"Азаттык+" программасынын алып баруучусу, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин журналистика факультетинин студенти.
Кыргызстанда 17-сентябрга карата 81 адамдан коронавирус табылды. Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 45153 кишиге жетти. Алардын 41317и сакайып, 1063ү жашоо менен кош айтышты. Өкмөт илдеттин экинчи толкуну болорун эскертүүдө. Шаар тургундары экинчи толкун
Чолпон Даниярова менен Калыбек Кадыр 30 жылдан бери түтүн булатып келатышат. Спортту сүйгөн түгөйлөр жайында Кыргызстанда авто үйдө жашап, суук түшкөндө ысык өлкөлөргө кетишет.
4-октябрда өтчү парламенттик шайлоого бир катар партияларды жаштар баштап баратат. Жаштар парламентте чын эле реалдуу күч болуп келип, көздөгөн максаттарына жете алабы? Алар саясий партиялар жөн гана жасалма жүз болуп калбайбы? Жаш лидерлер бийликке келсе, эмнелерди өзгөртө алышат? Бул суроолорго “А
Жаштар парламентте чын эле реалдуу күч болуп келип, көздөгөн максаттарына жете алабы? Алар саясий партиялар жөн гана жасалма жүз болуп калбайбы? Жаш лидерлер бийликке келсе, эмнелерди өзгөртө алышат?
"Айылдык кыз - Village girl" долбоору Талас облусунун Аманбаев айылындагы 9-10-класстын окуучуларына тренинг өткөрдү.
Блогер Бектур Мамашовдун (Тут Бека) акыркы видеороликтери коомчулукта катуу талкуу жаратты. Айрым блогерлер аны адам укугун бузууну жана үй-бүлөлүк зомбулукту пропагандалап жатат деп сындашты.
Ира Чоткараева - Боом капчыгайына кире бериштеги айтылуу “Апамдын сүт чайы” же “Апамдын каттамасы” деген брендди баштоочулардын бири. Ал бала-чакасы менен ушул жактан нан таап жегенине 15 жылдын жүзү болду.
Кыргызстандагы Эл аралык "Das Education" Америка мектеби түзүп чыккан тил үйрөтүүчү тиркемени КМШ өлкөлөрү сатып алууда. "Тиркеменин өзгөчөлүгү - жөнөкөйлүгүндө, анын жардамы менен жарым жылда англис тилинде эркин сүйлөп каласың", - дейт авторлор. Албетте, адамдын каалоосу жана аракети да чоң роль о
Айрым эксперттер англис тилинде сүйлөгөндөр көбөйсө, кеңири маалымат алууга жол ачыларын, бул элдин аң-сезиминин ойготууга, сынчыл ой жүгүртүүгө таасир этерин айтып келишет. Анткен менен Кыргызстанда башталгыч класстан бери окуганына карабай англис тилинде сүйлөгөндөр аз. Эмне үчүн айлап, айрымдар ж
Бишкектеги “Ынтымак” сейил багында коомдук жайда тамеки тартууга каршы акция өттү. Анын алкагында уюштуруучулар бактын айланасына 10 даана эскертүү тактайчасын орнотушту. Акциянын максаты - сейил бактарды тамекисиз эс алуу аймагына айландыруу.
Быйылкы жалпы республикалык тестирлөөгө 43 963 бүтүрүүчү катышып, алардын 53ү эң жогорку балл алды. Анын 67си гана алтын сертифкатка ээ болуп, Кыргызстандын каалаган университетине өтүүгө мүмкүнчүлүк алды.
Көңүлүңүздү пандемия менен шайлоодон башкага бөлөбүз. Жайдын ысык аптабында үйдө камалып отурган болсоңуз, биздин командага кошулуп тоого саякаттап келиңиз. Бул жылы тоо туризминде эмне жаңылык, биз билбеген кандай кызыктуу жерлер бар?
Акмарал Нурбек кызы жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында эң жогорку балл алды. Ал Алай районунун Кабылан-Көл айылындагы Мурзаев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү. Акмарал окууда гана мыкты болбостон, комуз чертип, шахмат ойноодо да алдына ат салдырбайт.
Жаш дарыгер Жаныбек Мырзабеков Улуттук госпиталда пневмония менен ооругандарды дарылап жатат. Кесиби боюнча уролог болгондуктан бул ооруга чалдыккандарды дарылоо Жаныбек үчүн да, анын командасы үчүн да оор болууда.
Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын студенттери Бишкектин сыртындагы мурдагы "Ганси" аба базасында жайгашкан стационарда өз ыктыяры менен адам өмүрүн сактап калуу үчүн күрөшүп, бейтаптарды дарылап жатышат. Медиктер белгилегендей, ал жерде 1000ге чукул бейтап бар.
Азыр кырдаал курчуп, COVID-19 менен ооругандардын, атургай вирусту жеңе албай көз жумгандардын дагы саны өсүүдө. Андыктан коомчулукта бул кризистен чыгуунун жолун издеп, түрдүү демилгелер да көтөрүлүп жатат. Алардын ичинде жаштар абалды жеңилдетүү үчүн кандай жолдорду сунуштады? Жаштар кандай жарда
Көптөгөн жаштар карантинде жумушсуз калып, кесибин өзгөртүүгө мажбур болушту.
Көпчүлүк мугалимдер карантинде ар бир сабакты даярдоо үчүн бир эле учурда оператор, алып баруучу, режиссер болушту. Асылкан Кубанычбекова дагы видео тартууну мыкты өздөштүрүп, социалдык тармактарда дагы кызыктуу вайндарды тарта баштаган.
Кыргыз тилчи Перизат Даткаева карантин шартында күндөп-түндөп иштеген мугалимдердин бири. Ал мектептер аралыктан окууга өткөндөн бери ар бир классына күндө жаңы видеолорду тартып жатты.
"Азаттык плюс" бул жолу Ош шаарынын жаштары менен акыркы өзгөрүүлөр, жаштар арасындагы жаңы тренддер жана түрдүү маданияттын өкүлдөрү менен чогуу жашоонун артыкчылыктары туурасында баарлашты.
Дагы жүктөңүз