Эң популярдуу криптовалюта – биткоин соңку күндөрү кескин арзандап, 15-16 миң долларга чейин түштү. Бир жыл мурда анын наркы 70 миң долларга чукулдап, быйыл 40 миң доллардын тегерегинде болгон.
Ошентип, биз 8 миллиарддан аштык. 15-ноябрда Филиппинде жана Доминикада туулган эки ымыркай символикалык түрдө дүйнөнүн сегиз миллиардынчы жашоочусу деп аталды. Калктын өсүшү кандай кыйынчылыктар, көйгөйлөр менен коштолот? Келечекте Жер планетасын кандай демографиялык тенденциялар күтүп жатат?
Стамбулдун чок ортосундагы жардыруу бүтүндөй Түркияны сестентти. Түрк бийлиги муну теракт деп атап, буга күрддөрдү айыптап, кармады. Түркия орус-украин согушунан эң көп пайда тапкан өлкө катары сыпатталууда. Путин менен Батышка арачы болгон Түркиянын тышкы саясатта көздөгөнү эмне?
Орусия 2022-жылы Борбор Азия өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсүн кескин көбөйттү. Москва Батыштын санкцияларынан буйтап, товарды жакынкы өнөктөштөрүнөн ташып жатат.
Эмомали Рахмон Тажикстанды туура 30 жылдан бери башкарып келет. Бийлик тизгинин колунан чыгарбай, өлкөнү өзү билгендей бийлеп келаткан президенттин тушунда Тажикстанда авторитардык режим орногонун эл аралык уюмдар менен саясат талдоочулар бир ооздон белгилешет.
Кытайда Си Цзинпин Компартиянын баш катчысы болуп үчүнчү мөөнөткө шайланды. Бийликтин бир кишинин колуна топтолушу эмнеден кабар берет? Региондогу ири оюнчу болгон өлкөдө кандай өзгөрүүлөрдү күтсө болот? Бээжин Борбор Азияда экономикалык таасирин арттыруу аракетин көрүшү мүмкүнбү?
Орусия Украинаны "ыплас бомба" колдонууга даярданып жатат деп айыптады. "Ыплас бомба" деген эмне? Украинада радиоактивдүү курал колдонулат деген кооптонуу канчалык негиздүү? "Биз жана дүйнө" берүүсүндө жооп издедик.
Кыргызстан өз аймагында Жаматтык коопсуздук келишим уюмунун аскердик машыгуусун өткөрүүдөн да, Тажикстандагы машыгууга катышуудан да баш тартты.
Украин армиясы өлкө чыгышында бир топ аймакты бошоткондон кийин түштүк облустарда да контрчабуулун жандантты. Орусиянын президенти Путин Украинанын төрт облусун аннексиялаган мыйзамга кол койду. Киев менен Москваны алдыда эмне күтөт?
Президент Путин мобилизация жарыялаган соң Орусиянын көп шаарында нааразылык акциялары болуп, үч миңдей киши кармалды. Кремль фронтко 300 миң кишини тартууну көздөрүн билдирди. Армияга Орусиянын жарандыгын алган мигранттар да тартылууда. Согушка баргысы келбеген мигранттар эмне кылышы керек?
23-24-сентябрда Европанын бир катар шаарларындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү тынчтык митингине чыгышты. Алар Баткенде чек арадагы айылдардын талкаланып, ондогон киши набыт кетип, миңдеген тургундардын үй-жайын таштап качууга аргасыз болушуна кошуна өлкөнүн бийлигин күнөөлөштү.
Кыргыз-тажик чегинде 14-17-сентябрда болгон окуялар эки тарапта тең ондогон киши мерт болду. Он миңдеген тургун үй-жайын таштап, качып чыкты. Адистер эки өлкөнүн чек арачыларынын кагылышуулары кооптуу тенденцияга айланып баратканын эскертүүдө. Мындай эскалацияны эмне менен түшүндүрсө болот?
Самаркандда ШКУнун Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоору боюнча үч тараптуу макулдашууга кол коюлду. 20 жылдан бери козголбой келаткан долбоорго старт берилди. Ага кеминде 5 миллиард доллар жумшалат. Айрым адистер Бээжиндин алдында Бишкек менен Ташкенттин карызы дагы көбөйөрүн эскертишет.
Орусияда миграциялык жаңы эрежелер күчүнө кирди. Жүздөгөн мекендештер чек арадан кирди-чыкты кылып, миграциялык картасын жаңылаш үчүн сааттап кезекте турат. Орусияда жүргөн жүз миңдеген мигрант өз милдет-жоопкерчилигин билеби? Кыргызстан өз жарандарынын укуктарын канчалык коргоп жатат?
3-сентябрда Берлинде кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү Кыргызстандын Германиядагы элчилиги менен биргеликте Эгемендүүлүктүн 31 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара уюштурушту. Латвия, Чехия, Польшада жашаган журтташтар футбол, волейбол жана стол тенниси боюнча күч сынашты.
Чет өлкөдө жашаган кеминде бир таанышыңыз болушу мүмкүн. Себеби расмий статистикага ылайык, Кыргызстандын ар бир алтынчы жараны чет жакта жүрөт. Алардын арасында алыста туруп, Ала-Тоонун алдыга жылышына акысыз салым кошуп жаткан жигердүү кыргызстандыктар бар.
27-28-августта АКШнын Нью-Жерси штатында Кыргызстандын эгемендик күнүнө арналган иш-чаралар уюштурулду. Анын алкагында "Азаттык" радиосунун кыргыз кызматынын түптөөчүсү Азамат Алтайдын 100 жылдык мааракеси белгиленди. Анда Азамат Алтайдын баскан жолу тууралуу "Азаттыктын" атайын тасмасы көрсөтүлдү.
Бир жылдан бери Ооганстанды "Талибан" кыймылы бийлеп келатат. 20 жылдан кийин бийликке кайтып келген талибдердин башкаруусуна кандай баа берсе болот? Алар бир жыл мурун берген убадаларын канчалык аткара алды? Дүйнө өлкөлөрү талибдердин бийлигин таанышы керекпи?
Өзбекстандын Каракалпакстан автоном республикасындагы соңку элдик толкундоодо 18 адамдын өмүрү кыйылды. Жүздөгөнү жараат алды, жоон топ адам камалды. Каракалпакстандагы кандуу тополоңго ким жооптуу? Эми республиканы эмне күтөт? “Биз жана дүйнө” программасынан көрүңүз.
Украинада мерт болгон кыргызстандыктардын бири согушка Чеченстан аркылуу кеткени ачыкка чыкты. Кыргыз жарандарын орус күчтөрүнүн катарына кошулууга ким же эмне жетелейт? Украин тарапта согушкан чет элдиктерди, алардын ичинде кыргыз, казакты кандай тагдыр күтөт?
Дагы жүктөңүз