрттү.
6-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккандар 216га жетти, анын ичинен 10 адам айыкты. Алардын бири - Франциядан келген мекендешибиз. Ал «Азаттыкка» аты-жөнүн жашырууну суранып интервью берди.
Карантин чыгармачыл адамдардын да ишмердигин өзгөртүп жатат. Үйдө отурууга аргасыз болгон өнөр адамдары поэзия кечелерин онлайн өткөрүп, түз эфирде “Манас” айта баштады. Үн күчөткүчтөрүн коюп алып, балкондо концерт берген ырчылар да жок эмес.
Андыктан "Азаттык плюс" бул жолу карантинде сабактарын үзгүлтүккө учуратпай онлайн сабак окуган студенттер менен окуучулар, үйүндө иштеп, убакытты пайдалуу өткөргөн үй-бүлөлөр жөнүндө айтып берет. Берүүдө онлайн ресурстар менен да бөлүшөбүз.
Дагы жүктөңүз