Орусия Украинага кол салгандан бери Кремль эркин маалымат каражаттарынын ишин чектөөнү күчөттү. Тескерисинче мамлекеттик медианы каржылоо көбөйдү.
Украинанын орус аскерлеринен бошотулган аймактарынан жүздөгөн жай тургундардын сөөгү табылып жатат. Эл аралык уюмдар ондогон аялдар жана балдар да зордукталганы тууралуу кабар таратууда.
Быйыл кыргызстандыктар үчүн Британияга барып иштеп келүүгө жол ачылууда. Кыргыз өкмөтү эмгек мигранттарын кантип расмий жол менен уюшкан формада чет өлкөлөргө жибере алат? Жарандарды сыртка чыгарбай эле өлкөнүн өзүндө жумуш орундарын түзүп, кармап калуу үчүн эмне иштер жасалышы керек?
Украинада миңдеген кишинин өмүрү кыйылып, шаар-кыштактар талкаланып, калкынын чейреги жер которууга аргасыз болгон маалда Борбор Азия мамлекеттери так позициясын билдирбей, бейтарап калууну тандагандай.
Орусия Украинага басып киргенине туура бир ай болду. Бул согушта орус армиясынын катарында жүргөн 19 жаштагы кыргыз жигит каза болду. Тажикстанга согушта мерт болгон кеминде төрт жарандын сөөгү жеткирилди. Украинада кимдер согушууда? Кремль Украина боюнча өз максатын ишке ашыра албай калдыбы?
Украинадагы согуштун жана Орусияга киргизилген санкциялардын кесепети тууралуу Эл аралык валюта фондунун Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия боюнча департаментинин башчысы Жихад Азур "Азаттыкка" маек курду.
Украинага чабуулун улантып жаткан Орусия Евразия Экономикалык Биримдигиндеги мамлекеттерге дан азыктарын сатууга тыюу салды. Буудайды көп эккен Киев дагы экспортун токтотту. Бириккен Улуттар Уюму мындан улам элүүдөй мамлекетте азык-түлүк кымбаттай турганын эскертти.
Украинада согуш башталгандан бери украин жерегесинде жашаган Кыргызстандын 400дөй жараны үчүнчү өлкөлөргө чыгып кетти. Алар Польша, Венгрия, Чехия жана башка мамлекеттер аркылуу мекенине кайтышууда.
Орусияда болжол менен 1 миллиондой кыргызстандык эмгектенет. Алар Кыргызстанга жылына 2,5 миллиард долларга чейин которушчу. Бул өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн дээрлик 30% түзөт. Орус экономикасы артка кетип, жумуш орундары кыскарса, ал жакта эмгектенген мигранттардын жашоосу кандай өзгөрөт? Кыргызстан мекенине кайтып келген жарандарын жумуш менен камсыз кыла алабы? Ошол эле маалда Орусиядагы кризис мигранттарга кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат?
Украиналык Петр Верко орусиялык аскерлерден коркпой турганын айтат. Ал Киевдин түндүк-батыш жагындагы Горенка кыштагында жашайт. 3-мартка караган түнү орусиялык аскерлер бул кыштакты бомбалап, бир нече турак үйүн жок кылышкан.
Украинанын бир катар аймактарында улуттук армия менен өлкөгө басып кирген орус аскерлеринин салгылашуусу уланып жатат. Украинанын саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, куралдуу чабуулдарда 350 карапайым тургун, анын ичинде 16 бала курман болду. 360 миңден көп киши кошуна мамлекеттерге качты.
Орус күчтөрү Украинанын экинчи ири шаары Харьковго киргени кабарланды. 27-февралдын таңында баш калаа Киевдин айрым райондорунда катуу жарылуу болду. Президент Зеленский тынчтык сүйлөшүүлөрүнө даяр экенин, бирок мындай диалог Беларустун аймагында өтпөшү керектигин айтты.
Киев үчүн салгылаш уланып жатат. Украинанын өкмөтү Кызыл чырым уюмуна кайрылып миңдеген орус аскерлеринин сөөктөрүн мекенине жеткирип берүүнү суранды. Орусия каза болгон аскерлери тууралуу эч кандай маалымат бере элек. Кошуна мамлекеттерге он миңдеген украиналыктар качууга аргасыз болушту.
Украинанын борбору Киевден батыштагы Львов шаарына эвакуацияланып жаткан украиналыктар.
26-февралдын таңында Орусиянын армиясы аткан ракета Киевдин Соломенский районундагы Лобановский проспектисиндеги көп кабаттуу үйгө тийип, 18-20-кабаттар талкаланды. Куткаруучулардын маалыматында каза тапкандар жок экени, бир нече киши жараат алганы айтылды. Үйдүн жашоочулары чабуул болгон маалда баш калкалоочу жайда болушкан. Киевдеги метро токтоп, азыркы тапта эл жашынган жайга айланды.
Орусия Украинанын чыгышына аскер киргизүүнү чечти. Кыргыз президенти Москванын соңку чечими боюнча үн катты. Батыштын санкциялары Орусияны токтото алабы? Путиндин Украина жана мурдагы советтик республикалар тууралуу соңку риторикасы Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан үчүн кандай сигнал берет?
Батыш лидерлери Орусия Украинага кайсы маалда болбоcyн кол салышы ыктымал экенин эскертүүдө. Москва Беларустагы машыгууларга катышкан аскердик техникасын чыгарып кетип жатканын билдирди. Бул Киев менен Москванын тиреши дипломатиялык жолго ыктаганын айгинелейби же тескерисинче Орусиянын кезектеги "оюнубу"?
Кытайда криптовалюта өндүрүүгө тыюу салынгандан кийин Казакстан биткоин жасоодо экинчи орунга чыкты. Кыргызстанда болсо электр энергиясынын тартыштыгынан улам санариптик акчаны майнинг кылгандар чектелип турушат. Ал ортодо криптовалюта алып-саткан кыргызстандыктар арбып жатат.
Кыргызстан менен Венгриянын өз ара мамилелери акыркы маалда активдүү өнүгүп жаткандай. Октябрда Бишкекте кыргыз-венгер өнүктүрүү фонду, Кыргызстандын Будапешттеги элчилиги ачылды.
Батыш менен Орусиянын тиреши күч алды. Украинанын чек арасынын жанында жүз миңден ашуун орус аскери топтолуп турат. Орусия “НАТО Украинадан, Борбор Азиядан оолак турушу керек” деп катуу талап коюуда. Москва эмнени көздөйт? Бул маселеде Кыргызстандын позициясы кандай?
Дагы жүктөңүз