Нарындын бир нече айылынын жашоочулары З000 метрден ашык бийиктиктеги Солтон- Сары жайлоосунда он күндөп жатып алтын казышат. Алардын басымдуу бөлүгү Эмгекчил айылынын жашоочулары. Эл арасында "алтынчылар" деп аталган мыйзамсыз кенчилердин жазылбаган өз мыйзамы бар.
“Калыс-Ордо” жаңы конушу 2002-жылы негизделген. 2015-жылга карата андагы калктын саны 6347 адамды түздү. Эски мектептин тардыгынан окуучулар класстарда бир партада үч-төрттөн отурат.
“Азаттыктын” суроолоруна жооп берген Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев Ош шаарында жана башка аймактарда боло турган жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдык, универсалдуу паспорт тууралуу ой бөлүштү.
Оорулуу апасын инисине кошуп баккан 13 жашар Айчүрөк азыр жаңы батирде жашап, 8-мартты алгач ирет майрамдап жатканын айтып берди. Айчүрөк жакында эле Орусиянын “Биринчи каналынын” атайын программасына тартылып келген. Айчүрөк тууралуу “Азаттык” жазып чыккандан
Бүгүн 7-март күнү Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында пикет болду. Надежда Савченко аттуу украин учкучуна колдоо көрсөтүп, активист Өндүрүш Токтонасыров пикетке чыкты. Ал Орусия бийлигинен Савченкону бошотууну талап кылды.
Бүгүн Бишкектин №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда маммография кабинетиндеги дарыгерлер аялдарга акысыз кеңеш беришти. Иш-чара эмчек рагынын алдын алуу максатында өткөрүлдү. Жылына Кыргызстанда 500гө чукул аялда эмчек рагынын залалдуу шишиги аныкталып, алардын 17 пайызы өтүшүп кеткени билинет.
Кичинекей Анара 12 жаштагы байкеси жана апасы менен Бишкектин Келечек жаңы конушундагы төрт чарчы метрлик батирде жашайт. Анара сегиз жашка толсо да, эмгиче мектепке бара элек. Буга кыздын өнүгүүсү кечеңдеп жатканы себеп.
Цирк артисттери жашоосун тобокелге салып иштегени менен айырмаланышат.
9-февралда кечки саат онго жакын Элебаев менен Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы салынып жаткан 13 кабаттуу үйдө өрт чыкты. Өрт өчүрүүчүлөрдүн айтымында, "тилсиз жоого" электр жабдуулары себеп болгон.
Акыркы кездери коомчулукта дарыгерлердин шалаакылыгынын айынан бейтаптардын алды өлүмгө кабылып, арты майып болуп калып жатат деген кескин дооматтар көбөйдү. Адистер тиешелүү мыйзамдардын жоктугунан улам, дарыгерлерге катаал чаралар көрүлбөй калып, ал өз кезегинде дарыгерлердин адамдын саламаттыгына
30 жаштыгы Эмил Надырбаев 12 жылдан бери спорттун бодибилдинг түрү менен машыгат. Бала чагынан эңсеген спорттун бул түрү менен алектенип, республикалык бир нече турнирлердин жеңүүчүсү жана Борбор Азия чемпиону титулуна ээ болуп тынымсыз эмгектенип келет.
Бишкектин дайын-дарексиз тургундары
2015-жылдын сентябрында уюшулган ”Балдар үчүн ишеним телефону” ишке киргени белгилүү. 24 саат бою анда отурган кызматкерлердин айтуусунда, төрт ай аралыгында 151 миң 589 телефондук чалуу келип түшкөн. Албетте анда реалдуу кайрылуулар менен 280 адам чалган. Анын сексенин өспүрүмдөр түзсө, 200ү чоңдор
15 жаштагы майып кыздын өспүрүм курактагы топ бала эки жылдан бери зордуктап жүрдү деген арызы боюнча сот жарым жылдан бери бир ыктай чечим чыгарбай, созуп келатат. Ал ортодо, жабырлануучу тарап кылмышка шектелген балдардын ата-энелери кыздын өзүн сабап, үй-бүлөсүн коркутуп кеткенин айтып даттанып
Бишкектеги Орто-Сай базарынынын кожоюндары менен соодагерлер ортосунда талаш чыкты. Базар ээлеринин 26 контейнерди башка жакка көчүрүү аракетине анда иштеген соодагерлер каршы чыкты. Бул чырга айрым депутаттардын арачы болуу аракетинен майнап чыккан жок.
Бишкекке көчмө зоопарк келип, андагы жаныбарларды көрүүгө баргандар арбын.
Нарын районунун Куланак айылындагы Эшбай Токсобаев атындагы орто мектепте мультимедиа борбору иштейт.
Доллардын наркынын көтөрүлүшү менен өлкөдө соода-сатык сомго өттү. Мындан улам акча алмаштыруучу жайларда долларга муктаждык азайгандыгын анда иштегендер белгилешет. Ошол эле маалда доллардын наркы өскөн сайын баалар кымбаттап жатат.
КСДП, “Кыргызстан” жана “Республика - Ата Журт” фракциясынан айрым депутаттар ар бир бюллетендеги добуш берүүлөрдү байкоого алып жатышты. Добуш берген депутаттар өз ыктыяры менен бюллетендерди шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө көрсөтүп, андан кийин гана урнага салып жатышты.